Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Саясатташкан сауналар


Алматыдагы кыргыз-өзбек кыздары иштеген сойкукана.
Алматыдагы кыргыз-өзбек кыздары иштеген сойкукана.

Бүгүн кыргыз коомчулугунда сауна дегенде көпчүлүктүн эсине мончодогу ысык буу эмес, денесин соодалаган кыздар жана капчыктуу аткаминерлер түшөт. Мунун да жөндүү себеби бар. Анткени мына минтип шаар түн жамынганда сауна деп аталган жайлар чыныгы жүзүн ачат. Бүгүн биз көмүскөдө аткаминерлер ээлик кылган Бишкек жана Ош шаарындагы сауна-мейманканалар тууралуу сөз кылабыз.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Бишкекте расмий катталган 150 сауна бар. Катталбай иштегени бери дегенде мындан эки эсе көп экени айтылат. Кыргызстандын мыйзамдары сауна ишмердигине эч кандай тыюу салбайт. Милиция аталган жайлардын үстүнөн арыз түшкөндө гана текшерүү иштерин жүргүзө алат.

ИИМдин маалыматында сауналардын 30 пайызы гана мончо катары иштейт, калган 70 пайызы интим кызматынын ар кандай түрлөрүн сунуштайт. Сауна "терисин" жамынып алып кыздардын денесин соодалаган жайларды ашкерелөө оңойго турбайт. Анткени аталган жайларга көмүскөдө чоң-чоң аткаминерлер ээлик кылат. Арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, милициянын лөктөрү жана эски чиновниктер да бар.

Саясатташкан сауналар (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:46 0:00

Адеп-ахлак полициясы жакында эле КСДП фракциясынын депутаты Турсунтай Салимовго таандык делген “Прадо” эс алуу жайындагы сойкукананын бетин ачып, администраторлорго кылмыш ишин козгогон. Коомчулукка “Мадина” базарынын ээси катары таанылган депутат Салимов “Прадо” эс алуу жайы жеке менчиги экенин танбайт, бирок ошол эле учурда ал жайдагы сойкуканага тиешеси жок экенин айтып келет.

Оштогу интим кызматын көрсөткөн мейманкана, сауналардын кожоюндары тууралуу эл ичинде түрдүү кептер айтылып келет. Айтылган сөздөрдүн чын-бышыгына жетүү үчүн жашыруун камеранын коштоосунда айтылуу сауналарды түрө кыдырдык.

Саясатташкан сауналар (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:55 0:00

Өлкөдө сойкулукту кадыресе кесип кылган 3500дөн ашык кыз-келин бар. Булар милициянын тизмесине илингендери гана, каттоого алынбаганы мындан алда канча көп. Сауналарда, мейманканаларда интим кызматын көрсөткөндөрдүн көбү 18-25 жаштагы кыз-келиндер. Алардын катарында 16дагы секелектер, 50 жаштагы энелер да бар.

Саясатташкан сауналар (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:34 0:00

XS
SM
MD
LG