Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:35

Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев экс-депутат Садыр Жапаров боюнча сот жараянында билдирди. Каптагаев сотто жабырлануучу катары көрсөтмө берип, 2013-жылдагы окуялар боюнча козголгон кылмыш ишине төрт жыл болсо да, уюштуруучулар толук аныктала электигин жана аны Жапаровдун уюштурганы боюнча далил жоктугун кошумчалады:

- Садыр Жапаровдун күнөөсүн далилдей турган менде эч кандай далил жок. Бул актап аткандык эмес. Мына сотто жарыш сөзгө келип, ар кимибиз өз пикирибизди айтып жатабыз. Бүгүнкү күнү да Садыр Жапаровдун ошол иштин башында туруп уюштурганы тууралуу күнөөсү далилденди деп эсептебейм. Меним оюмча тергөөнү соттолуп кеткен кишилерден тартып толук кайра карап чыгыш керек. Баарын тең иреттеп чыгып, андан кийин кимдин күнөөлүү экенин аныктабаса ушул сот отурумунун жыйынтыгына көзүм жеткен жок. Сот акыйкаттыгы кандай? Күнөөлүү экенин билип турсак да далил жок болсо ал киши акталыш керек. Сотто далил биринчи орунда. Эгерде Садыр Жапаровдун күнөөлүү экенин эл, баарыбыз билип турсак да бирок юридикалык далил жок болсо акталууга тийиш. Сөзсүз соттош керек деп соттоп жибергенде акыйкаттык бузулуп калат.

24-июлдагы жараянда мамлекеттик айыптоочулар Жапаровду 15 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну сураган. Кийинки сот 31-июлга белгиленди. Анда айыпталуучуга акыркы сөз берилет.

Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG