Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Музейдеги чыр министрликке жетти


Сулайман-Тоо музейинин кызматкерлери жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылып чыгышты. Буга музейдин кош бойлуу илимий кызматкерин "боюңан алдыр" деп шылдыңдаганы себеп болгон. Кош бойлуу келинге болушкан кесиптештер жетекчиси Абдраим Тургунбаевдин мыйзамсыз иштерин айтып чыгышты. Учурда Сулайман-Тоо музейиндеги жаңжалды Маданият министрлиги текшерип жатат.

Сулайман-Тоо музейинин илимий кызматкери Чолпон Бабыева алты айлык кош бойлуу абалында тоонун чокусундагы тосмолорду сырдоого мажбур болгон. Ага карабай жетекчисинин басмырлоосуна кабылганын айтып жатат.

- Мен жетекчинин буйругу менен тоонун чокусуна чыгып, тосмолорду сырдадым. Ал жактан ооруканага түштүм. Мага бөлүп берилген участоктогу чөптү адамдарды жалдап келип ордурдум. Ошого карабай директор кесиптештеримдин жакшылык, жамандыктарына мени чакырбагыла деп буйрук бериптир. Анан мен ага кирип, "Кош бойлуулук бул жугуштуу оорубу же уят нерсеби? Эмнеге мени жерге чаап, басмырлап жатасыз?" деп сурасам, “Жакшы мамилени кааласаң боюңан алдырып сал” деп каткырып күлөт. Ага менин кесиптештеримдин баары күбө. Бул эмне деген кеп?

Музейдин усулчусу Рахима Козуева болсо илимий кызматкерлердин негизги иши калып, кара жумушка чегерилип жатышканына капа:

- Тургунбаев музейдин майда бөлмөлөрүн буздуруп, чоң залга айландырды. Андан чыккан кыштарды бизге тазалатты. Биздин музейдеги иштерибиз ары калып эле ошолорду тазаладык. Жартысын жартыга, бүтүнгө кошуп жыйдык. Анан аны Тургунбаев үйүнө алып кетти.

Сулайман-Тоодогу музей жамаатынын басымдуусунда жетекчиге нааразылык топтолуп калганын айтышты. Дагы бир музейчи Жыпара Жусуева жетекчисинин ыплас сөздөрүн көчөдөн угуп жатканына нааразы:

- Тургунбаев биздин иш бөлмөбүзгө кирип, маңдайыбызга отуруп алат. “Ии, кыйратып жатасыңар анан” – деп келекелеп отурат. Анан түш болот. "Чайыңарды алып келгиле" дейт. Биз тапканыбызды столго коебуз. Анан арак доолайт. Акыркы күндөрү эшикти кулпулап кача турган болуп калдык. Иш учурунда уруксат сурасак да “арак алып келип коюп кете бер” дейт. Анысы аз келгенсип, көчөгө чыгып алып “музейде түгөнүп бүткөн аялдар иштейт. Мен алар менен кайф кылам” деп мактанганын ар кимден уга баштадык. Биздин үй-бүлөбүз жокпу? Ушуларды өткөндө комиссия келгенде бетине айтсак унчукпайт.

Музейдин бөлүм башчысы Шайыр Абжапарова жетекчиси Абдраим Тургунбаев кызматкерлерге өзү бөлгөн сый акыны кайра алып коерун ырастады. Андан сырткары музейдеги финансылык мыйзам бузуулар текшерилбей келатканына таң калганын билдирди:

- Бизге сый акы жазат. Ага биз кол коюп, акчаны кайра Тургунбаевге алып кирип беребиз. Музейде салт ошондой дешет. Мен ошого каршы чыккандан бери сый акы албай калгам. Тургунбаевдин өзүнүн Тилек деген баласы беш жылдан бери бизде айдоочу экен. Анын иштегенин биз көргөн эмеспиз. Деги эле ошол кызматтык машиненин иштегенин көргөн жокпуз.​ Карим Досонов деген дагы бир киши жумушка келбей айлык алып жүрөт. Аны текшерген киши жок.

Ашыр Маразыков
Ашыр Маразыков

Музейдин сүрөтчүсү Ашыр Маразыковдун ырасташынча, музей жетекчиси имараттын ичин желдетүүчү шахтаны алдырып салгандан улам экспонаттарды сактоо режими бузула баштаптыр.

- Бул жерде имараттын ичин желдетүүчү шахта бар эле. Тургунбаев аны кестирип, жаптырып салды. Ошонун айынан экспонаттарды сактоонун талабы бузулду. Мисалы, музейдеги температура кышы-жайы 17-19 градус болушу керек. Азыр имараттын ичине кирип болбойт. Үп, аба айланбайт. Сүрөттөргө күн тийип жатат. Алар сыйрылып, буралып түшүп жатат. Бөлмөлөрдө көпөлөктөр пайда болду. Тургунбаев болсо желдетүүчү шахтанын темирлеринен таштарды челектерди жасатып, тоого алып чыгып койду.

"Мага каршыларды колдогондор бар"

Ал эми Сулайман-Тоо музей-комплексинин башкы директору Абдраим Тургунбаев кол алдындагы кызматкерлеринин нааразылыгын чөп оруудан келип чыкты деп эсептейт. Андан сырткары өзүнө каршы чыккандарды Сулайман-Тоо корук зонасында бизнеси бар адамдар колдоп жатат деди:

- Зордоду, кордоду, сөктү, жеди деген сөздөрдүн баары калп. Кош бойлуу аялды аборт кылдыр дегидей мен анын күйөөсү белем? Мунун баары чөп оргондон чыкты. Жумушчулардын аздыгынан илимий кызматкерлерге тоонун чөбүн ордурганым чын. Чөптү орбосоң жайында өрт чыгат. 4 миң сомдон айлык алса, чөп оргусу келбесе башка жумуш табышы керек да. Музейди желдетүүчү шахта союздун ыкмасы менен курулган, кийин иштебей калгандыктан алдырылган. Балам айдоочу болуп, беш жыл иштеди, ошону көрбөгөндөр көр. 2 миң сом айлыкка эч кимди таппай баламды иштеткенге туура келген. Досоновду болсо өздөрү таап келген. Ага табель жазган бөлүм башчы жооп берсин. Болгону беш-алты адамга 1-2 миң сомдон жазылган сыйлык акыны мен антип кайра алып коём? Мунун баарын башкы художнигибиз Маразыков менен анын аялы уюштуруп жатат. Аны Сулайман-Тоо музейинин жанында бизнеси бар байлар колдоп жатышат.

Абдраим Тургунбаев
Абдраим Тургунбаев

Тургунбаев жогоруда айтылган дооматтарды өз айыбын жашырууну каалагандардын актануусу деп билдирди:

- Негизи эле талапты катуу койгон жетекчи эч кимге жакпайт. Мисалы менде иш маалында арак ичкен кызматкерлердин түшүнүк каттары бар. Ошол эле Маразыковдун музейден Алымбек Датканын бюстун уурдап кеткени боюнча кылмыш иши азыр тергелип жатат. Иш күндөрү тажияга барам деп жооп сурагандардан тууганы өлгөндүгү тууралуу кагазды талап кылганым ырас. Тартип деген болушу керек да. Кызматкерлердин милдети өз ишин так аткарышы керек. Илимди мендей билиши керек! Мисалы, мен жокто бир комиссия келе турган болсо так айтып бериши керек. Бул дүйнө жүзүнүн сыймыгы болуп жатпайбы?

Сулайман-Тоо музейиндеги бул нааразылыкты Маданият министрлиги иликтеп, Тургунбаевге сөгүш жарыяланган. Жамаат айткан кемчиликтерди жоюуга 1-августка чейин мөөнөт берилген. Бирок музейдин илимий кызматкерлери Тургунбаевди жетекчилик кызматтан алуу талабынан кайтпай турушат.

Ош шаарынын чок ортосунда орун алган Сулайман-Тоо музей-комплекси жылына 4 миллион сом киреше табат. Ошол эле учурда калкынын саны Оштон бир нече эсе аз Таластагы Манас ордо музейи кирешеси жагынан Сулайман-Тоого жакындап барат. Манас Ордонун жетекчиси Ормошбек Чоюнбаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, музей өткөн жылы 3 миллион сом киреше тапкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG