Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Кордолгон секелекти "эзген" сот


Укук коргоочулар зомбулукка кабылган өспүрүмдөр боюнча сот, тергөө иштери создугуп, укук коргоо органдары мыйзамга шайкеш мамиле жасабай жатат деп билдиришүүдө.

Он беш жаштагы Айжамал жүрөгүнө так калтырган окуясын эстегиси келбейт. Ал үчүн акыркы беш жыл тирүүнүн тозогуна айланган. Айжамал кичине кезинде ата-энеси эки ара жолго түшүп, ал атасынын колунда калат. Бул аралыкта эне мээримин сезбеген өспүрүм атадан тарбия эмес, кордук көрүптүр:

- Атам мага кол көтөрүп, он жашыма чейин тепкилеп, аябай катуу урчу. Кийин мени зордуктап баштады. Мектепке үчүнчү классымдан баштап барган жокмун. Атам "андай жол менен" мени чоң турмуш, үй-бүлө курууга даярдап жатам дечү. Өзүмө кол салгым келди, жашагым келген жок. Ал учурда кошунамдын баласын карап иштечүмүн. Ал адамдар окуямды билип калып, мага жардам беришти. Дарыланып, атамдын үстүнөн арыз жаздым, кийин мени ушул балдар үйүнө алып келишти. Башында окуямды айтып берүүдөн коркком. Уялдым. Сот отурумунда мен сүйлөп жатканда атам ”баары калп, андай болгон эмес” деп жатты. Аягына чейин күрөшөм деп турам.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, жабырлануучу убактылуу балдар үйүндө баш калкалап калат. Бирок эки жылдан бери сот иши акырына чыкпай, түгөнбөгөн отурумдар Айжамалды башынан өткөн окуясын кайра-кайра эстөөгө мажбурлап келет.

Балдар үйүнүн координатору Роза Сулайманова мындай учурда сот отурумдары, тергөө процесстери оболу өспүрүмдөрдүн калыбына келүүсүнө жолтоо болот дейт:

- Эртең тергөөчүгө же сот отурумуна барасың дегенде балдарда кадимкидей паника башталат. Айрымдары отурумга барып келгенден кийин кордук көрсөткөн адамдан коркконун, окуяны эстеп кайра стресске кабылганын айтышат. Кээ бирин шектелген адамдын туугандары тилдеп, коркутушат экен. Эми бул жерде биздин балдардын коштоп баруучу адамы бар, бирок башкаларчы? Ушундай окуяларга кылдат мамиле кылып, аял киши суракка алса, ал учурду тасмага тартып алышса, кайра-кайра чакыруунун кажети жок беле деп ойлойм. Анткени узакка созулган сот отурумдары терс таасирин тийгизбей койбойт.

Балдар психологу Фатима Аллаярова өспүрүмдөрдүн иши боюнча ондогон сот отурумдарына катышып келет. Анын айтымында, суракка баланы даярдоо эле чоң түйшүк. Өспүрүм качан коркпой, айланасындагыларга ишеними пайда болгондон кийин гана тергөө ишине катышууга уруксат берилет. Психологдун белгилешинче, укук коргоо органдарында аларга түшүнүү менен мамиле кылган кызматкерлер аз.

- Албетте, ар бир кызматкер өспүрүмгө кандай мамиле кылуу керектигин билет, бирок, тилекке каршы баары эле аны эске алышпайт. Айрым учурда орой, корс мамиле кылган тергөөчүлөр кезигет. Кээ бири зомбулукка кабылган өспүрүмдөн окуянын майда-баратынан бери айтып берүүсүн талап кылат. Окуяны эстеш балага эле эмес, чоң адамга да кыйын. Андай учурда бала менен сүйлөшүп, коркпо деп психологиялык жактан колдоо көрсөтүп, тергөөчүлөрдөн кылдат мамиле кылуусун өтүнөбүз.

Ал эми Жогорку Соттун өкүлү Айнура Токтошева аягы көрүнбөгөн сот отурумдары боюнча мындайча түшүндүрмө берди:

- Өмпүрүмдү зордуктоо оор кылмыштардын бири. Айрым учурда шектелген адам өмүр бою абакка кесилет. Мындан улам дыкаттык менен текшерүү жүрүп, бир канча сот отуруму өтүшү мүмкүн. Кээ бир учурда шектелген адамдын жактоочусунун суранычы менен иш кийинкиге жыла берет, буга мыйзам жол берет.

Азырынча Айжамалдын окуясына качан чекит коюлары белгисиз. Ал акыйкаттык үчүн күрөшүүгө бел байлаган. Секелек кыз окуусун улантып, келечекте ырчы болсом деп тилек кылат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG