Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Садыр Жапаровду 15 жылга эркинен ажыратуу суралды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн экс-депутат, оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаровго козголгон кылмыш ишти териштирүүнү улантты. Жараянда мамлекеттик айыптоочулар Жапаровду 15 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну сурады. Прокурор Бакыт Токторбеков 2013-жылдын 7-октябрындагы митингди "Садыр Жапаров уюштурган, Ысык-Көл облусунун ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу, өрттөө тууралуу активисттерге көрсөтмө берген, аларга каржылык колдоо көрсөткөн" деп билдирди.

Сотто Жапаровдун жакындары прокурорлордун он беш жыл жаза сураганына нааразылык билдиришти.

30-июндагы сотто Эмилбек Каптагаев жабырлануучу катары көрсөтмө берип, Садыр Жапаровдун "Мага дооматыңыз барбы?" деген суроосуна "менин сизге эч кандай дооматым жок" деп айткан.

Бүгүн экс-депутаттын адвокаттары 2013-жылдын 7-октябрында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болгон митингде жана кыргыз-казак чек арасындагы "Ак Жол" өткөрмө бекетинен күч органдарынын Жапаровду кармоо операциясы тартылган видеону көрсөтүштү. Жапаровдун 2013-жылдагы митингге тиешеси жок экенин жана күч органдары аны мыйзам бузуу менен кыргыз-казак чек арасынан кармаганын, буга видео тасма далил экенин айтышты. Кийинки териштирүү 28-июлга белгиленди. Анда тараптар жарыш сөзгө өтүшөт.

Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Азыр №1 тергөө абагында камакта. Жапаров бул кылмыш ишине тиешеси жоктугун жана саясий буюртма экенин айтып келет. Ал кыргыз-казак чек арасынан кармалган күнү УКМК алдында нааразылык акциясына чыккан жүздөй кишини да милиция кармап кеткен. Алардын ичинен Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууганын кошкондо он эки киши эки айга соттолгон.

Мурдагы депутаттын жана анын тарапташтарынын ишин Кыргызстандын борборундагы Биринчи Май райондук соту териштирүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG