Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

С.Жапаровдун адвокаттары иштин видеоматериалдарын сотто көрсөтүштү


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат, оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаровдун соту уланууда. Жараянда адвокаттар видеоматериалдар менен таанышууну өтүнүштү. Сот аны канааттандырган соң, адвокаттар 2013-жылдын 7-октябрында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болгон митингден видеону көрсөтүштү. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасындагы "Ак Жол" өткөрмө бекетинен күч органдарынын Жапаровду кармоо операциясы тартылган тасма менен тааныштырышты.

Адвокаттар Жапаровдун 2013-жылдагы митингге тиешеси жок экенин жана күч органдары аны мыйзам бузуу менен кыргыз-казак чек арасынан кармаганын, буга видео тасма далил экенин айтышты. Териштирүүдө тараптар иштин материалдары менен таанышып бүткөндөн кийин жарыш сөз башталат.

Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Азыр №1 тергөө абагында камакта. Жапаров бул кылмыш ишине тиешеси жоктугун жана саясий буюртма экенин айтып келет. Ал кыргыз-казак чек арасынан кармалган күнү УКМК алдында нааразылык акциясына чыккан жүздөй кишини да милиция кармап кеткен. Алардын ичинен Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууганын кошкондо он эки киши эки айга соттолгон.

Мурдагы депутаттын жана анын тарапташтарынын ишин Кыргызстандын борборундагы Биринчи Май райондук соту териштирүүдө. (NT/SDz)

XS
SM
MD
LG