Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:13

И. Кадырбеков: БШК эми толук көз карандысыз болот


Ишенбай Кадырбеков
Ишенбай Кадырбеков

Конституциялык кеңештин мүчөсү Ишенбай Кадырбеков БШКнын жаңы курамын түзүү, баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча суроолорго жооп берди.

- Ишенбай мырза, Борбордук шайлоо комиссиясын түзүүдө кризистик кырдаал пайда болгону айтылууда. Өткөндө БШКнын төрайымдыгына дайындалган Төлөйкан Исмаилова кызматтан баш тартып БШКнын курамы мурдагы мүчөлөрдөн куралып жатканына нааразы болуп, убактылуу өкмөт мүчөлөрү жана сизди БШКнын ишине кийлигишип жатат деп айткан эле. Ушул иштин чоо-жайына токтоло кетсеңиз?

- Бул таңкалыштуу нерсе болуп калды. Себеби убактылуу өкмөт бардык партияларга, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдарга сунуш кылган өз талапкерлериңерди бергиле, ар кандай топтон келген адамдар калыс шайлоону, референдумду өткөрсүн деп, ошонун негизинде түзүлгөн болчу. Төрайым болгон адам өзү макулдугун берип, өзү чакырып “мага түшүндүрүп берчи кандай дектерттер болду, кандай өзгөрүүлөр болду” дегенинен түшүндүрүп берген болчумун. Ал мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү БШКнын аппараты менен иштегенбиз, андан кийин аппараттын жакшы иштегенин айтып туруп кеткен болчубуз. Өзү шымаланып жакшы эле баштады эле, түн ичинде эмне болуп кеткени, ким кандай сөз кылганы белгисиз, эртең менен туруп алып эле жанагындай интервью бергенде биз барыбыз таң калып калдык. Кризис жок, себеби мына азыр кайра эле өкмөт сунуш кылды коомдук уюмдарга, алар өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтөт. Аны бекитип туруп, анан иштеп кете беришет.

- БШКнын системасын түп орду менен өзгөртүү керек деген пикирлер айтылууда азыркы жаңы БШК канчалык деңгээлде жаңыртылат, толук кандуу көз карандысыз боло алабы?

- Көз карандысыз боло турганга шарт түзүлүп атпайбы. Мына мисалы БШКга жети партиянын өкүлдөрү кирет. Булар бири менен атаандаш, бир жакка тартып кеткенге мүмкүнчүлүк жок. Ошол эле кезде партияга кирбеген уюмдардан алты адам келип атат. Анысы аз келгенсип БУУдан алты мүчөнү жиберели караганга деген да. Кеңеш берүү укугу менен аларга да мүмкүнчүлүк берилип бардыгы болуп он тогуз болуп атат. Анан ушундай шартта калыс болбогондо анан кандай болот?

- Шайлоо кодекси да жаңы иштелип чыгабы?

- Биздики кызык да, бир нерсе туура эмес болуп калса мыйзамды күнөөлөйбүз. Негизи мыйзам туура, биздин шартка ылайыкталып жазылган. Бүт бойдон чет өлкөлүк экспертизадан өткөн. Бирок ошону бурмалап, бузган бийлик болгон. Ошондуктан жанагы иштеп жаткан кодекске айрым бир өзгөртүүлөдү киргиздик бүгүнкү шартка жараша. Мисалы парламенттик шайлоо болгондо өзүңөр билесиңер 0,5 пайыз ар бир облустан алсын деп туруп “Ата Мекен” партиясын жоготуп ийбеди беле, ушуга окшогон туура эмес нормаларды жокко чыгардык. Ал эми негизинен эки бөлүктөн турат, экөө тең калыс шайлоо өткөргөнгө мүмкүнчүлүгү бар.

- Мына конституциянын жаңы долбоору коомчулукка талкууга коюлду, буга чейин парламенттик республика болот деп айтылды эле. Бирок айрым талдоочулар бул сунушталган долбоор жаңы конституция эмес, мурдагы баш мыйзамга эле өзгөртүү, толуктоо киргизилип, толук парламенттик башкаруу көрсөтүлбөгөндөй дешүүдө. Буга кандай дейсиз?

- Негизи бүгүнкү Кыргызстандын керектүү шартына жараша Конституция жазылды, жаңы Конституция деп аталат. Эми бул Конституция бардык өзүнүн схемасы, структурасы - бир эле граждандык укук. Граждандык укук боюнча биздин конституция дүйнөлүк экспертизадан өткөндө жакшы деп эсептелген бардык дүйнөлүк нормаларды алган. Андан кийин бийлик бөлүштүрүү главасы бар, парламенттик же президенттик болобу деген маселелер ошол жерден кымтылган. Мына көпчүлүгү билип, кээ бирлери билбей туруп элдерге туура эмес маалымат берип атат. Эмне үчүн үч бутак бийлик болот? Бул мыйзам чыгаруучу, аткаруу, анан сот бийлиги. Аткаруу бийлиги эң негизги күч мамлекетте. Бизде кандай болгон, эң негизги принцип - президенттик республика деп койбодукпу. Ошол аткаруу бийлигин президент дайындаган. Азыркы конституцияда элдин өкүлдөрү - депутаттар аткаруу бийлигин дайындап калыпка салганга эң негизги укукту парламентке берип атат.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG