Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:20

“Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери соттордун жана алардын жакындарынын телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшоону мыйзамга киргизүү керек деген демилге менен чыкты. Мындай демилге Башкы прокуратура жана бир топ укук коргоочулар тарабынан сынга кабылып, көп талкууга жем таштоодо.

Соттордун сүйлөшүүлөрүн угуу алардагы жемкорлукту азайта алабы? Соттордун жакын туугандарын бул ишке аралаштыруу алардын эркиндигин чектебейби?

“Арай көз чарай” талкуусуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана Сотторду тандоо кеңешинин мурдагы төрагасы Замир Базарбеков катышты.

”Азаттык”: Клара айым, кечээ Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө депутат Өмүрбек Бабанов сотторду, алардын жакындарынын телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшоону мыйзамдаштыралы деген демилгесин сот системасындагы коррупцияны азайтуунун бир жолу катары түшүндүрүп жатат. Коррупция менен күрөшүүнүн башка натыйжалуу жолу жок беле деген суроолор жаралууда...

Клара Сооронкулова: Менин оюмча көтөрүлүп жаткан демилге карандай популизм. Мындан эч кандай натыйжа чыкпайт. Жемкорлук менен алектенген соттор иштерин телефондон бүтүрбөйт. Кабыл алынган учурда деле алар жөн эле телефондон сүйлөшпөй коюшат, болду, ошону менен иш бүтөт. Бул жемкорлук менен күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмасы эмес.

Кордолгон секелекти "эзген" сот

Укук коргоочулар зомбулукка кабылган өспүрүмдөр боюнча сот, тергөө иштери создугуп, укук коргоо органдары мыйзамга шайкеш мамиле жасабай жатат деп билдиришүүдө.

Экинчи жагынан, бул демилге адам укугун, эркиндигин кескин түрдө чектөө болуп саналат. Жалгыз гана сотторду эмес, алардын жакындарын да чектеп коет, Конституцияга буга жол бербейт. Элге жагынган гана популисттик идея болуп жатат, буга жол бербеш керек.

“Азаттык”: Мыйзам демилгеси менен чыгып жаткан депутат коопсуздук, коомдук тартип, мамлекеттин кызыкчылыгы жөнүндө кеп болуп жатканда каалаган адамды тыңшаса болорун айтат. Сот системасында ошондой оор, опурталдуу кырдаал түзүлүп калдыбы?

Клара Сооронкулова: Ооба, ошондой ой келип жатат. Биз мурдатан эле айтып келатабыз, сот системасынын ишинин башкы натыйжасы – коомдун ишеними. Биз азыркыдай кадамыбыз менен ошол сотторго болгон ишенимсиздикти мурдагыдан да көбөйтүп жатабыз. Сотторго ишеним жок, ошондуктан чектейбиз, тыңшайбыз деген пикир жаралып калып жатпайбы. Кандай болбосун сот бийликтин үч бутагынын бири. Сотторго мындай мамиле кылуу туура эмес саясат.

“Азаттык”: Замир мырза, болуптур мыйзам кабыл алынды дейли. Сотторду ким тыншайт? Бизде тыңшагычтары бар бир эле орган – Улуттук коопсуздук комитети бар эмеспи, аларга берилеби бул укук?

Жемкорлук менен алектенген соттор иштерин телефондон бүтүрбөйт.

Замир Базарбеков: Бул күлкүлүү көрүнүш болууда. Сотторду эми тыңшайбыз деп жатпайбы. Алар жогору жактан тыңшап жатат деп эбак билишет, алар үчүн бул жаңылык эмес. Соттор кылмыштуу иштерин башка жерден бүтүрүшөт. Аларды тыңшоо жолу менен ийгиликке жетебиз деген туура эмес кадам, акылсыз жорук.

Менин айылдагы жеңелерим жоолуктарын түрүп алышып, ушактарды айтышып, кайненесине жеткиришип уруш-талаштар болчу эле. Бул ушуга окшогон эле нерсе болууда.

Сот реформасы деп программа, жарлыктарды чыгарып жатабыз, натыйжасы эмне болду деп жатпайбызбы. Сотторду тыңшабай, башка жолдорун издебейлиби. Мисалы, сот адилеттүүлүгүнө жетишүү үчүн сот процессинин жүрүшүнүн стенограммасын толук жарыялап туралы, эл билсин, кайсы сот кандай адилет чыгарат экен деп.

“Азаттык”: Клара айым, 2012-жылы президенттин "Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы чыгып, анда реформалар болот деп айтылды эле. Жарлык кандай аткарылып жатат?

Клара Сооронкулова: Ошол жарлыктын негизинде чоң программа кабыл алынган, аны аткаруу мөөнөтү 2014-2017-жылдар, анда 115 иш-чара белгиленген. Эми жарлыктагынын баары ишке ашкан жок деп айтсак туура эмес болуп калар. Негизинен ишке ашкан иш-чаралар жөнүндө айтсак, эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу менен соттордун материалдык-техникалык базасы жакшырып, тиешелүү жабдуулар менен камсыз болгонун эске албаганда соттордун иштеринде сапаттык өзгөрүү, жылыш болгон жок. Анткени жарлыктагы эң бир стратегиялык багыт – соттордун көз каранды эместигине жетишүү болчу. Бул жагынан да эч кандай натыйжа болгон жок.

“Азаттык”: Замир мырза, сиз убагында Сотторду тандоо кеңешинде иштеген учурда жогору жактан кийлигишүү болчу беле? Сиздердин органда өз алдынчалуулук бар беле?

Замир Базарбеков: Кийлигишүү болчу, аны мен убагында Жогорку Кеңештин трибунасынан айткам. Ошондо ызы-чуулар болуп, митингдер өткөн. Жогорку Кеңештин депутаттары, Ак үйдө иштеген кызматкерлер кийлигишчү. “Ал менин кишим эле, өткөрүп койгула, болбосо башкача сүйлөшөбүз” дегендер болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG