Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:54

Президенттик жарышта өздөрүн негизги атаандаштар катары эсептеген талапкерлердин биринин дагы учурдагы сот тутумун оңдоо боюнча конкреттүү сунуштары жок.

Бул тууралуу билдирген президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөрдүн бири, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева соттордун өз алдынчалыгын камсыздап, жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн аларды тандоо усулу өзгөртүлүп, квалификациялык талаптар жаңыланышы зарыл экенин айтып чыкты.

Президенттикке талапкерлердин айрымдары өздөрүнүн жарыялаган алдын-ала платформаларында сот акыйкаттыгын камсыздоо маселесин көтөргөнү менен сот реформасын кандайча ишке ашыруу жолун сунуштаган эмес.

Сот тутумун жаңылоо шарты

Буга чейин президенттикке талапкерлиги көрсөтүлгөн саясатчылар сот тутумун реформалоо жана сот акыйкаттыгын камсыздоо маселеси боюнча платформаларында камтып кеткен жерлери бар. Бирок мына ошолордун биринде дагы сот тутумун өзгөртүүгө байланышкан соттук-укуктук реформа тууралуу конкреттүү сунуштар көрсөтүлгөн эмес.

Шайлоо жараянына байкоо салган талдоочулардын баамында, мунун өзү талапкерлер арасында өлкөдөгү эң эле көйгөйлүү маселеге кайдыгер мамилени түшүндүрөт. Буга чейин укук коргоочулар сотторду тандоо усулунун өксүктөрүн жана судьяларга карата квалификациялык талаптардын бошоңдугун сындап чыгышкан.

Бул тууралуу билдирген президенттик жарышка чыккан укук коргоочу Токтайым Үмөталиева негизги атаандаштарда сот тутумун реформалап, сот акыйкаттыгын камсыздоо маселеси боюнча конкреттүү иштелип чыккан даяр программалар жок экенин сындады:

- Президенттикке талапкерлер арасынан сот тутумун реформалоо боюнча татыктуу бир сунуш киргизген саясатчыны уга алган жокмун. Анан эми азыркы саясаттагылардын көпчүлүгү 2010-жылдан кийин сот тутумун талкалап тынышты. Партиялык командалар буга түздөн-түз жооптуу. Сотторду тандоо кеңеши деген институт аркылуу өзүнүн мүмкүнчүлүгүн билбеген соттор шайланып келишти. Анткени аларды өмүрүндө сотто иштеп көрбөгөн же мыйзамды жакшы түшүнбөгөн адамдар тандашты. Сот тандоо кеңеши кооптуу жана коррупциялык системага айланды. Ошонун натыйжасында билимсиз жана жоопкерчиликсиз соттор келип жатышат.

Саясатчыларды өкүнткөн “сот адилеттиги”

Экс-президент Роза Отунбаева сот жана прокуратура кызматкерлерине люстрация мыйзамын киргизмейинче сот адилеттигин камсыз кылуу мүмкүн эместигин билдирди.

Талдоочулардын баамында, президенттикке талапкерлердин арасында сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо жолдору жана толук кандуу сот акыйкаттыгын ишке ашырууга жөндөмдүү сот тутумун реформалоо боюнча "жарк" эткен сунуштар азырынча жарыялана элек. Талапкерлигин көрсөткөн жарандардын шайлоо алдындагы платформаларында бул маселе үстүртөн гана баяндалып, жалпы сөздөр жана курулай ураандар менен толукталган.

Анткен менен буга чейин сот жоопкерчилигине тартылган саясатчылардын бири, мурдагы парламент спикери Акматбек Келдибеков курултайда сот акыйкаттыгына карата ишенимдин жоктугун жон териси менен сезгенин айтып, учурдагы сот тутуму кардиналдуу өзгөртүүгө муктаж экенин белгилеген болчу:

- Адилеттүү сот тутуму түзүлмөйүнчө биздин демократиялык дөөлөттөр тууралуу сөз кылууга болбойт. Сот тутумуна азыр эч ким ишенбейт. Анын калк арасында кадыр-баркы калбады. Биз чуулуу, аяк-башы көрүнбөгөн сот реформасын түп-тамырынан бери өзгөртөбүз. Бийликке жана байлыкка сатылбаган, мыйзам менен чындык ким тарапта болсо, ошонун гана кызыкчылыгын коргогон сот акыйкаттыгын орнотушубуз зарыл.

Сот акыйкаттыгын камсыздоо жана натыйжалуу сот тутумунун иштешин жөнгө салуу маселеси 2010-жылдагы элдик ыңкылаптан кийин көтөрүлгөн эле. Мына ошол учурдагы элдик толкундоолордун себептеринин бири дагы сот акыйкатсыздыгы катары каралган. Ошондуктан буга байланыштуу 2011-жылдан тарта сот реформасын жүргүзүү боюнча президенттин астында атайын комиссия түзүлгөн эле.

Сот тутумун реформалоонун биринчи этабы катары сотторду тандоо усулу өзгөртүлгөн. Мурда судьяларды президент дайындап келсе, 2010-жылдагы Баш мыйзамга ылайык, мындай ыйгарым укук президенттен алынып, аны жарандык коом, парламент жана президент тарабынан көрсөтүлгөн Сотторду тандоо кеңеши жүргүзө баштаган. Бирок кийин Сотторду тандоо кеңеши парламенттеги партиялардын талашына түшкөнү сынга алынган болчу. Сотторду тандоо кеңеши аркылуу иргелген судьялар партиялык кызыкчылыкка карап, иш алып барып жатканы боюнча маселе көтөрүлгөн.

Жалпы сөз, үстүрт мамиле

Президенттикке талапкерлигин көрсөтүп жаткандардын дагы бири, коомдук активист Рита Карасартова сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо маселеси кайрадан күн тартибинде турганына токтолду:

- Азыр эми шайлоодо утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору делген эки-үч талапкердин программасын окудум. Бирок анда "акыйкаттык керек, адилеттик керек" деген сыяктуу эле жалпы сөздөр. Сот тутумун өзгөртүү боюнча кандайдыр бир белсенген демилгени жана аракетти көрө албадым. Анан алардын сот тутумун реформалоо демилгеси деле жыйынтык бербеши мүмкүн. Анткени алардын сөзү менен иши менен дал келген эмес. Мына ошол шайлоого олчойгон миллиондорду коротуп жаткан акчалуу талапкерлер президент болуп калса, сот бийлигине толук эркиндик бербейт. Алар азыркыдай эле сотторду пайдалануу менен өз кызыкчылыгын ишке ашырат. Анткени шайлоого кеткен чыгымдарын жаап, андан сырткары пайдага туйтунушу керек.

Карасартованын айтымында, калктын сотторго карата нааразылыгын басаңдатуу жана сот бийлигине карата ишенимди кайтаруу боюнча талапкерлердин программаларында кандайдыр бир жол-жоболор иштелип чыкканы азырынча белгисиз.

Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Талапкерлигин көрсөткөндөрдүн бири, "Республика" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов азыркы президенттин мезгилинде сот реформасы башталганын айтып, бирок коррупцияны ооздуктоо үчүн аны тереңдетүү керектигин билдирди:

- Коррупция өлкөнүн жана биздин элибиздин жакшы өзгөрүүлөргө карата үмүтүнө суу сээп жатат. Дүйнө жүзүндө бул маселени чечүүнүн жолу табылган. Биз деле бул көйгөйдү чечүүнүн жолун издей алабыз. Бул үчүн бизге күчтүү эрк гана керек. Коррупцияны түп-тамырынан жоюу үчүн сот реформасын жүргүзүү керек. Соттор чынында эле кагазда гана эмес, иш жүзүндө дагы көз карандысыз болушу шарт. Тандоо ачык-айкын жүрүшү керек. Мына ошол аркылуу таза, билимдүү жана принципиалдуу адамдар судьялыкка келиши зарыл. Ачык-айкындыкты камсыздоо негизги маселе. Анан дагы соттордун жоопкерчилигин күчөтүшүбүз керек.

Ошол эле кезде мурдагы судья Султангазы Касымов президенттикке талапкерлер сот тутумун курулай эле сындап, жалпылама баа берүү менен чектелгенин белгиледи. Анын айтымында, сот тутумун реформалоо тууралуу маселе көтөргөндө анын маңызын түшүнүү аркылуу теориялык жана практикалык сунуштарды киргизүү маселеси турат. Мурдагы судья Султангазы Касымов буга аң-сезимдүү жана жооппкерчиликтүү мамиле жасоо зарылдыгына токтолду:

- Азыр эми "соттордо тартип жок, коррупцияга малынган" деген сыяктуу жалпы сөздө менен эле сындап, бирок мына ошол көйгөйдү чечүүнүн жолдорун конкреттүү механизмдери менен сунуштаган талапкерлер болбой жатпайбы. Анан эми дүңүнөн эле "өзгөртөм, ооздуктайм, жоготом" деген менен сот тутумунда абал өзгөрүп кетпейт. Реформа дегенде биз биринчи кезекте жаңылоону түшүнөбүз. Мына ошондой жаңылануу болуш үчүн анын атайын иштелип чыккан программасы болушу зарыл. Сотторго талапкерлерди тандоо эрежелеринен тарта, аларды иргеп алуу жана бекитүүгө чейинки буга чейин эл аралык тажрыйба бар. Мына ошолордун кайсынысы бизге туура келет. Ошону талдап чыгып, анан гана мына ошонун негизинде чекесинен өзгөртүү жүрүшү керек. Ошол эле кезде тутум иштебей калбашы үчүн чекесинен үзүп-булкуп, каалагандай эксперимент жасоого жол берилбейт. Анда бул сот тутуму туңгуюкка кептелет.

Реформаны улантуу озуйпасы

Анткен менен Өмүрбек Бабанов мына ошонун бардыгы кандайча ишке ашырыла турганын конкреттүү сунуштар менен бекемдеген жок. Ошол эле кезде КСДП партиясынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков дагы буга чейинки сот тутумун реформалоо боюнча жүргузүлгөн иштерди жокко чыгарууга болбой турганын айтып, анын астында соттук реформаны натыйжалуу улантуу вазийпасы турганын кошумчалады.

Бийлик ишенген сот реформасы

Кыргызстанда сот реформасынын алгачкы баскычынын жыйынтыгы чыгарылууда.

Сооронбай Жээнбеков сот тутумун реформалоо эксперимент катары шашылыш жүргүзүлбөстөн, бул өтө эле аяр маселе болгондуктан ага кылдат мамиле керектигин айтты:

- Биз сот адилеттигин жана анын ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча иштерди аягына чыгарабыз. Сот акыйкаттыгын орнотуу бир топ убакытты жана энергияны талап кылат. Сот реформасы бир президенттик мөөнөт менен эле бүтпөйт. Аны андан ары карай алган багыт боюнча сөзсүз үзгүлтүксүз улантуу зарыл. Адамдын жана жарандын укуктарын коргоону камсыздоо үчүн биз буга чейин башталган сот реформасын аягына чейин чыгарып, анын натыйжалуу иш алып баруусун камсыздоону негизги максат катары алдык.

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков сот реформасын жүргүзүүнү тереңдетүү боюнча өзүнүн атайын программасы иштелип чыгып жатканын билдирди. Ал мына ошол программа шайлоо алдын өнөктүк учурунда коомчулукка жарыялана турганын белгилеген.

Кыргызстанда толук кандуу сот акыйкаттыгын ишке ашырууга жөндөмдүү сот тутумун түзүү маселеси өлкө эгемендик алган жылдардан бери көтөрүлүп келе жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG