Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:12

Турдубекова: Ар бир бала мээримге бөлөнсө...


Өкмөт он жылга үй-бүлөнүн жана баланын укугун коргоо боюнча комплекстүү программа бекитти. Программа канчалык деңгээлде ишке ашат? Программаны түзгөн жумушчу топтун мүчөсү, “Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Назгүл айым, алдыдагы он жылга карата мындай программа кабыл алынганы жакшы жаңылык. Бирок кептин баары анын ишке ашырылуусунда жатат. Программада бекитилген тапшырмалар аткарыларына сиздин үмүтүңүз барбы?

Турдубекова: Кыргызстанда көптөгөн түрдүү программалар бар. Бирок мындай мазмунда, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программа да керек деп жарандык коом сунуштап жүрүп, өкмөт быйыл 18-мартта буйрук чыгарган.

Анда ушул программаны түзүү боюнча жумушчу топ түзүлсүн деп айтылган. Жумушчу топтун курамына жарандык коом өкүлдөрү да кирген. Жумушчу топ иштеп чыккан документтердин негизинде 18-октябрда “2017-2027-жылдарга карата үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча” программа түзүлдү. Буга чейин жумушчу топ тарабынан программанын концепциясын иштеп чыкканбыз. Азыркы учурда көрүлүүчү чаралардын үстүндө иштеп жатабыз.

Назгүл Турдубекова
Назгүл Турдубекова

“Азаттык”: Жарандык коом аралашканы кандайдыр бир деңгээлде ишенич жаратат. Бирок балдарды коргоодо алардын бала бакчаларга барып, мектептерден билим алуусу негизги көйгөй бойдон кала берүүдө. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар укугунун корголуусу, балдарды зомбулуктан коргоо маселелери да чечилбеген маселелердин бири болуп жатат. Программада бул маселелерди чечүү жолу каралганбы?

Турдубекова: Жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөр балдарын туугандарына, балдар үйлөрүнө таштап, миграцияга кетип жатышат. Зордук-зомбулукка кабылган балдардын саны азайбай жатат. Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген 28 миң баланын укугун коргоо жаатында бир катар иш-чаралар каралган. Ошондуктан, мындай маселелерди түпкү көйгөйүнөн тарта чечүү жагын карап жатабыз. Мындан тышкары балдарды зомбулуксуз тарбиялоо боюнча жаш ата-энелерди окутуу иштерин жүргүзүү да каралат.

“Азаттык”: Кыргызстандыктардын балдарын туугандарына, балдар үйлөрүнө калтырып, миграцияга кетүүнүн негизги себеби жумушсуздук деп айтылат. Өкмөттө жумуш орундарын түзүү боюнча программалар бар бекен?

Бактылуу эненин баласы жолдуу

Бактылуу эненин баласы жолдуу

Ата-энелердин бардыгы эле балдарынын мыкты билим алып, мектепте, жашоодо алдыңкылардан болуусун тилейт эмеспи. Айрыкча акыркы мезгилде балдарын түрдүү ийримдерге алып баргандардын саны да кескин көбөйдү.

Турдубекова: Ушул программа боюнча жүз айыл өкмөтү эксперимент катары алынат. Ал айыл өкмөттөрдө жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөр жана алардын мүчөлөрү каражат табууга мүмкүнчүлүктөргө окутулуп, үйрөтүлөт. Аларга социалдык насыялар берилип, алардын жакырчылыктан чыгуусуна колдоо көрсөтүлөт.

Бул эксперимент ишке ашса, аны өлкөнүн улам бир айыл-шаарларына жайылтуу жагы каралган. Биз бул программанын алкагында жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн бузулбай сакталып калуусун эле эмес, балдардын бирөөлөрдүн үйүндө же балдар үйлөрүндө эмес, толук үй-бүлөдө, ата-энесинин мээримин бирдей көрүп, чоңоюусун да камсыздоого аракет кылып жатабыз.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат!

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG