Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:46

Кыргызстандагы президенттик шайлоодо жетиден ашпаган көрүнүктүү саясатчы ат салышуусу мүмкүн. Ал арада жарандык коом парламент бай талапкерлердин кызыкчылыгын көздөп, шайлоо күрөөсүн көбөйткөнүн сынга алды.

Президенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү боюнча ЕККУ өкүлчүлүгү менен жолугушууда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов быйылкы президенттик шайлоого буга чейинкилерге салыштырмалуу бир кыйла аз талапкер катышарын айткан.

"Буга чейинки президенттик шайлоого 80ден ашуун талапкер катышкан болсо быйыл бул сан кескин кыскарып, ага алты-жетиден ашпаган саясатчы катышат", - деди Иса Өмүркулов.

Буга чейин парламентте шайлоо күрөөсүн эки миллион сомго көтөрүүнү караган мыйзам долбоору талкууга коюлган.

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев бул аракет президенттикке талапкерлердин санын чектөө экенин айтууда:

- Бул аябай талаш-тартыш маселе болуп жатат. Негизи башында шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн 5 миллион сомго чейин көтөрөлү деген сунуш болгон. Азыр бир чекке токтоло элек. Биз 2 миллион десек, парламенттеги башка бир депутаттар аны миллион сомго түшүрүүнү сунуштады. Шайлоо күрөөсү аз болсо, мурдагы шайлоодогудай сексенден ашуун адам талапкерлигин коюп алса, дүйнө жүзүнө уят болот экенбиз. Анан калса шайлоого мамлекеттик казынадан чоң акча талап кылынат тура. Мына ошону чектөө иретинде ушул демилге сунушталып жатат.

Шайлоо укугун басмырлоо?

Мындай демилгени жарандык коомдун өкүлдөрү бай талапкерлердин кызыкчылыгын камсыздоо менен жарандардын шайлануу укугун чектөө аракети катары сындап чыгышты.

Шайлоого жалаң эле бай талапкерлер катыша турган болсо, акчасы ченелүү, бирок активдүү позициясы бар талапкерлер алар менен курч атаандаштыкка туруштук бере албай калат.
Айнура Усупбекова

"Жарандык платформа" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Айнура Усупбекова парламент акчалуу адамдарга гана шайланууга шарт түзүп, башкалардын мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат деп айыптады:

- Биздин парламент олигархтардын парламенти экенин далилдеди. Мыйзамга өзгөртүү сунуштоо менен депутаттар президенттикке талапкерлердин фондун эбегейсиз көбөйтүүгө шарт түзүп берди. Сунушталган суммалар суроо жаратууда. Шайлоого жалаң эле бай талапкерлер катыша турган болсо, акчасы ченелүү, бирок активдүү позициясы бар талапкерлер алар менен курч атаандаштыкка туруштук бере албай калат. Жалаң бай талапкерлер стадиондорго шайлоочуларды чогултуп, теле-радио менен гезит беттеринен түшпөй калат. Ал эми мындай мүмкүнчүлүк башка талапкерлерде болбошу мүмкүн. Бул шайлоодогу теңсиздикке алып келет.

Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясы бул өзгөртүү талапкерлердин шайлануу укугун басмырлабайт деп эсептейт.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду экинчи окууда кароодо шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн бир миллион сомго белгилөөгө токтолгон.

Бекматов парламенттин бул демилгесин колдоп, ашыкча чыгымды жана убаракерчиликти азайтуу үчүн шайлоо күрөөсүн көбөйтүү аркылуу чектөө киргизүүнүн зарылдыгын белгиледи:

- Мурдагы президенттик шайлоодо сексенден ашуун талапкер чыкканын көргөнбүз. Куудулдардан өйдө чыкпадыбы. Бул жагдай шайлоочуларга жана шайлоо комиссияларына ыңгайсыздык жараткан. Анткени шайлоо бюллетенинин өлчөмү бир метрден ашып, казынага чоң чыгым алып келген. Анан дагы мамлекеттик теле-радио толкундарынан убакыт, мезгилдүү басма сөздөн аянтча берилген. Мунун бардыгы мамлекет үчүн чоң акча. Ал салык төлөөчүлөрдүн акчасы. Биз ошону түшүнүшүбүз керек.

"Акыл-эске сыяр акчанын өлчөмү болсун"

Ошол эле кезде парламентте бул маселе кызуу талаш-тартыш жаратты. Бул ченемди жарандардын шайлануу укугун чектөөгө барабар деген парламенттеги айрым саясатчылар шайлоо күрөөсүнүн 100 миң сомдон 2 миллион сомго жогорулатууну четке кагууда.

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн ашкере жогорулатууга каршы өз жүйөсүн келтирди:

- Мунун бир чеги болушу керек. Жалаң эле күркүл байлар төлөй ала турган өлчөмдү бекитип берүү туура эмес. Анда көп адамдар талапкерлигин коё албай, алардын конституциялык укугу чектелип калат. Ошол эле кезде шайлоо күрөөсү да болушу керек. Эгерде аны алып салсак, шайлоодо жөн эле эрмектейин деп койгон адамдардын санынан баш адашып калышы мүмкүн. Бөгөт деген болушу кере, . бирок ал акыл-эстин чегинде болсун деп жатабыз. Үч-төрт бай талапкерге ылайыктап эле шайлоо күрөөсүн коюп койсок, анда татыктуу, бирок тазалыгынан улам мына ошолорго окшоп чоң акча топтой албаган саясатчылар талапкерлигин коё албай, атаандаштыктан сүрүлүп чыгып калышы ыктымал.

2011-жылы болуп өткөн президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн 83 жаран Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген. Алардын арасынан он алтысын саясий партиялар көрсөтсө, алтымыш жети жаран өзүн-өзү президенттикке талапкер катары көрсөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG