Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:09

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү маалыматына ылайык, өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясынын төрайымы, “Ай-Данек” балдар-өспүрүмдөр редакциясынын башкы редактору Токтайым Үмөталиева президенттик шайлоого талапкер катары каттоо тууралуу арызын тапшырды. Ал шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катышат.

Ушуну менен 21-июлга карата Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик жарышка катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны 34кө жетти. Алардын бешөөнү гана партия, калгандары өзүн өзү көрсөткөн.

Үмөталиева 2011-жылдагы парезиденттик шайлоого талапкерлигин койгон. Ал күрөөгө акча коюп, бирок анык кол топтой албай калганы үчүн талапкер болуп катталбай калган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG