Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:08

Жооданбеков: Баланы үч жашка чейин тарбиялоо керек


Иллюстрация
Иллюстрация

Sony корпорациясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын баланы эрте жашынан тарбиялоого арналган “Үч жаштан кийин кеч” аттуу китеби кыргызчага которулду. Китепти белгилүү педагог Асылбек Жооданбеков которгон.

“Азаттык”: Бүгүнкү күнү ааламтордо же жалпы эле дүйнөдө балдарды жашынан тарбиялоого арналган китептер, нускамалар көп. Ошонун ичинен сиз Масару Ибуканын китебин тандап алып, которууңузга эмне себеп?

Жооданбеков: Баланы үч жашка чейин тарбиялоо маселеси Кыргызстанда аябай актуалдуу болуп турат. Биринчиден, бизде бала бакчалар жетишсиз. Экинчиден, көпчүлүк ата-энелер дагы деле балага тарбия, билим берүүнү мектеп жашына чейинки мекемелер, бала бакчалар, мектептер бериши керек деп жаңылыш ойлошот.

Ал эми Масару Ибуканын негизги идеясы – эненин курсагында жаткан кезинен тартып эле бала менен иштей баштоо керек. Андан кийин бала төрөлгөндөн баштап, үч жашка чейин баланын мээ клеткаларынын 70-80% калыптанып калат. Ошондуктан бул китептин эгер биз ата-эне катары бүгүн балдарыбызды үч жашка чейин жетишип, керектүү тарбияны, зарыл мүнөздү, пайдалуу адаттарды калыптандырып калбасак, үч жаштан кийин кеч болуп калат деген негизги идеясы бар.

“Азаттык”: Сиздин сөзүңүз менен китепке болгон кызыгуум арта түштү. Кадимки ата-энелердей эле мен да кайдан, бул китепти кантип ала алам?

"Үч жаштан кийин кеч" китеби
"Үч жаштан кийин кеч" китеби

Жооданбеков: Мен которгон бул китеп “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун жардамы менен жарык көрдү. Роза Отунбаеванын өзүнүн демилгеси менен чогуу акылдашып чыгардык десек да болот.

Бул китеп коммерциялык максатта чыгарылган жок, бул биздин социалдык иш-чарабыз. Ошондуктан 2-3-мартта Кыргызстан аялдарынын улуттук форуму Бишкекте өтөт. Ошол форумга өлкөбүздүн булуң-бурчунан эки жүздөн ашуун апа, эже-карындаштар келет, алардын колуна беребиз.

Мындан тышкары өзүбүздүн социалдык долбоорлор аркылуу китепти элдин бардык катмарына жеткирүүгө аракет кылабыз. Азыр бул китеп үч миң нускада чыкты. Эгер элден суроо-талап көп түшсө, дагы басылат.

“Азаттык”: Масару Ибуканын китеби, андагы баланы үч жашка чейин тарбиялоо нускалары биздин элдин мүнөзүнө канчалык туура келиши мүмкүн?

Жооданбеков: Масару Ибука - Sony корпорациясынын негиздөөчүсү, кесиби инженер. Анын бул китеби эң алгачкы жолу Жапонияда 1971-жылы чыккан. Ошондогу он жылда эле нускасы миллионго чейин жетип, дүйнө жүзүндөгү элдин көп суроо-талабын пайда кылган.

Асылбек Жооданбеков
Асылбек Жооданбеков

Бүгүнкү күнү кыргыздар болобу, башка эл болобу, баланы тарбиялоого маани бергендер үчүн бул китеп дагы деле популярдуулугун жоготпой келет. Бирок бул жерден биз китепти “укмуш, ушул китепти окуп, ошол боюнча тарбияласаңыз эле балаңыз гений болуп чыга келет” дегенден алыспыз.

Бул китепти окуганда өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрдү сын көз караш менен карап, ойлонуу менен окуп чыгышыбыз керек, ал китепти таанып-билишибиз керек. Ошондуктан ата-энелер, агай-эжекелер, тарбиячылар китепти талкуулашса, китеп тууралуу өздөрүнүн пикирлери менен бөлүшсө, анын кайсы жагын алсак деген ойлору менен бөлүшүп, китепке чыгармачылык менен караса деген тилегибиз бар.

Ар бир баланын өзүнө гана таандык өзгөчөлүгү, анын үйрөнүү, баамдоо багыты бар дегендей. Ошондуктан бул китепте баланын өзгөчөлүгүн эске алуу менен, анын өнүгүүсүнө чыгармачылык менен мамиле кылууга багыт берилет. Китеп үч жашка чейинки балага ата-эненин көңүлүн бурдурууга, анын потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө арналган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG