Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:56

Президент Алмазбек Атамбаев 2040-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегия жазарын шардана кылды.

Мындан туура төрт жылдай мурун президенттин жеке демилгеси менен 2013-2017-жылдар аралыгына белгиленген улуттук стратегия кабыл алынган.

Документте жакынкы беш жылда 80ге жакын ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу, экономиканы дүркүрөтүп өнүктүрүү, 350 миңдей жаңы жумушчу орун түзүү, жакырчылыкты эки эсе азайтуу өңдүү дымактуу иш-чаралар каралган эле. Эң негизгиси – туруктуулукту камсыз кылуу үчүн өлкөнүн Баш мыйзамы өзгөрбөшү керек деп да белгиленген.

Стратегиядан стратегияга...

Нарын Кыргызстандын жакыр региондордун бири. Мындан төрт жылдай мурда жазылган улуттук стратегия боюнча аймакта бир катар ири энергетикалык долбоорлор ишке ашып, экономика өсүп, жүздөгөн жумушчу орундар түзүлүшү керек эле.

Облустук акимчиликтин өкүлү Элмира Турганбаева 2013-жылдан бери жасалган иштер тууралуу учкай айтып берди:

- Учурда Нарын-Торугарт жолун оңдоо иштери бүттү. Ак-Талаа районундагы Ак-Сай дарыясындагы башкы суу тосмо курулмасын реабилитиациялоо иштери аяктады. Андан сырткары Ат-Башы ГЭСин оңдоо, Жогорку Нарын каскадына төрт ГЭС куруу, Жумгал районунда суу сактагыч куруу, андан сырткары Кара-Кече жылуулук электр станциясынын курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу долбоорлору болчу. Булар ишке аша элек.

Кара-Кечеге кызыккан инвестор жок

Кара-Кече көмүр кенине жылуулук электр борборун куруу долбоору тээ союздун тушунан бери эле көтөрүлүп келе жатканы белгилүү. Мурдагы президенттердин тушунда улам бир коомчулуктун назарына илинип, кайрадан коңулга калтырылып жүргөн бул долбоор өткөн жылы экс-премьер-министр Темир Сариев тарабынан кайра көтөрүлгөн.

Азыр эми Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСтин курулушу арсар болуп турат. Ат-Башы ГЭСин оңдоо дагы белгисиз мөөнөткө калды. Кара-Кече жылуулук борборун куруу кандай чечилери белгисиз.

Өкмөт өзүнүн токтому менен Нарында 2017-жылга чейин 26 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу тапшырма берген эле. Элмира Турганбаева анын төртөө гана ишке ашканын маалымдады:

- Булар мына Нарын шаарындагы Төш-Булак участкасын таза суу менен камсыз кылуу долбоору, Жумгал районундагы Көкөмерен дарыясына көпүрө куруу, ушул райондун Чаек айылында АЗСтин курулушу, Түгөл-Сай айылына таза суу түтүктөрүн орнотуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Калган 22 долбоор акча жоктугунан токтоп турат. Бирок эмдиги жылы ушул долбоорлордун баарын ишке ашыруу боюнча болгон аракетибизди жумшайбыз.

Баткендин Кадамжай районунда калкты жер менен камсыз кылуу, жаңы жерлерди өздөштүрүү, ирригациялык системаны жакшыртуу өңдүү орчундуу маселелер бар. Район акими Акрам Мадумаров иштер жасалып жатканын айтып берди. Ага ылайык, ишке ашкан ири долбоорлордун үзүрүн карапайым калк азырынча көрө элек:

- Кудай буюрса, мына быйылкы жылдын аягында Бүргөндү массиви пайдаланууга берилип жатат. Бул курулуштун натыйжасында жалпы 3,5 миң гектар жер өздөштүрүлдү. Ал жерге 700 жана 500 гектарына генплан түзүлүп ал жерге жаңы айылдарды куруу каралган. Бул жерде кыргыз-өзбек чек арасынын бекемделишине шарт түзүлөт, ошондой эле чек ара аймагынын өнүгүшүнө чоң өбөлгө болот. Бизде жер тартыш болгондуктан ички жана сырткы миграциянын деңгээли башка облустарга караганда жогору. Бир эле Бүргөндү массивин өздөштүрүүдөн 20 миңдей адамды жайланыштырып, жакынкы жылдары чоң калктуу аймакка айландырууга мүмкүнчүлүк жаралды. Андан сырткары Кара-Кыштак-Боз каналын куруу 90-жылы эле башталып, эч бүтпөй жатты эле. Мына быйыл анын курулушу аяктап жатат. Натыйжада 500 гектар жер өздөштүрүлөт, элди жайгаштырууга, айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө шарт түзүлөт.

Кадамжайга соңку төрт жылда республикалык бюджеттен жана эл аралык донорлордон 1,5 миллард сом келген. Азыр тогуз мектеп курулуп жатат. Төрт жылда 11 бала бакча 33 болуп көбөйдү. Аким Акрам Мадумаров ишбилги адистердин аздыгы өңдүү кемчиликтерге да токтолду:

- Кемчиликтер кээде ушул жеке жетекчинин деңгээлинин жетишпегенине, кадр маселелеринин жакшы чечилбегенине байланыштуу болуп жатат. Биз муну толук моюнубузга алабыз. Айрыкча Баткен облусунда кадр маселеси абдан оор. Бирок ага карабай кичине болсо дагы улуттук стратегиянын алкагында жакшы жылыштар болду деп айтсак болот.

2013-2017-жылдарга белгиленген стратегия ишке ашпай, дээрлик унутта калган чакта Алмазбек Атамбаевдин дагы 2040-жылга чейинки улуттук стратегия жазарын билдиргени күтүүсүз болду. Бул тууралуу мамлекет башчы соңку маалымат жыйында шардана кылды. Төрт жыл мурда жазылган, чоң сөз болгон, дымактуу иш-чаралар камтылган беш жылдык документти учкай гана эстеди, бирок анын жыйынтыгы тууралуу сөз да кылган жок:

Тарых тактыкты сүйөт

Улуу кыргыз каганаты Барсбек өлгөндөн кийин, Х кылымдын 840-жылы пайда болгон. Бул мезгилде кыргыздар Уйгур каганатынын курамынан чыгып, өз алдынча кубаттуу державаны негиздеген.

- Убагында Туруктуу өнүгүү стратегиясы деп жазып жатканда, мунун эмне кереги бар деп баары мени сындады эле. Өлө албай жатып 2017-жылга чейин деп жазып эмне кылабыз дешкен. Мына Кудай буюрса азыр өргүүгө чыгып алып 2040-жылга чейинки стратегияны жазып баштайын деп жатам. 2040-жылы Кыргызстан чоң мааракесин өткөрөт. Кыргыз каганатынын 2200 жылдыгы болот. Мына, шериктеш мамлекеттердин бир тобу жок кезде бизде Сибирден Азияга чейин каганат болгон. Менимче, биздин беш жыл ичинде жетишкендигибиз биз Кудайдын жардамы, элдин ишеничи менен элдин духун ойгото алдык. Ошол эле 1916-жылды бизден башка бул региондо эч ким белгилеген жок.

“Жаратмандыктын беш жылдыгы” кагазда калдыбы?

Эми беш жылдык документтин таржымалына кеңири токтололу. 2012-жылдын этегинде президентке караштуу Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөн эле. Кеңеш бир канча жолу жыйынга чогулган жана 2013-жылдын башында беш жылдык Улуттук стратегия кабыл алынган. Анда апрель ыңкылабына чейинки 20 жыл “эптеп жан багуу” режиминдеги жылдар деп аталган, Кыргызстан приоритетсиз өлкө болгон деген баа берилген.

2001-жылдагы “Өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздери”, 2003-жылдагы “Кедейликти кыскартуунун улуттук стратегиясы”, 2009-жылдагы “Жаңы экономикалык саясат” деген өңдүү программалар натыйжасыз болгон, коррупциянын, айрым мамлекеттик түзүмдөрдүн криминалдашуусунун айынан максатына жеткен эмес деген сын айтылган. Март ыңкылабына кийин элдин мүдөөсү ишке ашпай, ал апрель окуясына алып келди деген бүтүм чыгарылган.

2013-2017-жылдарга белгиленген улуттук стратегия "алдын ала көрө билүү", деп аталган жана документке ылайык, Кыргызстан 2013-жылдан баштап дүркүрөп өсүп-өнүгө баштамак эле. Алдыда “саясий системасы туруктуу, экономикасы ыкчам өнүгүп бараткан жана калкынын кирешеси дайыма жогорулап жаткан демократиялуу мамлекет катары калыптануу милдети турат” деп жазылган.

Тартыштык 20 миллиард сом болду деп жатышат. Бирок акчаны тигил оюнга, бул иш-чарага деп эле корото беришет. Бизде пландалбаган, туруп-туруп эле пайда боло калган иш-чаралар көп.
Бакыт Рысбаев

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Бакыт Рыспаевдин баамында, бул документти ишке ашырууда мурунку каталар кайталанды:

- Улам-улам эле стратегияда каралбаган жактар кошулуп жатып каржылоо өзгөрүп кетет. Эгер каражат менен бекемделбесе, ал иш-чаралардын баары аткарылбай калат. Негизги эле себеби ушул. Мисалы, мына бизде тартыштык 20 миллиард сом болду деп жатышат. Бирок акчаны тигил оюнга, бул иш-чарага деп эле корото беришет. Бизде пландалбаган, туруп-туруп эле пайда боло калган иш-чаралар көп. Ушундай иш-чаралардын айынан көптөн бери пландалган программалар, пландар ишке ашпай калып жатат. Мындай көрүнүш негизи буга чейин эле болуп келген. Биз план менен иштөөгө дагы деле көнө элек окшойбуз.

Стратегияда кыргыз экономикасында бурулуш болот, улуттук көлөмдөгү инвестициялык долбоорлорго негизделген экономиканын форматына өтөт деп көрсөтүлгөн. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Абдувахап Нурбаевдин пикиринде, мындай максаттын ишке ашпай жатканын экономикалык каатчылык өңдүү объективдүү себептери бар:

- Биз энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик. Альтернативдүү түндүк-түштүк жолун куруу башталды. Бул ишке ашкан ири долбоорлор. Ооба, миңдеген жумушчу орундар түзүлбөй, экономикабыздын аксашынын объективдүү себептери болду. Биринчиден, биздин эң маанилүү стратегиялык өнөктөштөрүбүз Орусия менен Казакстанда экономикалык каатчылык болду. Анын кесепети бизге дагы тийип күткөн акча келбей калды, акча жүгүртүү азайды. Ишкерлердин иши жакшы илгерилебей калды. Биз ЕАЭБга кирип, биз ушулар менен калабыз деп башка мамлекеттер менен чек арабызды жаап алдык. Эми абалды өзгөртүү үчүн башка жолдорду издешибиз керек. Мына былтыр бизге Европа базарын ачты. Биз 500 миллион калкы бар Европа Биримдигине алты миң товарды бажы төлөмү жок киргизе алабыз. Экономика министрлиги бул тууралуу ишкерлерге толук маалымат бериши керек. Биздин ишкерлерге альтернативдүү жол ачылды. Муну биз колдонушубуз керек.

100 барактан ашык көлөмдөгү Улуттук стратегияга баам таштасак, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун курууга байланышкан иштердин көлөмдүү бөлүгү бүтмөк. Региондордогу учак каттамын уюштуруу боюнча борбор түзүлмөк. Сапаттуу байланыш, интернет жана санариптик телекөрсөтүү Кыргызстандын булуң-бурчуна жетмек. Ички дүң продукциянын өсүү темпи жылына жети пайызды түзмөк жана 2017-жылга чейин 630 миллиард сомго жакындамак. Кыскасы ички дүң продукция эки эсеге көбөймөк.

Беш жыл ичинде 350 миң жаңы жумушчу орун түзүлмөк жана ар бир үй-булөдө эч болбоду дегенде бирден иштеген адам болмок. Орточо эмгек акы 26 миң сомго чейин жетмек. Жакырчылык 12 пайызга кыскармак. Калктын орточо жашоосунун узактыгы 69 жаштан 73кө чейин өсмөк.

Эл аралык “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирмек жана экономикалык эркиндик боюнча КМШдагы мамлекеттер арасында лидерге айланмак. Ушул жерден айта кетели, Кыргызстан соңку беш жылда “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча 70-орундан 75-орунга жылып, беш көрсөткүч артка кетти.

Стратегияга ылайык, коррупцияга каршы системалуу күрөш жүрмөк жана 2017-жылы паракорчулук менен ийгиликтүү күрөшкөн элүү өлкөнүн тизмесинде болмок. Коррупциянын деңгээлин иликтеген "Транспаренси Интернешнл" уюмунун соңку баасында Кыргызстан 136-орунда турат.

Эгер жашоосу жакшы жакка өзгөрсө, анда мамлекеттин иши дагы ийгиликтүү дегенди билдирет. Биз ушундан улам мамлекет кыйратып атат деп, тилекке каршы, айта албайбыз.
Руслан Акматбек

ЖИА бизнес биримдигинин аткаруучу директору Руслан Акматбек бул дымактуу иш-чаралардын ишке ашпай калган себебин мындайча түшүндүрдү:

- Мээнетибиз стратегия, программа иштеп чыгууга, ошону уюштурууга, өткөрүүгө эле кетип калат. Негизи эле мамлекеттеги башкаруу, болуп аткан жараяндардын басымдуу бөлүгү натыйжага багытталган эмес. Мына, уюшулуп жатат, болуп атат, болгону жатат деген менен эле чектелет. Ал эми кандай натыйжага алып бара жатат деген суроо, тилекке каршы, берилбейт. Андан сырткары бизде башкаруунун, анын натыйжалуулугун, сапатын ченеген объективдүү критерийлер, өлчөмдөр жокко эсе. Мамлекеттик органдар өзүнүн ишин өзү баалайт. Бардык өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугу жана натыйжалуу эместигин өлчөгөн бир фактор бар. Бул жөнөкөй, катардагы жарандын жашоосунун өзгөрүшү, жакшыруусу. Эгер жашоосу жакшы жакка өзгөрсө, анда мамлекеттин иши дагы ийгиликтүү дегенди билдирет. Биз ушундан улам мамлекет кыйратып атат деп, тилекке каршы, айта албайбыз. Саясий жана экономикалык институттардын сапатсыздыгы тууралуу сөз кылса болот.

Ушул жерден "Кумтөр" маселесине токтоло кетели. Соңку беш жылда "Кумтөрдүн" айынан эки өкмөт башчы иштен кетти, Жогорку Кеңештин үч депутаты соттолуп да чыкты. Кен чыккан жерде ири митингдер болду, өкмөттүк, депутаттык комиссиялар да түзүлдү, чоң өлчөмдөгү экологиялык доо коюлду. Бирок, маселе чечилген жок. Президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрдагы маалымат жыйында эмдиги жылы чечилет деген убада менен гана чектелди. "Центерра" менен теңме-тең сүйлөшүү болот. Референдумдан кийин "Кумтөр" алтын кени боюнча козголгон кылмыш иштеринин мөөнөтү алынгандан кийин жылыш болот, деп ишендирди. Коомчулук болсо Атамбаевдин "Кумтөр" боюнча буга чейин берген убадаларын, алардын баары аткарылбаганын эстеди.

Стратегиянын кыйла бөлүгү айыл чарба маселесине арналган. Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугун гана камсыз кылбастан, ошондой эле эл аралык стандарттарга жана талаптарга ылайык экологиялык таза айыл чарба азыктарын жана кайра иштетилген өнөр жай продукцияларын тышкы рынокко ири берүүчү деген статусун өзүнө кайтарып алууга тийиш, деп жазылган.

2017-жылга карата 50 миң гектар жаңы сугат жерлер ишке киргизилмек жана 80 миңге жакын дыйкан чарбалары же 200 миң киши сугат жана ичүүчү суу менен кошумча камсыз болмок. Ошондой эле ирригациялык системаларды калыбына келтирүү жана оңдоо үчүн каражаттар бөлүнүп жана тышкы кредиттер тартылмак. Ошол эле жерлерге суу келип, айдоо аянттары жанданып, ал эми айылдык эмгекчилердин турмушу жакшы жагына кыйла өзгөрмөк. Айыл чарба техникаларын камсыздоо үчүн ийгиликтүү лизинг саясаты жүрмөк, ири үрөн чарба түзүлмөк жана жер семирткич чыгарган завод ачылмак.

​ЕАЭБ: аштыгын сата албаган дыйкан арбын

Кыргызстан өз продукциясын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эмне үчүн эркин сата албай жатат? Кошуна Казакстанга жашылча-жемиш киргизүүгө эмне тоскоол болууда? Орусиядан помидор ташып келүүнүн зарылчылыгы эмнеде?

Айыл чарба адиси Манас Саматов өкмөт дыйкандар менен эсептешпей жатканын белгиледи. Натыйжада алар өз киндигин өзү кесип, тармак сыртта калганын айтты:

- Биз дыйкандарга эркиндик бергиле деп такай айтып келебиз. Анан жеңилдетилген насыя деп туруп максатысыз майда-чүйдө акчаларды бөлүп берүү деле эч кандай натыйжа бербейт. Бул жерде кандай өндүрүш керек, өндүрүштүн кайсы тармагы пайдалуу, кандай кирешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүү керек, деген дыйкандарды алга жетелей турган программалар жок. Ушул багыттагы ийгиликтүү долбоорлордун баары жеке демилгелер менен ишке ашкан. Эгерде дыйкандардын потенциалына, каржылык, интеллектуалдык ишмердигине мамлекет салым кошсо, биз көптөгөн ийгиликтерге жетишмек элек.

Укуктук мамлекетти түзүү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, сот реформасы аяктайт деп жазылган. Бирок президент Алмазбек Атамбаев сот реформасын беш жылда ишке ашыруу акылга сыйбаган нерсе деп атады:

- Акыркы төрт жыл ичинде 400дөн ашык судьяны дайындадым. Ошолордун арасынан бирөө гана иштен алынды. Дагы бирөө балким иштен кетирилет. Мурункулары болсо ар бир экинчиси иштен кеткендей эле болчу. Анткени реформа баары бир жүрүп жатат. Бирок реформа деген бир эле иш эмес да. Реформа жүргүзүү үчүн жаңы мыйзамдарды кабыл алуу керек. Ал мыйзамдарда амнистия деген болбошу керек. Сот реформасы беш жылда бүтөт деген бул, албетте, акылга сыйбас нерсе. Бул реформа дагы 5-10 жыл жүрөт. Анткени ар бир реформа кагазда эмес, адамдын башында башталат.

Баса, Улуттук стратегияда Баш мыйзам тууралуу дагы сөз болгон. Анда Конституциянын жана мыйзамдардын туруктуулугун камсыз кылуу, алардын потенциалын жүзөгө ашыруу керек деп жазылган. "Конституцияга шашылыш өзгөртүүлөрдү киргизүүгө азгырылып кетүү "конституциялык реформалардын" аягы бүтпөс айлампа жолун улантуу тобокелине алып келет" деп белгиленген.

Демек, стратегиянын Баш мыйзамды өзгөртпөш керек деген бөлүгү дагы аткарылбай, баары тескерисине кетти.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG