Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:00

БУУ укук коргоочуларды колдоду


Укук коргоочулар.
Укук коргоочулар.

БУУнун Адам укуктары боюнча Борбор Азиядагы бөлүмү Кыргызстандагы укук коргоочулардын коопсуздугуна тынчсыздануусун билдирди.

Уюмдун кыргыз бийлигине жана коомчулугуна жолдогон 12-октябрдагы кайрылуусунда өткөн жылдан бери мамлекеттик кызматта отургандардын укук коргоочуларга жана алардын ишмердигине терс баа берген билдирүүлөрү менен коркутуулары арбыганы белгиленген.

Укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева элди жарандык активисттерге, укук коргоочуларга каршы тукуруу жогорку бийликтин ишаратынан улам болууда деген ойдо.

- Аткаминерлер, депутаттар мыйзам бузулуп жатканын жакшы түшүнүшөт. Алар жарандык активисттердин пикири туура экенин да жакшы билет. Бирок, албетте, эч ким элдин алдында туура эмес кылып жатканын мойнуна албайт да. Мисалы, Жалал-Абад шаарынын мэри элдин үйүн буздуртуп жаткандагы бизге болгон мамилесин айтсак, ал бийликтегилерди, президентти туурап жатканы да. Президент өзү баш болуп эл алдында укук коргоочуларды сындап жатса, демек алар да ошол жол менен кетишет. Бул президентке жагынуу деп эсептейм. Мурда мындай орой аракеттер, көзгө илбестик аз болчу. Жергиликтүү депутаттар өздөрү элдин кызматында экенин түшүнүшчү, азыр болсо алар өздөрүн президенттин кызматчысы катары көрсөтүп жатат.

Исмаилова: депутаттар кечирим сурашсын

Исмаилова: депутаттар кечирим сурашсын

Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын вице-президенти Төлөкан Исмаилова мыйзам иштебеген, коррупция гүлдөп турган мамлекетте укук коргоочу үчүн ишмердик жүргүзүү опурталдуу деген пикирде.

- Укук коргоочу керек болсо өз үй-бүлөсүнөн да ажырашы мүмкүн. Азиза Абдирасулова экөөбүз Кыргызстанда көп жабык эшиктерди ачтык, киши бара элек жерлерге бардык. Аксы окуяларын унутпашыбыз керек. Адам укуктары ошол жерде тикелей көтөрүлгөн. Ошол мезгилде беш баласы менен көрбөгөн кордук көргөн Азиза азыр да кысымга туш болуп жатат. Учурда патриотпуз дегендер жана башка түшүнбөгөн адамдар келип алып, бизге психологиялык кысым жасап жатат. Булардын баарына бийлик жооп бериши керек. Ар бир жаран коркпостон каршы туруу керек.

2015-жылдан бери укук коргоочуларга терс мамиле күчөп, жада калса мамлекеттик кызматта отургандар тарабынан коркутуулар жогорулаганы жазылган кайрылуусун БУУнун Адам укуктары боюнча Борбор Азиядагы бөлүмү шаршемби күнү кыргыз бийлигине жана коомчулукка жолдоду.

Анда сентябрь айында Варшавада Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жыйынына катышкан укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилованын дарегине коомчулукта айтылган сөздөр, парламентчилер тарабынан баа берүү маселесинин көтөрүлүшү тынчсызданууга себеп катары көрсөтүлөт.

Ошондой эле билдирүүдө “Бир дүйнө - Кыргызстан” укуктук кыймылынын Оштогу кызматкерлеринин үйүнө былтыр УКМК тинтүү жүргүзгөнү, шаар бийлиги аларды “эл душманы” катары сыпаттаганы укуктук нормаларга дал келбеси да айтылат.

Абдирасулова: Керек болсо Атамбаевди да коргойбуз

Абдирасулова: Керек болсо Атамбаевди да коргойбуз
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:57 0:00

Буга чейин 18 бейөкмөт уюмду бириктирген "Кыйноолорго каршы коалиция" уюму президент Алмазбек Атамбаевдин 14-майда укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Төлөкан Исмаилова тууралуу айткан сөзүнө каршы протест билдирген болчу.

Анда "Укук коргоочунун иши көп учурда мамлекет жетекчилеринин саясатын, ишмердүүлүгүн сындоо менен байланыштуу болот. Бирок буга негативдүү мамиле жасоо туура эмес", деп жазылган.

Кыргыз өкмөтү бул кайрылуу боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев бул иш боюнча "Азаттыкка" кийинчерээк пресс-релиз таратыла турганын, учурда комментарий берүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугун билдирди.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG