Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:16

Кыргызстанда сот реформасынын алгачкы баскычынын жыйынтыгы чыгарылууда.

Президент Алмазбек Атамбаев сот реформасы боюнча кеңештин кезектеги жыйынында беш жыл аралыгында реформанын пайдубалы түптөлгөнүн билдирди. Ошол эле кезде өлкө башчысы сот системасы азыркы тапта көйгөйлүү тармак бойдон калып жатканын да кошумчалады. Азыркы бийликтин оппоненттери болсо, сот реформасында жылыш болбогонун, тескерисинче, үзгүлтүккө учураганын айтып, сындап келишет.

Сот реформасы боюнча кеңештин дүйшөмбү күнкү кезектеги отурумунда президент Алмазбек Атамбаев сот реформасынын алгачкы баскычынын жыйынтыктарына баасын берди.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, 2012-жылы сот реформасын үч багытта жүргүзүү мерчемделген. Атап айтканда, мыйзамдык базаны өнүктүрүү, соттордун кадрдык потенциалын күчөтүү жана сот тармагын каржылоону жакшыртуу максаты коюлган.

"Бул багыттар боюнча олуттуу жыйынтыктар болду" деп билдирди президент:

- Беш жыл ичинде кандай иштер бүткөрүлгөнүн көрүп таң калсак болот. Сот реформасынын үч багыты боюнча кеткенбиз. Биринчиден, мыйзамдардын өзүн даярдоо. Жети кодексти барактап чыкканча эле колуң ооруйт. Ошол мыйзамдарды талкуулап, талдап, кеңешип отуруп депутаттардын жардамы менен кабыл алдык. Кадр маселесин көрдүңөр. 31 жаштагы кызыбыз такылдап райсотту башкарып отурат. Таза иштеп жатканы көрүнүп турат. Бөлүнгөн каражатты карасаңар. Беш жыл ичинде бөлүнгөн каражат төрт эсе көбөйдү деп жаздым эле, беш эседен ашык көбөйүптүр.

Атамбаевдин пикирине караганда, өлкөдөгү судьялардын көпчүлүгү жаңыланып, пара алган, мыйзам бузган соттор кадыресе азайды:

- Мурунку судьялардын курамынан чечкиндүү түрдө кутулдук. Себеби көпчүлүгүнүн артынан жаман сөздөр ээрчип жүрчү эле. Эгерде реформанын биринчи жылдарын эстесек, ай сайын судьяларга кылмыш иши козголуп, камакка алынган учурлар болгон. Азыр болсо абал башкача, судьялар корпусу жаңыланды. Такыр башка баалуулуктары бар, башка адамдар келди.

Ошол эле учурда калк арасында соттордун дарегине сындар уланууда деп, сот системасы өлкөдөгү көйгөйлүү тармактардын бири бойдон калып жатканын белгиледи.

"Бирок башталган өзгөрүүлөрдүн пайдубалы бекем" - деди өлкө башчысы.

Кордолгон секелекти "эзген" сот

Укук коргоочулар зомбулукка кабылган өспүрүмдөр боюнча сот, тергөө иштери создугуп, укук коргоо органдары мыйзамга шайкеш мамиле жасабай жатат деп билдиришүүдө.

Эгемен Кыргызстан башынан кечирген эки ыңкылаптын башкы талаптарынын бири сот реформасы болгону белгилүү. Апрель ыңкылабынан кийинки бийлик сот реформасын жасоого ынтызарлыгын билдирип, 2012-жылы президентке караштуу атайын кеңеш түзүлгөн. Кеңеш реформаны тез ишке ашырууда мамлекеттик мекемелердин карым - катнашын жакшыртуу максатын көздөгөн.

Расмий маалымат боюнча ушул күнгө карата 447 судьядан турган соттор корпусунун үчтөн эки бөлүгү жаңырды. Төрт жыл аралыгында пара талап кылуу жана соттун жүрүм - турумуна туура келбеген аракеттери үчүн 20дан ашык судьяга кылмыш иши козголгон.

Президент баш болуп бийлик өкүлдөрү сот системасы реформаланып, анын алгачкы жыйынтыктарына канааттанганы менен бул тармакта өзгөрүү болгонуна ишенбегендер арбын. Соттор коррупциялашкан, аткаруу бийлигине көз каранды деген түшүнүк дале жашап жатат. Маселен, мурдагы юстиция министри Марат Кайыповдун пикиринде, сот бийлиги көз карандысыздыкка жетишти деп айтуу кыйын:

- Учурдагы бийлик каалаган кишилерин сотко алып келип, реформаны жасадым деп айтып жатат. Чын-чынына келгенде сот бийлиги толугу менен эле көз каранды болуп калды. Аны учурдагы саясий процесстерден көрүп жатпайбызбы. Кадрларды алмаштырып коюп, ийгиликтүү ишке ашты дебестен, комплекстүү түрдө өзгөрүү кылмайын эч бир жыйынтык болбойт.

Ошол эле кезде Жогорку Соттун мурунку төрагасы Курманбек Осмонов сот реформасынын ийгиликтүү ишке ашырууну бийлик башчылары эмес, жөнөкөй жарандар аныкташы керек экенин айтууда:

- Сот реформасынын жыйынтыгында сотко катардагы адам барып, өз укугун, эркиндиктерин коргой алса, чыгарылган чечимдер мыйзамдуу жана адилеттүү болсо, сот реформасынын жыйынтыгы болду деп айта алабыз.

Сот реформасынын башында тургандардын бири, коррупция айыбы боюнча айыпталган президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев сот системасынын кемчиликтерин жон териси менен сезгенин сотто айтканы бар.

Эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлдөрү жана жергиликтүү байкоочулар сот реформасын натыйжалуу жүргүзмөйүнчө өлкөнүн экономикасын көтөрүү мүмкүн эмес деп эсептешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG