Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Ак үйдүн жанында митинг өткөрүүгө тыюу салынды


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров

Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-июнга чейин Чүй проспектисинде, Жогорку Кеңештин имаратынын жака белинде митинг, пикеттерди өткөрүүгө тыюу салды. Бул маалыматты Бишкек милициясынын маалымат катчысы Адыл Оморов “Азаттык” радиосуна ырастады.

- Ошондой чечим бар экен. 27-майдан 27-июнга чейин Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг, пикет өткөрүүгө тыюу салынат, башка жакка барып уюштурса болот деп каралган экен. Себептери көрсөтүлгөн эмес, көзөмөлгө салгыла деп айтылган.

Бүгүн жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө, анын ичинде байкоочулар боюнча жаңы сунуштарга нааразылыгын билдирип Жогорку Кеңештин имаратынын алдына куурчак кармап пикетке чыккан. Аны милиция кармап кетип, эскертүү берип кайра бошотту.

- Көз карандысыз байкоочулар жок эч качан акыйкат шайлоо болбойт. Президент буга вето коюуга аракет кылсын. Болбосо бизде демократияны көмүп коюуга туура келет.

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү добуш берүүгө алыстан гана байкоо салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Жарандык коомдун өкүлдөрү муну укуктарды чектөө катары баалап, нааразылык акцияларын өткөрүп келүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG