Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Алмаз Атамбаев президенттикке ат салышат


Социал-демократиялык партиясынын лидери Алмаз Атамбаев президенттик шайлоодо ат салышат. Андыктан, ал парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу Атамбаев партиянын ишембиде өткөн алтынчы курултайында билдирди. Бул курултайда социал-демократиялык партия парламентке 7 талапкерди көрсөттү. Курултайда Алмаз Атамбаев өлкөдөгү саясий кырдаалга токтолуп, бийликти кескин сынга алды. Анын пикиринде, президент Аскар Акаев бийликти эмдиги жылы мыйзамга ылайык өткөрүп бербесе Кыргызстанда Түркмөнстандагыдай жеке адамдын бийлиги орнойт. Социал-демократиялык партияcына 6 жарым миң адам мүчө. Ал эми бул курултайга жер-жерлерден келген 200 делегат катышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG