Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Кулчулук энени баладан ажыратты


Элзада Муминова
Элзада Муминова

Апрель айынын этегинде Казакстанда 13 жылга чукул кулчулукта жүргөн кыргызстандык Элзада Муминова аттуу келин кызы менен бошотулган.

“Замандаш” биримдигинин көмөгү менен бошотулган келиндин тек жайын тактаган документтери жок болгондуктан төрөлүп, кулчулукка чейин 14 жыл жашаган кичи мекени Оштун Кара-Суу районуна кеткен. Үч айга чукулдаган убакыттын ичинде Элзаданын тагдырында кандай бурулуштар болду?

Элзаданы 14 жашында Оштон кыргызстандыктар Казакстанга бала бактырабыз деп алдап алып барып, 150 миң теңгеге күң катары сатып жиберишкен.

13 жыл азаптуу тагдырда жашадым деген Элзада Муминованы “Замандаш” биримдигинин Алматыдагы өкүлчүлүгү куткарган. Ал Бишкекке келгенде алгач аттаган босогосу эле “Азаттык” үналгысы болгон. Колунда бир нече айлык кызы бар келин кулчулукта жүрүп тапкан дагы эки уулу бар экенин, алар Казакстандагы күң катары кармаган күйөөсүндө калганын айтып ыйлаган.

Документтерин алганы Ошко кетип, азыр кызына да, өзүнө да күбөлүк, паспорт алганын Элзада Муминова "Азаттыкка" кабарлады:

- Оштон прокуратурадан жардам беришип, өзүмө туулгандыгым тууралуу күбөлүк, анын көчүрмөсүн жана кызыма күбөлүк алдым. Паспорт да беришти. Анан туугандарымды издеп барсам мени жакшы кабыл алышпады. Алардыкында эки айга жакын жашагандан кийин чыгарып коюшту. Азыр Ошто бир журналист байкеникинде жашайм. Акча зарыл болуп турат. Себеби Алматыга кайра барып, балдарымды алып келсем дейм. Анан алар менен жашагыдай үй да керек эле.

Жоопсуз калган нота

Кара-Суудагы туугандары кабыл албай койгондон кийин Элзада Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борборунда бир айдан ашуун жашаган. Ал жактан келинге укуктук жардам берилип, Кыргызстандын Казакстандагы консулдугу менен Алматы этегинде айылдарда калган уулдарын алып келүү боюнча байланыш курулган.

Аталган борбордун жетекчиси Дарика Асылбекованын айтымында, консулдук казак бийлигине нота жиберди. Азырынча жооп боло элек:

- Кыргызстандын Казакстандагы консулдугунда иштеген Нургүл Балтабаева казак тараптын тийиштүү органдарына нота жөнөткөн экен. Азыр эми биз ошонун жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ош мэриясы аркылуу консулдук менен сүйлөшсөк алар да күтүп жатканын айтышты. Ал тарап жооп берери менен бир аз каражат таап Казакстанга жиберебиз.

“Ак жүрөк” кризистик борборунан чыккандан кийин Элзаданын барарга жери жок болгон. Ошто чыккан айрым басылмалар анын тагдыры тууралуу маалымдаганда “Кыргыз Туусу” гезитинин Оштогу кабарчысы Төлөмбай Абдыразаковдун жубайы Кадича Орозалиева үйүнө чакырып, азыр келин журналисттин үйүндө убактылуу баш калкалап жатат.

- Азыр эми колундагы кызына аябай мээримин төгүп жатат. Анан эң башкысы Казакстанда калган эки уулун эстеп, жүрөгүнүн бир бөлүгү ошол жакта калганын айтып, аябай бушайман болууда. "Ошолорду алышым керек эле" дейт. Кызына болсо мен кийим-кече алып бердим. Кичине сыркоолоп калган экен, дары-дармегин камдап бердик. Элзаданын өзүнүн да кийимдерин Ошко келатканда таксист бир жарым миң карызы үчүн алып койгон экен. Азыр ошол карызын төлөп, эптеп кийимин да кайрып алсак деп жатабыз. Ага чейин убактылуу кийим берип, биздикинде баш калкалап турат.

"Балдарын кайтаруу оңой болбойт"

Элзаданын абалына укуктук баа берүү өтүнүчү менен юрист, адам укугу боюнча эксперт Искен Афиджановго кайрылдык. Ал келиндин тагдыры боюнча тез арада бир нече кылмыш иши ачылып, эл аралык деңгээлде изилдөө жүрүшү керектигин айтты.

Кылмыш ишинин башында адам сатуу, зордуктоо, мажбурлап кармап туруу, мыйзамсыз иштетүү сыяктуу бир нече беренелер бар. Кылмыш иши ачылмайынча уулдарын кайтарып алуу тилеги да ишке ашарына юристтин көзү жетпейт.

- Биринчиден, ал өспүрүм болсо, анда аны алдап, кулчулукка сатып жибергендерге кылмыш иши козголушу керек. Анан кулчулукта жүргөндө төрөсө, аны жашы жете электе ошол сатып алган тарап зордуктаган. Экинчи кылмыш иши да ушул багытта ачылышы зарыл. Муну эми Казакстан тараптын укук коргоочулары колго алып, кызды зордуктап, чогуу жашоого, бала төрөөгө мажбурлаган тараптарды жоопко тартышы керек. Үчүнчүдөн, казак тарап да аны күч менен кармап тургандарга карата кылмыш ишин ачыш керек. Кылмыш иштеринен тышкары журналисттер келиндин тагдырын коомчулукка жар салып чыкса, Ош мэриясы, бийлик жардам бериши мүмкүн.

Ал эми Элзада Муминова болсо Ош шаардык прокуратурасына кайрылганда документтерин гана кайтарып алганын, аны сатып жибергендер боюнча эч кандай арыз жазбаганын “Азаттыкка” билдирди. Азыр ал "эгерде Казакстанга жеткидей эле жол кирем болгондо балдарымды консулдуктун жардамы менен кайтарып алат элем" деп, коомчулуктан материалдык жардам сурап турган кези.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG