Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Актоо чечимин ким териштирет?


Жогорку Кеңеште сотто акталгандарга байланыштуу маселе көтөрүлдү. "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев мындай жагдайда тергөө органдары жана прокуратура кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралышы керектигин айтып чыкты.

Кыргызстанда туура эмес кылмыш иши козголгон же тергелген, өкүм чыккан деген негизде жоопкерчилик каралган учурлар дээрлик жок экени белгиленди.

Адвокат Динара Медетованын айтымында, ал сотто жактаган адамдар арасында толук акталып чыккандар болгон. Бирок басымдуусу мыйзамсыз камалып, негизсиз кылмыш иши козголгонуна карабай арызданган эмес:

- Ошол адамдар акталып, соттун акыркы инстанциясынын өкүмү чыккандан кийин "силерге кылмыш ишти мыйзамсыз козгоп, мыйзамсыз камаганы үчүн прокурордун, тергөөчүнүн үстүнөн арыз жазалы" деген сунушту айтсам алар коркушат. Эгер ошондой арыз түшө турган болсо, кайра ачылган жаңы жагдайлар деген жүйө менен аларга да кылмыш иши козголуп калышы мүмкүн. Мыйзамда мына ушундай мүмкүнчүлүк каралган. Ошондуктан акталгандар бизди кайра камап коюшат деп коркуп, кутулганына сүйүнүп эле калып калышат.

Кыңыр иши калкып чыккан талапкерлер

Кыңыр иши калкып чыккан талапкерлер

Ички иштер министрлиги шайлоого ат салышкан 234 талапкерге кылмыш иши козголгонун айтып чыкты. Алардын 53ү боюнча сот чечими жок, үч талапкер издөөдө.

Жогорку Кеңеште 6-апрелде баш прокурор Индира Жолдубаева жылдык баяндама жасап соттордун актоо өкүмдөрүнө байланыштуу маселе көтөрүлдү.

"Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев былтыр 240тан ашуун адам акталганын, бул кылмыш иштердин теңине жакынын прокуратура органдары козгогонун маалымдады. Буга байланыштуу тергөө органдарынын жана прокуратуранын кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралбай жатканын сынга алды:

- Туура эмес, мыйзамсыз кылмыш иши козголгон, же болбосо аны көзөмөл кылбаган жетекчилерди, кызматкерлерди эмнеге жоопкерчиликке тартпайбыз? Ал беренелер эмне үчүн иштебей жатат? Бул соттордун күнөөсүнөн болуп жатабы же тергөөнүн сапаты начарбы? Эгер сапатсыз тергелсе, анда эмне себептен прокурорлор мындай иштерди сотко өткөрүп жатат? Болбосо ошол ишке катышкан судья менен прокурор сүйлөшүп алып актап жиберген жокпу? Ушул сыяктуу маселелерди биз жакшылап анализдешибиз керек. Бизге ондогон кайрылуу түшөт. Соттун чечими жок 48 сааттан ашык кармаган, тергөө абагында эки айдан ашуун соттун чечими жок отурган, жылдап сот чечими чыкпай жаткан фактылар көп.

Жогорку Соттун маалыматы боюнча баштапкы сот өкүмү боюнча арызданып, жогорку инстанцияларга кайрылгандардын саны жалпы иштердин он гана пайызын түзөт. Жылына жалпысынан болжол менен 150 миңден ашуун иш каралат.

Курманбек Осмонов
Курманбек Осмонов

Парламенттин мурдагы депутаты, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов ар бир актоо өкүмү боюнча органдар аралык комиссия түзүлүп, коллегиялык жыйындар болуп, талданышы керек деп эсептейт:

- Актоо өкүмдөрүнүн болгону жакшы көрүнүш. Бул соттор майда-чүйдөсүнөн бери иликтеп, жыйынтыкка келген учурлар. Прокуратура, тергөө органдары негизсиз иш козгоп, мыйзамсыз жоопко тарткан учурлар көп болуп жатат. Прокуратура менен тергөө орандардыкы чынбы, же соттордуку туурабы деген маселе дайыма турат. Бизде мыйзамсыз, негизсиз иш козгогону үчүн жоопкерчилик каралган, негизсиз кылмыш жоопкерчилигине тартканы үчүн өзүнчө берене бар. Адамдын тагдырына байланышкан иштерде сотко да, тергөөгө да калыстык, объективдүүлүк керек.

Мурдагы юстиция министри Марат Кайыповдун пикиринде, сотторго басым чоң, мындан улам сот өкүмдөрү ушул жагдайга көз каранды:

- Биздин сотторубуз кылмыш иштердин жок дегенде теңин акташы керек. Тилекке каршы, экинчи жагынан соттордун көз карандылыгы, мыйзамга эмес көнүмүш адатка баш ийип күнөөсү жок кишилерди соттоп койгон тажрыйба орноп калды. Азыркы учурда сот системасына басым абдан күчтүү.

Акыйкатчынын Баткендеги мурдагы өкүлү Хаиталы Айкыновдун баамында, сот чечимдерине байланыштуу мындан башка да маселелер бар:

- Бул сот ушунча ишти караган, анын ушунчасы экинчи, үчүнчү инстанцияда өзгөргөн деген маалымат жок. Мындай маалымат сөзсүз болушу керек, муну биздин жарандар билиши шарт. Соттолуп жаткан жаран анын ишин карап жаткан судья тууралуу билиши зарыл. Бул дагы сотторго карата ишенимдин же ишенбестиктин көрсөткүчү болуп эсептелет.

Кыргызстанда сот реформасы, тергөө органдарынын иши боюнча маселе көптөн бери айтылып келет. Президент Алмазбек Атамбаев ушул аптада 2013-2017-жылдардагы улуттук стратегия боюнча жыйында сот тармагын реформалоо башкы милдеттердин бири деп белгилеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG