Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:20

ЕАЭБ: өнөктөштөр теңсиздикке нааразы

Бишкекте 7-мартта өткөн Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешмесине Орусиядан Дмитрий Медведев, Казакстандан Бакытжан Сагинтаев, Беларустан Андрей Кобяков, Армениядан Карен Карапетян жана Кыргызстандан Сооронбай Жээнбеков катышты. Бишкек, 7-март, 2017-жыл

Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагында товарларды, кызмат көрсөтүүнү жана капиталды эркин жүгүртүүгө тоскоолдук болуп, жасалма чектөөлөр коюлганы сынга алынды.

Кайым айтышуунун себеби

7-мартта Бишкекте өткөн уюмдун өкмөттөр аралык жыйынында Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков менен Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев өз ара кайым айтышканга чейин барышты.

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.

Андрей Кобяков расмий Минск Орусия мунайга бааны жогору кармоо менен аны Беларуска экспорттоого чектөө койуп жатканын дагы бир ирет кайталады. Ал буга карата Евразиялык экономикалык комиссия эч кандай чара көрбөгөнүнө нааразылыгын билдирди. Ошентип кеңешменин бул жолку интригасы беларустун өкмөт башчысы Андрей Ковяковтун билдирүүсүнө байланыштуу болду. Ал Беларус уюмга кирип жатканда бекитилген макулдашуунун шарттары аткарылбай жатканын сындады. Андрей Кобяков беларус жетекчилиги былтыр декабрь айында Санкт-Петербургда өткөн жыйынга катышпай койушуна Орусияга карата нааразылыгы себеп болгонун белгиледи. Бирок Кобяков эки ортодогу чыңалган мамиле мына ошондон бери жөнгө салына электигин билдирди:

- Бүгүнкү күнү Евразия экономика биримдигинин алкагында түзүлгөн укуктук база аткарылбай жатат. Мына ушуга байланыштуу биз Орусия чектөө киргизген мунай-газ тармагындагы маселенин чечилбей жатканына кабатыр экенибизди билдиребиз. Мындагы эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуунун шарттары сакталбай жатканын белгилейбиз. Бирок ошого карабастан Евразиялык экономикалык комиссия эч кандай чара көрбөй жатат. Ошондон улам ар кандай жаңы тоскоолдуктар жана чектөөлөр кирип жатат.

Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков (ортодо).

Кремлдин жообу

Беларус премьер-министринин мындай билдирүүсүнө карата Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев курч мүнөздө жооп кайтарды. Дмитрий Медведев беларус премьеринин дооматын четке кагып, расмий Минск биримдиктеги укугун кыянатчылык менен пайдаланып, Орусияны опузалап жатат деп айыптады. Ошондой эле Дмитрий Медведев Беларус өкмөтү уюмга киргенин колко кылып, улуттук кызыкчылыгын негизсиз жерден көтөрүү менен Орусияны опузалап жатат деп айыптады:

- Жол берилгис кырдаал пайда болуп жатат. Мындай абал опузалоо менен барабар. Биримдиктин укугунан кыянатчылык менен пайдалануу кабыл алынбайт. Союзга кирген мүчө мамлекеттердин бардыгы кызматташтык боюнча бир топ жеңилдиктерди алышканына көңүлүңүздөрдү бурат элем. Мисалы, Орусиянын эмгек рыногу кенен ачылды. Ошондой эле бул уюмга кирбеген болсоңуздар азыр газды европалык баада сатып алмаксыздар.

Дмитрий Медведев.
Дмитрий Медведев.

Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңешмесинин кеңейтилген жыйынында Беларус менен Орусиянын ортосундагы бул курч маселе ачык бойдон калды. Андан соң кеңешме күн тартиби боюнча маселелерди кароого өтүп, экономикалык биримдиктин аймагына аткезчилик менен кирген товарлардын агымына каршы чараларды талкуулады. Анан интеграциялык мүмкүнчүлүгү бар тармактарды аныктоо жана аларды өз ара колдонуу шарттарын иштеп чыгуу маселеси каралды.

"Чечимдер кагазда калбаса"

Кыргызстандын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков чечимдерди кабыл алууну жөнөкөйлөштүрүү жана анын шарттарын өз убагында аткаруу механизмдерин киргизүүнү сунуштады:

- Кыргызстан Евразиялык экономикалык уюмдун башкаруу органдарында чечим кабыл алуу эрежелерин жөнөкөйлөштүрүү демилгесин көтөрөт. Биз чечимдер өз убагында кабыл алынып, маселелер өз нугу менен чечилишин белгилейт элек. Практикалык кадамдар гана интегарциялык жараян боюнча коомчулуктун пикирин өзгөртөт деп эсептейм.

Буга жооп катары Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев расмий Астана Кыргызстан Евразиялык биримдикке кирерден мурун убада кылган каржылык жардамдын жарымын жакында берүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Бахытжан Сагинтаев.
Бахытжан Сагинтаев.

2012-жылы Казакстан Кыргызстанга көргөзө турган каржылык жардамдын көлөмү 100 миллион АКШ доллары деп жарыяланган болчу. Жыйындын аягында Евразиялык экономикалык комиссиянын мүчөсү Татьяна Валовая Кыргызстан биримдиктин шарттарына батыраак ыңгайланышып жатканын айтып, анын экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырганын билдирди.

Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык жыйынында жалпысынан 14 маселе каралып, он документке кол койду. Алардын арасында Контрафактка каршы күрөшүү боюнча эл аралык форум, 2015-2016-жылдардагы ЕАЭБдин алкагындагы соода алакасы, үчүнчү өлкөлөрдө чыгарылган айыл чарба техникаларын жана машиналарды биримдиктин алкагында чыгаруу жана аларды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо сыяктуу маселелер бар.

ЕАЭБ: өкмөт башчылар Бишкекте

Өткөн аптада Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши вице-премьерлердин деңгээлинде чогулган. Бүгүн Бишкекте өтө турган саммиттин күн тартиби ошондо кабыл алынган.
1/27 Өткөн аптада Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши вице-премьерлердин деңгээлинде чогулган. Бүгүн Бишкекте өтө турган саммиттин күн тартиби ошондо кабыл алынган.
Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешме өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери катышат.
Орусиядан Дмитрий Медведев, Казакстандан Бакытжан Сагинтаев, Беларустан Андрей Кобяков жана Армениядан Карен Карапетян жана Кыргызстандан Сооронбай Жээнбеков кеңири жана тар чөйрөдө экономикалык орчун маселелерди талкуулашат. Бир катар документтерге кол коюлат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьерлердин баары Бишкекке 6-мартта келишкен.
2/27 Орусиядан Дмитрий Медведев, Казакстандан Бакытжан Сагинтаев, Беларустан Андрей Кобяков жана Армениядан Карен Карапетян жана Кыргызстандан Сооронбай Жээнбеков кеңири жана тар чөйрөдө экономикалык орчун маселелерди талкуулашат. Бир катар документтерге кол коюлат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьерлердин баары Бишкекке 6-мартта келишкен.
Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешме өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери катышат.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылы мүчө болгон. Бирок уюмдун&nbsp;кээ бир талаптарын&nbsp;аткарууда&nbsp;кемчиликтер&nbsp;бар экенин өкмөт өзү да белгилеп келет.<br />
Саммитке байланыштуу 6-7-март күндөрү Бишкектин негизги көчөлөрүнө унаа кыймылына чектөө киргизилери эскертилген.
3/27 Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылы мүчө болгон. Бирок уюмдун кээ бир талаптарын аткарууда кемчиликтер бар экенин өкмөт өзү да белгилеп келет.
Саммитке байланыштуу 6-7-март күндөрү Бишкектин негизги көчөлөрүнө унаа кыймылына чектөө киргизилери эскертилген.
Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешме өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери катышат.
Армения Республикасынын Премьер-министрин &laquo;Манас&raquo; Эл аралык аэропортунда&nbsp; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.<br />
4/27 Армения Республикасынын Премьер-министрин «Манас» Эл аралык аэропортунда  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.
Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешме өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери катышат.
Казакстан Республикасынын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев келди баштаган делегация&nbsp;&laquo;Манас&raquo; Эл аралык аэропортунда.
5/27 Казакстан Республикасынын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев келди баштаган делегация «Манас» Эл аралык аэропортунда.
Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешме өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери катышат.
Казакстан Республикасынын премьер-министрин &laquo;Манас&raquo; Эл аралык аэропортунда&nbsp; Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев &nbsp;тосуп алды.
6/27 Казакстан Республикасынын премьер-министрин «Манас» Эл аралык аэропортунда  Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев  тосуп алды.
Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешме өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери катышат.
Армения Республикасынын премьер-министри Карен Карапетян баштаган делегация&nbsp;&laquo;Манас&raquo; Эл аралык аэропортунда.
7/27 Армения Республикасынын премьер-министри Карен Карапетян баштаган делегация «Манас» Эл аралык аэропортунда.
Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешме өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери катышат.
&nbsp;
8/27  

9/27

&nbsp;Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков баштаган делегация&nbsp;&laquo;Манас&raquo; Эл аралык аэропортунда.
10/27  Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков баштаган делегация «Манас» Эл аралык аэропортунда.
Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешме өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери катышат.
Беларусь Республикасынын Премьер-министрин &laquo;Манас&raquo; Эл аралык аэропортунда&nbsp; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.<br />
11/27 Беларусь Республикасынын Премьер-министрин «Манас» Эл аралык аэропортунда  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.
Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешме өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери катышат.
Негизги маселе катары уюмга мүчө өлкөлөрдө азык-түлүк же башка каражаттарды иштеп чыгарууда жана сатууда бирдиктүү талаптар каралмакчы.
12/27 Негизги маселе катары уюмга мүчө өлкөлөрдө азык-түлүк же башка каражаттарды иштеп чыгарууда жана сатууда бирдиктүү талаптар каралмакчы.
Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешме өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери катышат.
Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасын &laquo;Манас&raquo; Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.
13/27 Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасын «Манас» Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.
Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешме өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери катышат.
Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медеведев баштаган делегация&nbsp;&laquo;Манас&raquo; Эл аралык аэропортунда.
14/27 Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медеведев баштаган делегация «Манас» Эл аралык аэропортунда.
Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешме өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери катышат.
15/27

16/27

17/27

18/27

19/27

20/27

21/27

22/27

23/27

24/27

25/27

26/27

27/27

Артка
Алдыга

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Куржундар
XS
SM
MD
LG