Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Нарын: эрте турмуш куруунун кесепети


Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Нарын облусунда эрте турмушка чыккан жана ажырашкан келиндердин катары көбөйүүдө.

Бул көрүнүштү алдын алуу, өспүрүм кыздар, ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Нарын мамлекеттик университетинин студенттери “Аруузат” кыймылын түзүштү.

Бегимай 16 жашында турмуш куруп, бир жылдан кийин балалуу болгон. Жаш түгөйлөр алгач жигиттин ата-энесиникинде жашаган. Кийин өзүнчө бөлүнүп, жетишпеген турмуштун айынан тез эле ажырашып кетишкен.

- Сүйлөшүп жүрүп эле баш кошконбуз. Ал менден бир жаш улуу эле. Башында ата-энебиз каршы болгон. Кийин батасын беришти. Кыздуу болгондон кийин бөлүнүп, өзүнчө жашай баштадык. Бирде ач, бирде ток болуп жашап жүрүп эле ажырашып кеттик. Азыр ата-энемдикине кызым менен турам, окуйм. Мындан кийинки жашоомду кайра жаңылбагандай улантып, кызымды бойго жеткирейин деген оюм бар.

Нарын облустук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө баалуулуктары боюнча адиси Гүлмира Султангазиева тарбиянын жетишсиздигинен өспүрүмдөр эрте турмушка чыгып жатканына кейиди.

- Буга миграция түздөн-түз себепчи. Анткени балдар үй-бүлөдөн толук кандуу тарбия алышпайт. Балдардын аң-сезиминин башка жакка бурулганы да буга себеп болууда. Бирок өспүрүм кыздардын турмушка чыгып, жакшы жашап кеткендери да бар. Алар саналуу гана. Өспүрүмдөрдүн өткөөл курагында ата-эне жеткиликтүү түшүнүк, тарбия берсе мындай көрүнүш болмок эмес. Ошол убакта алар бардык нерсенин даамын татып көргүсү келет. Эрте турмушка чыккандар ойногусу келет, турмуштун түйшүгүн эрте тартып алганына өкүнүп, ажырашууга барат.

Ажырашуулардын алдын алуу максатында Нарын мамлекеттик университетинин студенттери "Аруузат" кыймылын түзүштү. Анын жетекчиси, аталган университеттин мугалими Бактыгүл Жусуева жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен кыздарга жана ата-энелерге турмуш сабактарын өтүп туруу кыймылдын башкы максаты болгонун айтат.

- Коомдогу аянычтуу көрүнүштөрдү кайдыгер карап отура албаган кыздардан чогулган топ биригип, ушундай кыймыл түздүк. Кандай гана окуялар болуп атат! Мунун баары түшүбүзгө да кирчү эмес. Ушундан улам алдыбызга максат койдук. Турмуштан топтогон тажрыйбалуу апалар менен бирге ар бир мектепте, окуу жайда жыйналыштарды өткөрөбүз. Аларга дем бере турган иштерди чогуу жасоого чакырып, шык берүүгө аракет кылабыз. Азырынча университеттин 1-курсунун студенттери мүчө болушту. Кийинчерээк мүчөлөрүбүздү көбөйтүп, коомдук фонд болууга аракет жасайбыз.

Кызды жашы жете элек куракта мажбурлап күйөөгө берүү, ала качуу үчүн мыйзамда жоопко тартылары жазылган. Укук коргоочулар эл ичинде мындай мыйзам бузуулар тыйылбаганын айтышып, ага коомчулук, тартип коргоо жана сот тармактары маани бербей жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG