Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Ала качуу Айнуранын жүрөгүнө так салды


Зомбулукка каршы акциядан тартылган сүрөт. 2013-жыл
Зомбулукка каршы акциядан тартылган сүрөт. 2013-жыл

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда ала качууга дуушар болуп, зомбулук көргөн кыздын жагдайы боюнча кылмыш иши козголду.

Жабырлануучу Айнура учурда эч кимге доосу жок экенин айтып, курбуларынын үйүндө жашап жатат. Ал эми кыздын ата-энеси милицияны жеке турмушка аралашты деп айыптап, атайын органдарга кайрыларын айтууда.

"Апам тапкан күйөө"

- Мен келин болуп барган үй-бүлө апамдын таанышы болот экен. "Кызым, жолугуп көр, балким жагып калса, турмушка чыгасың, болбосо жок" деп апам айткан. Таанышкан күнү эле мени ала качып кетти. Үйүнө барганда таежемдер келип отургузуп коюшту. Нике түнүбүз да болду. Айылдын молдосу менден "турмушка чыгууга макулсуңбу?" деп сураганда эки жагымда отурган жеңемдер чымчылап жатып, көндүрүштү. Үч күндөн кийин колума телефон тийди. Анан мен Айгүл аттуу Казакстанда жашаган эжеме баарын түшүндүрүп айттым. Менде эки гана жол калган. Өзүмө кол салуу же убактылуу жашап туруп кийин ажырашуу.

Ала качуу. Иллюстрация
Ала качуу. Иллюстрация

20 жаштагы Айнура бир жума мурда ала качуунун курмандыгы болгонун ушинтип айтып берди. Апасы жана туугандары кыздын аракетине каршы болуп, өзүнөн улуу жигитке экинчи аялдыкка берген. Аргасы кеткен Айнура казакстандык тааныш эжесине социалдык түйүндөр аркылуу жардам сурап кайрылган.

Казакстанда жашаган Айгүл Аблаева көзүнө жаш алып биздин редакцияга кыздын абалын айтып берген эле.

- Кыз али жаш, менин колумда жаштар комитетинде ыктыярчы болуп иштеп турган. Мага ыйлап жардам сурап кайрылды. Базар-Коргондун бир айылына экинчи аялдыкка тийиптир. "Эже, мен бул жерде жашай албайм, үйгө кайтайын десем туугандар, апам кабыл албайт" деди. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тааныштардын баары ага боору ооруп, "дарегиңди айтсаң бардыгыбыз барып бошотуп чыгабыз" деп камынып турушкан.

Кээ бир учурларда кыз ала качуу жагдайлары салт катары бааланып, тергөөгө жетпей эле макулдашуу жолу менен жабылып жатат. Туура, бул салт дейбиз, бирок бул жерде адам тагдыры жана укугу башкы орунда турушу керек.
Абдуназир Маматисламов

Айгүл Аблаеванын суранычы боюнча “Азаттык” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына билдирүү берген. Облустук милиция ал каттын негизинде кызды тапкан.

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кайрат Аскарбеков окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди:

- Кыз өзү бул окуя боюнча доо арыз жазуудан баш тартты. Бирок ошентсе да кыз ала качуу жагдайы оор кылмыштардын катарына киргендиктен жана ММКга чагылдырылган соң биз иш козгодук. Кыздын апасы азыр "Жакшы жашап калган кызымды бузуп алып чыктыңар. Үй-бүлөсүн буздуңар" деп доомат коюп жатат. Бардыгы тергөө маалында билинет.

"Болор иш болду, арыз жазбайм..."

Кылмыш кодексинин 155-беренеси менен козголгон иш боюнча азыр кыз ала качууга катышкан бардык адамдар суракка алынып жатат. Айнуранын апасы болсо милициянын бул аракетин жеке турмушка кийлигишүү катары баалап, алардын үстүнөн тийиштүү тараптарга арызданарын айтууда. Кыздын жакындары “Азаттыкка” интервью берүүнү каалаган жок. Ал эми Айнура бул окуя боюнча эч кимге доосу жок экенин айтты:

- Мага азыр тирешүүнүн же соттошуунун кереги жок. Болор иш болду, өчөшкөндөн эч нерсе таба албайсың. Кудай дагы кечиримдүү пенделерин жактырат. Каршы болгонума карабай нике кыйдырып, экинчи аялдыкка алса да ошол баланы кечирем. Анын да жаш өмүрүн азапка салып, түрмөдө отурушун каалабайм. Бул жагдай менин үй-бүлөмө да жакшылык алып келбейт. Ошол себептүү баарын унутуу үчүн үйгө кайтпай, курбуларым менен шаарда калууну чечтим. Апам менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатам. Ага да баарын түшүндүрүп айттым. Эми мен келечек пландарымдын орундалышы үчүн аракет кылам.

Ала качуу салт эмес

Жогорудагы окуя боюнча кыздын ата-энеси да жоопкерчилик тартууга тийиш. Мындай оюн айткан укук коргоочу Абдуназар Маматисламов кыз ала качуу боюнча фактылар көпчүлүк учурларда салтка байланыштуу жабылып калат. Мындан улам жаштар кыз ала качуу жагдайын кылмыш эмес, салт катары кабылдап көнгөн дейт укук коргоочу.

Иллюстрация
Иллюстрация

- Кээ бир учурларда кыз ала качуу жагдайлары салт катары бааланып, тергөөгө жетпей эле макулдашуу жолу менен жабылып жатат. Туура, бул салт дейбиз, бирок бул жерде адам тагдыры жана укугу башкы орунда турушу керек. Бойго жеткен кыздын ар-намысы жана укугу мыйзам менен корголот. Ал өзү чечим кабыл алууга жана макулдук берүүгө укуктуу. Мыйзамдуу алганда кыздын эркине каршы туруп уурдап келип, нике кыйып жатышат. Ата-энеси болсо кыздын каршы болгонуна карабай аны калың менен сатып жатса, айылдын молдосу болсо нике кыюуда кыздан жакшылап макулдук сурабаса, бул жерде баарын чекеден жоопкерчиликке тартуу керек. Жазаны катаалдатса гана жаштар арасында кыз ала качуу кылмыш иш катары бааланышы мүмкүн.

Укук коргоочулардын белгилешинче, жыл сайын 12 миңге жакын кызды ала качып кетишет. Зордукталгандардын саны 2 миңден ашат. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, бир жылда өлкөдө кыздарга жана аялдарга карата жасалган кылмыштардын каттоого алынган саны 3 миңге жетет. Бул өлтүрүү, ден соолугуна залал келтирүү, зордуктоо жана мажбурлап үй-бүлө курдуруу сыяктуу көрүнүштөр.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын калкынын 2 млн 987 миңин аялдар түзөт. Башкача айтканда, эл аралык изилдөөгө ылайык, дээрлик 150 миң кыргызстандык кыздар нике куруу үчүн ала качууга дуушар болушкан.

XS
SM
MD
LG