Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Бактылуу эненин баласы жолдуу


Жайлоо, Кыргызстан
Жайлоо, Кыргызстан

Ата-энелердин бардыгы эле балдарынын мыкты билим алып, мектепте, жашоодо алдыңкылардан болуусун тилейт эмеспи. Айрыкча акыркы мезгилде балдарын түрдүү ийримдерге алып баргандардын саны да кескин көбөйдү.

Жакында эле The Indepеndent гезити балдары ийгиликке жеткен ата-энелердин тогуз сырын жарыялашты.

Пенсильвания жана Дюк университетинин окумуштууларынын баамында, балдарды коомго эрте аралаштыруу ийгиликке жол ачат.

20 жыл бою илимпоздор 700 баланы сындан өткөрүп, алардын ичинен ата-энеси коомчулукка эрте кошкон, улуулар менен пикир алмашууну жашынан үйрөнгөн балдар жашоодо өз ордун оңой табарын аныкташкан.

Экинчи ачкычы - ата-эненин баланын келечегинен көптү үмүт кылып, максатты бийик коюусу. Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин окумуштуулары 2001-жылы төрөлгөн жети миңге чукул баланы изилдеп, алардын 57 пайызынын ата-энеси максатты бийик коё билгенден улам ийгиликке жетишкенин байкашты.

Иштеген эне балага үлгү

Үчүнчү ачкыч - апасы иштеген балдар да ийгиликке бир кадам жакындайт. Алардын балдары үй жумушуна, тиричиликке эрте аралашкандыктан жоопкерчилик сезими күчтүү болот.

Төртүнчүсү - үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалынын туруктуу болуусу жана барчылыкта жашоосу да ийгилик сырларынын бири. Колунда бар кишилердин балдары гана жетиштүү билим алып, ар тараптуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Бешинчи ачкычы - энеси жогорку билим алган балдардын дээрлик бардыгы окууга умтулат. Мичиган университетинин психологу Сандра Танг 2014-жылы 14 миң бала арасында изилдөө жүргүзүп, колледж жана университетти бүтүргөн апанын балдарынын көбү мектепте жана жогорку окуу жайында да ийгиликке жетерин аныктаган.

Эсепти эрте үйрөтүңүз

Алтынчы ийгилик ачкычы - ата-энелер балдарына канчалык математика менен эсеп негиздерин эрте үйрөтсө, ошончолук натыйжасы жакшы болору аныкталган.

АКШ менен Канадада 35 миң мектепке чейинки жеткинчектер байкоого алынып, ата-энеси үйүндө эсепти эрте үйрөткөндөрдүн интеллектуалдык деңгээли жогору болгону билинди. Жетинчи ачкыч балдары менен эң жакын мамиледе болгон жана сырдаша билген адамдар уул же кызын ийгиликке жетелейт. Кошмо Штаттарындагы Минесота университетинин психологдору канчалык ата-эне балага жакын болгон сайын ишеним артып, келечекке умтулуу жана үмүт да көбөйөт дешет.

"Эне стресси" баланы артка тартат

Менин эки кыз, бир уулум бар. Баарысы башынан эле китепке кызыгышат. Кыздарым да, уулум да үч жарым, төрт жашынан эле китепке кызыгып, тамга таанып шар окуп калышкан да.
Марат Эдигеев

Сегизинчи ийгилик сыры - стресс болбогон адамдардын балдары ийгиликтүү болот. Айрыкча эненин стресс болуусу баланын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.

Психология менен педагогикада «Эне стресси» синдрому баланы таасирленткен чоң фактор экенин Washington Post гезити жазат.

Тогузунчу ачкыч - жеңилгенин жана ийгиликке жетпей калганын моюнуна алган ата-энелердин балдары бактылуу жана акылдуу болушат.

Бул Батыш илимпоздорунун бала тарбиялоодогу чыгарган жыйынтыгы болду. Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы, үч баланын атасы Марат Эдигеевден да бала тарбиялоонун сырларын сурадык. Себеби анын үч баласы тең мыкты окуп, уулу өз күчү менен Нарындагы кыргыз-түрк балдардын лицейине өткөн:

- Ата-эненин баары эле баласы үчүн жашайт эмеспи. Биз балдарыбызды жаштайынан билимге кызыктырып, билим менен пайдубалын курганга көбүрөөк көңүл буруп жатабыз. Менин эки кыз, бир уулум бар. Баары башынан эле китепке кызыгат. Кыздарым да, уулум да үч жарым, төрт жашынан эле китепке кызыгып, тамга таанып шар окуп калышкан да. Кичинекей кездеринен эле адабий китептерди, жомокторду окуп берчүбүз. Бир аз эс тартканда чет тилдерге кызыгышты. Дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн чет тилдерди үйрөнүүсүнө азыр басым жасап жатабыз.

Марат Эдигеевдин айтымында, балдарга билим берүүдө шаар же айыл деген чек жок. Ал ата-эненин аракети менен баланын дээринен дейт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG