Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Президент жаңы стратегия жазууну сунуштады


Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны. 3-апрель, 2017-жыл
Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны. 3-апрель, 2017-жыл

Бишкекте 3-апрелде президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жыйынга чогулду. Анда 2013-2017-жылдарга белгиленген улуттук стратегиянын жыйынтыгы чыгарылды жана 2040-жылга чейинки узак мөөнөттөгү стратегия жазуу зарылдыгы айтылды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен жазылган беш жылдык документте 80ге жакын ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, экономиканы тездик менен өнүктүрүү, 350 миңдей жумушчу орун түзүү, жакырчылыкты эки эсе азайтуу өңдүү дымактуу иш-чаралар каралган.

Атамбаев Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында 2013-жылы беш жылдык "жол картасын" кабыл алуу зарыл болгонуна токтолду. Айрым бир саясатчылар ага каршы чыкканын, өзү сынга кабылганын кеп кылды. "Депутаттар өз ара чырлары менен алек болуп, өкмөт дээрлик жыл сайын алмашып жаткан кезде мамлекетибиздин жок дегенде беш жылдык “жол картасы” түзүлбөсө, өлкөбүз сызга отуруп калмак", - деди Атамбаев:

- Ошол Улуттук кеӊештин биринчи отурумуна катышкандар азыр да арабызда отурат. Ошол күндөр эсиӊиздерде бардыр! 7-декабрь 2012-жыл. Свет өчүп калабы же жокпу деп отурабыз залда. Андан эки ай мурда, октябрда Ак үйдү басып алуу аракети болуп, жолдор буулуп, айрым администрациялар басып алынып турган кез. ОБОНдор, эл бузарлар күчөгөн кез. Жаңы жылда үйлөрдө свет, газ болор бекен деп отурган кез, кошуналарга жалдырап. Чет өлкөлүк саясатчылар менен журналисттер Кыргызстан өлкө катары болбой калды, 2-3 жылда жок болот, “failed state” деп жазып жаткан кез. Кудайга шүгүр, ал кез артта калды. Мына 4 жыл өтүп-өтпөй өлкөбүз түп-тамырынан өзгөрдү. Чыр-тополоӊ менен, жол жабуулар менен, мекемелерди басып алуулар менен өлкөбүздүн аты чыгып жатты эле, эми таза шайлоо менен, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен, Тарыхты эскерүү менен, реформалар менен бүт дүйнөгө таанылып жатабыз.

Президент 25 жылдык стратегиянын зарылдыгын түшүндүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

Жыйында Атамбаев жалпысынан бир саатка жакын сөз сүйлөдү жана анда 2013-жылдан берки жасалган иштерге кеңири токтолду. "Коӊшулар тургай, Европа башчылары силер соңку беш жылда эбегейсиз реформа жүргүздүңөр деп таң калып жатканын" айткан мамлекет башчы өзүнөн кийинки мураскерге байланыштуу сөздөргө да жооп кайтарды:

- Айрым саясатчылар, журналисттер макала да жазып жиберишти: “Атамбаев мураскер таппай кыйналып жатат. Анткени, мураскер аны коргоп, сактап калышы керек” деп. Бузукунун ою да бузук. Башка бирөөнү да өзүндөй бузуку көрөт. Ачык айтайын: мен Кудайдан гана корком. Мен элимдин алдында акмын, Кудай көрүп турат. Мага мени коргой турган, мени сактай турган мураскер кереги жок! Кыргыз элин коргогон, кыргыз тилин коргогон, кыргыздын рухун, кыргыздын тарыхын, кыргыздын маданиятын коргогон, эгемендүү Кыргызстанды коргогон ар бир кыргыз жараны – менин мураскерим! Ар бир кыргыз жараны! Анткени мен да кыргыз жаранымын, кыргыз элинин катарында, кыргыз көчүнүн катарында, элибиз Аксыда, Март, Апрель окуяларында тапкан адилет жолдо баратам. Биз баарыбыз ушул жолдун мураскерибиз. Манас атабыздын, бабаларыбыздын мураскерибиз. Эмки президентти болсо эл өзү шайлайт. Ал мага мураскер болобу, же Акаев, Бакиевге мураскер болобу – аны мезгил көрсөтөт.

Атамбаев соңку беш жылда жакырчылык 4,5% азайганын, эл аралык каржы институттары Кыргызстанды жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыгарганын дагы бир ирет белгиледи. Кыргызстан элин Казакстанда жашагандар менен салыштырып, элет жергесинде коңшу мамлекеттин кыштактарына караганда алда канча бардар жашоо өтүп жатканын айтты. Муну "мамлекеттин кирешесин акыйкат бөлүштүрүүнүн натыйжасы" деп түшүндүрдү.

Экономика, ЕАЭБ

Президент өз сөзүндө келтирген сандарга ынанбагандар да бар. Алардын бири экономист Эркин Абдразаков туруктуу экономикалык өнүктүрүү программасы аткарылбай жатканын эске салат:

- Негизинен бул жылдар аралыгында чоң-чоң долбоорлорду ишке ашырсак жакшы болот эле. Негизинен газ тармагын "Газпромго" берип, газ менен камсыз кылууну жөнгө салдык. Бул жакшы. "Кемин-Датканы" куруп, көмөк чордонду оңдоп, энергетикалык шакекчеден чыкканыбыз да туура. Бирок бул долбоордун баасы боюнча, кымбаттыгы боюнча маселе бар. Мына Бишкек жылуулук борборун да оңдоп жатышат. Мунун баасы дагы ойлондурат. Альтернативдүү жол куруп жатабыз. Бирок курган, оңдогон жолдорубуздун абалы бир-эки жылда эле начар болуп калып жатат. ЕАЭБге кирдик, бирок анын жакшы жактарын көрө элекпиз. Мугалимдердин айлыгы төрт эсе өстү, орточо маяна 14 миң болду деп жатышат. Бул эми жалган. Мына мен мугалим катары айтсам, мен наамдарым, 0,75 ставка менен араң 7-8 миң сом алам. Ушул жагынан экономисттер жакшылап талдап, биздин ажобузга түшүндүрүп берсе жакшы болот эле. Туруктуу экономикалык өнүктүрүү программасы боюнча ар жыл сайын 50 миң гектар жер өздөштүрүлүшү керек болчу. Бул маселе чечилген жок. Тышкы карыз, 4,3 млрд долларга жетти. Бул азыркы абалыбыздын көрсөткүчү да.

Мурунку вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Туруктуу өнүктүрүү кеңешинин жыйынында Улуттук стратегияда жазылган, бирок ишке ашпай калган же жарым-жартылай ишке ашкан долбоорлорго көбүрөөк көңүл бурулса болмок деген пикирде:

- Эгер бюджеттин көлөмүн карай турган болсок, өтө деле чоң өсүш байкалбай жатат. Экинчиси коопсуздук маселелери. Экономикалык өсүү болушу үчүн саясий туруктуулук керек. Коомдук-саясий абал азыр кандай абалда деп тереңирээк талданса жакшы болмок. Стратегиялык жактан алып караганда ЕАЭБге киргенибиз туура болгон. Бирок ошол эле мезгилде биз кандай кыйынчылыктарга туш келдик, биз күтпөгөн кандай тоскоолдуктар, кемчиликтер болду деп, ушул жагы көбүрөөк айтылса пайдалуу болмок. Эми мына жаңы, 2040-жылга чейин жаңы стратегия кабыл алынаарда ушунун баары эске алынышы керек.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан сот системасын реформалоого чоң даярдык көрдү деп билдирди. Жалпы судялардын үчтөн экиси жаңырганын мисал кылды. Сот акыйкаттуулугун камсыз кылуу максатында жаңы мыйзамдар кабыл алынганын, дагы мыйзам долбоорлор даярдалып жатканын маалымдады.

Президент ошондой эле коррупцияга каршы күрөш тууралуу сөз кылды. Соңку беш жылда жети миңге жакын кылмыш иши козголгонун, эң жогорку бийлик өкүлдөрүнө кылмыш иш козголгонун жетишкендик катары баалады.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова сот тармагын реформалоо, паракорчулукка каршы күрөш сандык көрсөткүчтөр менен гана чектелип жатканын сынга алды:

- Сот реформасы башында кандай иштеп жаткан, азыр кандай иштеп жатат, эмне өзгөрдү деген далилдүү сөздөр болушу керек. Азыр сот адилеттүүлүгүнө ишеним канчалык көбөйдү деген сандар болушу керек. Ал эми судьялар алмашты, алмашкан жок деген бул сандык гана көрсөткүч. Биз сапаттык көрсөткүчкө көңүл бурушубуз керек. Биз азыр сотко ишеним жок экенин көрүп жатабыз. Эми коррупция менен күрөш деген канча бир чиновникти отургузуп, кайра чыгаруу эмес да. Коррупциянын азайганын тууралуу сандар болушу керек. Пара берүү токтоду, токтогон жокпу деген суроолор коюлуп, ошого так жооптор болушу керек.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

Элдик курултай

Президент жыйында Элдик курултай боюнча пикирин билдирип, Баш мыйзамдын 52-беренесин колдонууну сунуштады. Ага ылайык, Кыргызстандын аймактарынын, айылдарынын кызыкчылыгын коргогон, айыл өкмөт башчылары, шаар мэрлери, айылдык кеңештин өкүлдөрүнөн турган, бүткүл элдик добуш менен шайланган чыныгы элдик курултайга ээ болуу оюн ортого салды. Атамбаевдин пикиринде, элдик курултай жылына бир-эки жолу жыйынга чогулуп, анда кабыл алынган чечимдерди бийликтин бардык бутагы аткаргыдай болушу керек.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, белгилүү юрист Мукар Чолпонбаев Баш мыйзамда Элдик курултайдын макамы так аныкталбай калганын жана кабыл алынган чечимдер сунуш катары гана берилет деп көрсөтүлгөнүнө токтолду. Мындан улам Элдик курултай бийликтин куралына айланып калышы мүмкүн деп эскертет:

- Баш мыйзамда элдик курултай деген же коомдук уюм эмес, же мамлекеттик орган эмес. Анын макамы так аныкталган эмес жана курултайда кабыл алынган чечимдер сунуш ирээтинде гана деп жазылып калган. Эми ушундай маселелерди тактайбыз деп мындан үч жыл мурун Жогорку Кеңешке берилген. Долбоор биринчи окуудан өткөн, бирок экинчи окуусу ушул кезге чейин өтпөй турат. Бул жерде курултайдын делегаттары кандай шайланышы керек деген маселе сөзсүз каралышы керек. Эгер аны бийлик органдарына берип кое турган болсок анда бул мурунку президент Курманбек Бакиевдин "Ынтымак" курултайына окшоп бийликке гана кызмат кылган курал болуп калат.

Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

"Жол картасы"

Улуттук кеңештин жыйынына катышкан Жаш ишкерлер ассоциациясынын Бизнес биримдигинин аткаруучу директору Руслан Акматбек 2013-2017-жылдардагы “жол картасынын” жыйынтыгы чыгарылганын кубаттап, өнүктүрүү стратегиясын талкуулоого жалпы коомдун активдүу катышуусун сунуштайт.

- Бизге 2013-2017-жылдардагы стратегиялык өнүктүрүү программасынын алдын ала жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди. Бул документтин бир артыкчылыгы бардыгын белгилей кетүү керек. Бул “жол картасынан” жыйынтык чыгып жатат. Бул абдан маанилүү, эгемендик алгандан бери ушуга окшогон документтен алгачкы жолу жыйынтык чыгып жатат десек болот. Бирок корутунду, жыйынтык аткаруу бийлиги гана эмес, эксперттер, бизнес чөйрө, жарандык коомчулуктун катышуусу менен чыгарылса. Жетишкендиктер менен чогуу эле бир топ кемчиликтер болду, алар да эске алынмак. Буга чейинки “жол картасынын” жыйынтыгына тийиштүү баа берилбей калса, 2040-жылга чейинки стратегиялык программанын кемчиликтер менен кабыл алынып калуу тобокелдиги бар. Анткени өнүктүрүү стратегиясы бул бир гана аткаруу бийлигинин эмес, жалпы коомчулуктун активдүү катышуусун талап кылган бир маанилүү документ. Муну жалгыз эле аткаруу бийлигине жүктөп койсок, анда анын бириктирүүчү ролу жок болуп атат.

Атамбаев сөзүнүн соңунда кийинки президенттикке талапкерлерге кайрылды. Аларды кыргыз жерин, кыргыз элин "уурулардан, мародерлордон, эл бузарлардан" коргоого чакырып, эгемендүүлүктү, демократияны, эркиндикти сактоого үндөдү.

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү кеңешинин жыйынында 2040-жылга чейинки Улуттук стратегиянын долбоорун быйыл жай айларында даярдоо чечими кабыл алынды. Документти күздөгү президенттик шайлоого чейин кабыл алуу макулдашылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG