Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Убадасын унуткан партиялар


Келерки парламенттик шайлоонун так мөөнөтү аныкталбай жатып саясий партиялар азыртадан эле үгүт иштерин башташты. Шайлоо өнөктүгүнөн мурда 5 жыл мурда шайланган депутаттар, алардын башын бириктирген фракциялар эмне кылды деген суроо ар бир шайлоочуга кызык. “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү партиялардын шайлоо алдындагы убадаларын эске салат.

Ошентип Жогорку Кеңештин 5-чакырылышы өз ишин жыйынтыктады. Парламентке кирген беш фракция беш жыл ичинде 1140 мыйзам кабыл алган. Спикер Асылбек Жээнбеков мыйзамдарды кабыл алуу боюнча 5-чакырылыш рекорд койгонун айтып, төш каккан жайы бар. Албетте статистика үчүн сандар маанилүү, бирок мыйзамдарга келгенде сапат маселеси орчундуу экени айтпаса да түшүнүктүү.

2010-жылкы шайлоодо “Ата Мекен” социалисттик партиясы 18 депутаттык мандат менен парламентке киреген. Бул партия шайлоо алдында башкалар сыяктуу эле убаданы мол берип, бак-даракка кызыл-тазыл чүпүрөк байлаганы дале эл эсинде. “Ата Мекен” фракциясы 5 жыл ичинде эмне кылды?

Убадасын унуткан партиялар
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:58 0:00

“Республика” партиясы парламенттен 23 мандат алган. Партия лидери Өмүрбек Бабановдун дыйкандарга 7 пайыздык насыя беребиз деген убадасы эл эсинде көбүрөөк калгандай.

Убадасын унуткан партиялар (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:14 0:00

Шайлоо жакындаган сайын шаар көчөлөрү саясий партиялардан жарнактарына толо баштады. Ар бир экинчи аялдамадан бийлик партиясы болгон КСДПнын кыйыр түрдөгү үгүт материалдарын көрүүгө болот. Анда уюлдук абоненттердин саны беш жылда 4,5 миллиондон 7,5 миллионго жеткени, автоунаалар 350 миңден 1 млн. 200 миңге, калктын саны 6 миллионго өскөнү бакыйта жазылган.

Өлкөнүн бардык өсүштөрүн өзүнө энчилеген КСДП менен табигый өсүш алган калк санын байланыштыра албай баш тырмагандар аз эмес.

Убадасын унуткан партиялар (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:13 0:00

XS
SM
MD
LG