Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:57

Акыркы жылдары Кыргызстандын аймагында археологиялык эстеликтер көп табылып, бирок аны изилдөөгө жана сактоого каражат тартыш болуп жатат.

Мындан улам тарыхый мурастарды коргоону каалаган жеке адамдар, адистер өздөрүнүн жеке демилгеси жана чет элдик уюмдардын каражаты менен тарыхый жайларды казуу жана сактоо аракетин көрө баштады. Бүгүнкү күндө Кочкордун Кум-Дөбө айылында археологиялык казуу иштери кайрадан жанданды.

Буга чейин жергиликтүү тургундардын бири Кайырбек Коңурбаев Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш аймагында баалуу тарыхый мурастар катылып жатканын, аны мамлекеттик деңгээлде изилдөө, коргоо зарылдыгын кайра-кайра айтып келген. Адистер мында орто кылымда Караханиддер доорунда салынган Баласагын шаарчасы жайгашкан деп эсептейт:

- Азыр менин жанымда "Манас" университетинен келген отуз киши Көк-Таш деген жерде хан сарайды казып жатат. Бул жерде бери жагы алты-жети бөлмө бар. Калганы азырынча белгисиз. Бийиктиги төрт метр. Эми болсо Кыргыз улуттук мамлекеттик университетинин балдарынын жанында турам. Алар айыл ичиндеги сепилдин бышкан кыштан салынган курулушун казып жатат. Бул жерде биздин божомол боюнча эки чоң шаардын чалдыбары бар. Менимче мында 200-300 жыл кенен казыла турган келечектүү археология турат.

Нарындан табылган үч миң жыл мурдагы билериктер.
Нарындан табылган үч миң жыл мурдагы билериктер.

Коңурбаев буга чейин айылдагы айдоо жерлерден табылган бышкан кыштан салынган жер астындагы шаардагы имараттардын калдыктарын кырк жыл бою өз алдынча изилдеп, жер үстүнө чыгып калган тарыхый табылгаларды чогултуп, үйүнө музей ачып, жыйнап келген экен. Жакында анын ошол чакан музейине күбө болгон франциялык кесиптештери Кош-Дөбө айылына 50 миң евролук кенен музей куруп бермей болгон. Коңурбаев ушул тапта ал музейдин долбоору даярдалып жатканын айтты.

Учурда Кочкордогу шаар чалдыбарын казуу иштерин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин тарых бөлүмү жүргүзүп жатат. Аталган окуу жайдын окутуучусу тарыхчы, археолог Кубатбек Табалдиев аталган аймакты изилдөө иштери 2000-жылдары башталып, каражат тартыштыгынан улам кайра токтоп калганын кеп кылды:

- Биз бул имаратты казып, музейге айлантуу үчүн көп жыл каражат издедик. Азыр Түркиянын ТИКА уюмунун каржылоосу менен изилдөө иштерин баштадык. Бул эстеликтин мааниси абдан чоң. Жер алдында бышкан кирпичтен салынган уникалдуу имарат бар. Совет мезгилинде анын айрым жерлери бузулуп калган. Ал эми кийин биз каражат издеп жүргөн учурда жергиликтүү шылуундар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн казуу иштерин жүргүзүүгө аракеттенишкен.

Кан-Дөбөдөгү археологиялык табылга
Кан-Дөбөдөгү археологиялык табылга

Табалдиев бул жолу изилдөө иштери ар кандай тармакта жүрүп жатканын, казуу иштеринен сырткары жаңылык катары ушул тапта Кочкор районунун аймагынан байыркы жазуулар да табылганын, учурда аларды адистердин өзүнчө тобу изилдей баштаганын айтты. Адис буга улай окумуштуулар учурда археологиялык жана архитектуралык мурастарды сактоодо коомчулуктун жардамына муктаж экенин кошумчалады.

Окумуштуулардын айтымында, Кыргызстандын аймагында тарыхый мааниге ээ жүздөгөн археологиялык жана архитектуралык эстеликтер жайгашкан. Али тактала элек, белгисиз аймактар да бар. Мисалы, кечээ жакында эле Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жолборсту аймагында жашаган Талантбек Шайбеков өзүнө үй салып жатып илгерки заманга тиешелүү кумуранын калдыктарын, чоподон жасалган карапа таап алган:

- Муну мен үч-төрт күн мурун жер казып жатып көрүп калдым. Анан сындырбайын деп этияттап көөлөп чыгарып койдук. Карасак бир жеринде бир аз жаракасы бар экен. Ал жерин зым менен акырын байлап койгом. Азыр ошол бойдон эле турат. Эч нерсе болгон жок. Мурда бир чакан кумурабыз бар эле аны трактор көрбөй тебелеп алыптыр. Азыр дагы бир нерсе турат. Анын казышым керекпи же жокпу азырынча билбей жатам. Чоподон жасалган эки кулагы бар жакшынакай идиш экен.

Ташка чегилген байыркы сүрөт.
Ташка чегилген байыркы сүрөт.

Шайбеков өзү жашаган аймакта мындай тарыхый буюмдардын калдыктары тез-тез табылып турарын, бирок алар кайсы доорго таандык экени изилденбей, музейлерге тапшырылбай эле жок болуп кеткен учурлар көп кездешерин кыстарды. Өзү бул жолку тарыхый табылгасы тууралуу массалык маалымат каражаттарына кабарлаган. Бирок азырынча ага кызыккан адистер боло элек.

Маданият министрлигинин тарыхый мурастар боюнча башкы адиси Чынарбек Жолдошевдин айтымында, мыйзам боюнча тарыхый мурас деп табылган заттар жеке адамга тиешелүү болгон күндө да өлкөнүн чегинен сыртка чыгарылбашы керек:

- Археологдор казуудан табылган буюмдарды изилдөө иштерин жүргүзүп бүткөнчө үч жыл өздөрүнө сактаганга болот. Андан кийин милдеттүү түрдө мамлекеттик музейлерге тапшырышат. Ал эми жай тургундар кандайдыр бир тарыхый буюмдарды таап алса аны атайын адистерге же ошол өрөөнгө жакын мамлекеттик музейлерге билдириши зарыл. Музей болбосо мектептердеги музейлерге берсе болот.

Жолдошев учурда 1999-жылы кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын тарыхый мурастарды коргоо жана сактоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип жатканын, ал кабыл алынганда тарыхый мурастарды сактоо боюнча айрым кемчиликтер толук иретке түшөт деп ишендирди.

Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында селдин топурагы баскан шаарларды казып жаткан адистер ал жерде үч жыл бою изилдөө иштерин жүргүзөт.

Археологиялык табылгалар

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG