Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Өкмөттүн экономикалык саясаты кандай болот?


Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев экономикалык программасын сунуштады.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев экономикалык программасын сунуштады.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев экономикалык программасын Жогорку Кеңешке сунуштады. Жаңы өкмөт башчынын экономикалык саясаты мурунку өкмөттөн эмнеси менен айырмаланат?

Жоомарт Оторбаевдин сөзүнө караганда, анын экономикалык программасынын негизин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегия түзөт. 2013-жылдан 2017-жылга чейин аткарылышы белгиленген ал стратегия парламент тарабынан жактырылып, президент тарабынан бекитилген. Мына ушул стратегиянын негизинде мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да иштеген. Бирок стратегияны аткарууда Жоомарт Оторбаев менен Жантөрө Сатыбалдиевдин аракетинде аздыр-көптүр айырма болору байкалууда. Маселен, Жантөрө Сатыбалдиев бийлик вертикалын бекемдөө, мамлекеттик "машинаны" кандай болбосун иштетип турууга көңүл бурса, Жоомарт Оторбаев банк системасын өнүктүрүү жана инвестицияга шартты жакшыртууга басым жасары байкалууда. Инвестиция экономикалык өсүштүн негизи экенин Оторбаев парламенттеги сөзүндө белгиледи:

- Анткени инвестициясыз экономиканын өнүгүүсү токтоп калат. Өлкө артка кетет. Ал эми адамдар башка өлкөлөргө кете баштайт.

Инвестицияга шартты жакшыртуунун белгиси катары Жоомарт Оторбаев “Ишкерликти жүргүзүү” эл аралык рейтинги боюнча дүйнөдөгү алдыңкы отуз мамлекеттин катарына 2017-жылга чейин кирүүнү, экономикадагы эркиндик боюнча алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кошулууну атап жатат.
Жаңы өкмөт башчы ириде банк секторуна көңүл бурмай болду.
Жаңы өкмөт башчы ириде банк секторуна көңүл бурмай болду.
Финансы жана банк жагына келгенде Жоомарт Оторбаев Улуттук банк жана өкмөт республиканын экономикасы үчүн көбүрөөк ресурс бериш керек деген пикирди айтууда. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев бул маселеде позициясын билдирген да эмес. Улуттук банк аркылуу экономиканы каржылоо боюнча Кыргызстан экономисттеринин арасында кайчы пикирлер айтылып келет.

Маселен, экономист Эркин Сакиев Улуттук банк экономиканы өнүктүрүүдө, аны акча, насыя менен камсыздоодо чечүүчү ролду ойнош керек дейт. Ал эми Улуттук банк өз кезегинде инфляцияны ооздуктоону, сомдун курсун кармоону негизги милдети катары карап келет. Бирок көп өлкөлөрдүн экономикасында Улуттук банк абдан эле орчун ролду ойнору маалым. Маселен, АКШнын Федералдык резервдик системасы, Европада Европанын Борбордук банкы экономикалык өсүштү камсыздоодо чечүүчү ролду ойнойт.

Кыргызстанда Улуттук банктын насыяны көп бере башташы инфляциянын тегирменин айлантып жиберет деген чочулоо күчтүү. Ошондуктан Жоомарт Оторбаевде бир жагында инфляция, девальвация, экинчи жагында өлкөнү өнүктүрүү үчүн Улуттук банктын мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, экономиканы насыя, каражат менен камсыздоо үчүн мизден тайгаланбай өтүү милдети турат. Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Улуттук банктын мүмкүнчүлүгүн экономиканы өнүктүрүү үчүн пайдалануу мүмкүн деди:
- Улуттук банк бул мамлекеттик мекеме. Ал коммерциялык банктарга лицензия берет, көзөмөлдөйт. Ошон үчүн алар менен сүйлөшүү жүргүзүп, өнөр жай, айыл чарбасын насыялоого коммерциялык банктардын катышуусун, пайызына чейин тактаса болот. Анан акчанын көп берилишинен коркпош керек. Анча-мынча инфляция көбөйүшү мүмкүн. Өндүрүшкө канча көп акча берилсе, инфляция өсүшү мүмкүн. Бирок экономика өсөт. Экономиканын өсүшү менен кемчиликтердин баары жабылат.

Акенеевдин пикиринде, насыя бербей экономиканы нөлгө түшүрүп, инфляцияны да ошондой деңгээлге түшүрсө болот.

Экономика илимдеринин дагы бир доктору Айылчы Сарыбаев өкмөт Улуттук банктын ишине такыр кийлигишпөөсү керек деди:

- Экономиканын өнүгүшүнө же өнүкпөшүнө Улуттук банктын эч кандай тиешеси жок. Бул жерде өзүбүздүн башкаруу системабыз жана башкаруучуларыбыздын колунан эч нерсе келбей жатат. Кеп ушунда.

Жаңы өкмөт башчы Оторбаев экономикада либералдык саясатты жактап, мамлекет бизнес кылбашы керек деди:

- Мамлекет бизнес менен алектенбеши керек. Натыйжалуу, регулятивдик жана мыйзамдуу саясат, өз катарында коррупцияга каршы күрөш жана инфраструктураны өнүктүрүү бул үч бирдиктүү максат.

Айылчы Сарыбаев мындай либералдык көз караштан либералдык экономиканын атасы болгон АКШ да баш тарткан дейт:
- Бул көз карашты өткөн кылымдын сексенинчи жылдары АКШ колдоп, ошол дүйнө жүзүнө таратып келген. Бул көз караштан азыркы кезде Америка өзү баш тартты. Демек, Оторбаевдин дүйнөлүк экономикалык система жөнүндө, Кыргызстандын экономикасы жөнүндө түшүнүгү жоктугу так ушундан көрүнүп турат. Ансыз деле бизде өлкөнүн экономикасын мамлекет башкарган эмес. Азыр да башкарган жок. Мындан ары да башкарбайбыз деген сөз.

Дагы бир экономист Сапар Орозбаков мамлекеттин түздөн-түз катышуусу менен Япония, Түштүк Корея жана Кытай экономикалык кереметтери жаралганын эске салат.

Албетте, Жоомарт Оторбаевдин алдында экономикада мына ушундай татаал маселелер боюнча чечим кабыл алуу менен бирге күнүмдүк чарбалык иштер турат. Маселен, өкмөт башчы 5-апрелде айыл чарбасы боюнча жыйын куруп, жазгы-талаа жумуштарын убагында өткөрүү маселесин көтөрдү. Мына ушундай түгөнбөгөн күнүмдүк иштер экономикада олуттуу реформаларды жүргүзүүнү четке сүрүп чыгып, өкмөт мына ошону менен чайналып калбайбы деген чочулоо да жок эмес.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG