Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Ырчы эл сынынан кийин кызматтан баш тартты


Самара Каримова
Самара Каримова

Оштогу Сулайман-Тоо музей комплексине ырчы Самара Каримованын башчы болуп дайындалышы менен мамлекеттин кадр саясаты катуу сынга кабылды. Бирок 26 жаштагы ырчы бир күндөн кийин мамлекеттик кызматтан баш тартканын жарыялады.

28-июлда ырчы Самара Каримова Оштогу Сулайман-Тоо музей комплексине башкы директор болуп дайындалган. Кабарды ырчы өзү ырастап, жамаат менен тааныша электигин билдирген болчу.

Ал арада өлкөдөгү таанымал музей комплекске Каримованын жетекчи болуп дайындалышы социалдык тармакта кызуу талкууга түшкөн. Аны менен кошо мамлекеттин кадр саясаты сынга кабылган.

Бирок 29-июлда түш оой ырчы Самара Каримова кызматтан баш тартканы маалым болду. Ал бул чечимин "Азаттык" радиосуна ырастап, кыргыз коому жаш кадрларды кабыл алууга даяр эместигин кошумчалады.

Сулайман-Тоо музей комплекси
Сулайман-Тоо музей комплекси

- Социалдык тармактарда сын айткандар аябай көбөйүп кетиптир. Анан биздин коомубуз жаш жетекчилерди кабыл алууга али даяр эмес окшойт деп чечимимди өзгөрттүм. Буюрса эки жыл ичинде сонун нерселерди жасайм деп план түзүп жаткан элем. Интернеттен тоолор тууралуу окуп, даярданып жаткам. Бирок көп эжекелерим жашсың деп жакшы ойлорун айтышкан экен. Ошону менен макул болуп кызматтан баш тарттым.

Ал арада маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков ырчы Самара Каримованы жетекчиликке дайындоону Сулайман-Тоо музей комплексинин эмгек жамааты суранганын билдирди:

- Музейдин 25 кызматкери ушул кишини коюп бергиле, иштешебиз деп кат жөнөтүптүр. Мурдагы жетекчиси менен иштешпейбиз деп эки айдан бери нааразы болуп жатышкан. Сурасак, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү оозеки макулдугун берип жөнөтүшкөн экен. Биз аны дайындасак, музейдин улуттук деген макамы, ал боюнча өкмөттүн токтому бар экен. Ошого туура келет, келбейт деп социалдык тармактарда талаш-тартыш болуп кетти. Өзү мындай ызы-чуу менен андай ишке барбайм деп баш тарткандан кийин баары жокко чыкты.

Асан Мансуров
Асан Мансуров

Сулайман-Тоо музей комплексинин жамааты ырчынын жетекчиликке дайындалганы тууралуу да, кайра ал кызматтан баш тартканы тууралуу да расмий маалымат албаганын билдиришти.

Эскерте кетсек, быйыл апрель айында Самара Каримованын күйөөсү Асан Мансуров Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ош аймактык бөлүм башчысы болуп дайындалган. Ал эми Сулайман-Тоо музей комплекси министрликтин карамагында экени белгилүү.

Мамлекеттик кызматка атайын даярдыктан өтүп, тажрыйба топтоп келген кадрлар эмес, кечээ эле бизнесте же көчөдө жүргөндөр келип калууда.
Сабыр Арстанов

Тарыхчы Сабыр Арстанов ырчы Самара Каримованын музей жетекчилигине дайындалышы азыркы кадр саясатынын абалын көргөзүп турат деген пикирде:

- Бизде кадр даярдоодо ырааттуу мамлекеттик саясат жок. Ушул кемчиликти ар ким өзүнө ылайыктап пайдаланып жатат. Мамлекеттик кызматка атайын даярдыктан өтүп, тажрыйба топтоп келген кадрлар эмес, кечээ эле бизнесте же көчөдө жүргөндөр келип калууда. Тилекке каршы, алардын арасында коррупция, криминал менен байланышкан кишилер да бар. Өкүнүчтүүсү, ошондой көрүнүштөрдү биздин коом өгөйлөбөй, көнүмүш нерседей кабылдап жатат. Эң коркунучтуусу ушул. Самаранын дайындалышы да ошонун бири болуп калды.

Ырчы Самара Каримованын күйөөсү Асан Мансуров түштүктөгү белгилүү адамдардын бири. Ал буга чейин Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрын жетектеп турган.

ЮНЕСКОнун заттык мурастар тизмесине катталган, улуттук макамы бар Сулайман-Тоо музей комплексинин төрт филиалы бар. Жамааттын жалпы курамында 98 адам иштейт. Музей жылына 4 миллион сом киреше табат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG