Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

"Карапайым жарандар укуктук жактан сабатсыз"


Гүлгаакы Мамасалиева
Гүлгаакы Мамасалиева

24-октябрда БУУнун күнү белгиленет. 1945-жылы ушул күнү дүйнөлүк уюмдун уставы күчүнө кирген. Уюмдун биринчи документи катары Адам укуктары боюнча декларация кабыл алынган. Кыргызстан уюмга 1992-жылдан бери мүчө.

Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу "Интербилим" коомдук уюмунун Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандагы улуттук азчылыктар, аялдардын зордук-зомбулукка кабылганы, кыйноолордун азайбай, сот реформасы ишке ашпай жатканын айтып келе жатат. Бул жаатта эмне өзгөрүүлөр болууда?

Гүлгаакы Мамасалиева: Мисалга, Ош жана Жалал-Абад облустарын алсак, адам укуктарын толук коргой албай жатабыз. Анткени, сот реформасы толук бүтө элек. Мындан улам соттордун иши да солгун болууда. Район аралык соттордун жумуштары көп болуп, иштерди кароого жетишпей калган учурлар арбын. Көп иштер улам артка жылып, созулуп келет. Сот чечими чыккандан кийин деле сот аткаруучулар анын 30 пайызын гана аткарат. Бул көйгөй абдан көп учурайт. Ошондой эле менин байкоом боюнча карапайым жарандар укуктук жактан сабатсыз. Аларга жардамдашып жаткан укук коргоочулар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү соңку жылдарда куугунтукка көп кабыла баштады.

"Азаттык": Демек, адам укугу маселеси негизги көйгөй бойдон калды десек болот экен да. Кыргызстан БУУнун бул жаатта берген сунуштарын канчалык аткарууда?

Гүлгаакы Мамасалиева: БУУ адам укуктарын коргоо багытында өз милдетин аткарып келе жатат. Ар бир мамлекетке бул жаатта өз сунуштарын берет. Былтыр, мурдагы жылы Кыргызстанга 800гө жакын сунуш келген. Биз ошолордун көпчүлүгүн аткара элекпиз. Бирок коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстан уюмдун сунуштарын аткаруу боюнча алдыда. 2015-жылдын декабрында БУУда өткөн жыйында Орто Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн арасында Кыргызстанга эң алдыңкы деген баа берилген.

"Азаттык": Кайсы багыттагы сунуштар аткарылбай калууда?

Гүлгаакы Мамасалиева: Көбүнчө аялдар кабылган зордук-зомбулук, кыздарды ала качууга дагы деле бөгөт коюлбай жатат. Жашы жете электе турмушка чыгуу, өспүрүмдөрдүн арасындагы уруш-талаштар, жабык жайлардагы кыйноолор, психикалык жактан жабыркагандар менен ВИЧ-СПИДге чалдыккандардын укуктарын жакшы коргой албай жатабыз. Коомдук уюмдардын эркиндиги боюнча эрежелерди аткарууда да чоң көйгөй бар.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG