Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Жапаровдун сотунда адвокаттар иштин материалдары менен таанышат


Cадыр Жапаров.
Cадыр Жапаров.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровдун соту уланат. Бул тууралуу Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, жараянда актоочулар иштин материалдары менен таанышат. Андан кийин тараптардын жарыш сөзү башталат.

Соңку териштирүү 17-июлда өткөн. Адвокаттар Ысык-Көлдөгү окуя боюнча Жыргал Мажитов, Кубат Токсобаев жана Жолдош Кожобергенов атту үч күбөнү чакыруу өтүнүчүн келтиришип, сот аны четке какты. Адвокаттар бул чечимди мыйзамсыз деп эсептеп жатышат:

- Бизге өзүңөр алып келгиле деп жатат. Чакыруу сунушталган күбөлөрдүн бири Жыргал Мажитов түрмөдө болгондуктан аны алып келе албайбыз. Жолдош Кожобековду да өздөрү суракка алган. Сотко күбөлөрдү алып келүү мамлекеттик айыптоо тараптын түздөн-түз милдети. Бирок аны да алып келбей, көрсөтмөсүн окуп койду. Кубат Токсобаевди да келтирбей жатышат. Аларды эмнеге чакырдык? Анткени алар 2013-жылы 6-октябрда Мажитовдун үйүнө чогулуп, кандай митинг уюштуруу боюнча план түзгөнүн айтышкан. Жыргал Мажитов өз көрсөтмөсүндө Каптагаевди барымтага алуу жана митингди уюштуруу "менин планым болчу" деген. Эгер Садыр Жапаров уюштуруучу болсо Мажитов жана Токсобаев менен кандай мамилеси бар эле? Жапаровду билет беле, аны менен сүйлөшкөнбү деген суроолорду тактайлы десек прокурор каршы болду.

Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Азыр №1 тергөө абагында камакта. Жапаров бул кылмыш ишине тиешеси жоктугун жана саясий буюртма экенин айтып келет. Ал кыргыз-казак чек арасынан кармалган күнү УКМК алдында нааразылык акциясына чыккан жүздөй кишини да милиция кармап кеткен. Алардын ичинен Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууганын кошкондо он эки киши эки айга соттолгон. Экс-депутаттын жана анын тарапташтарынын ишин Биринчи Май райондук соту териштирүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG