Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Лондондо сатылган зер буюмдар Кыргызстандан уруксатсыз чыккан


Лондондо (Англия) белгилүү «Сотбис» аукционунда Кыргызстандан барган V кылымдагы зер буюмдар 242 миң 500 фунт стерлингге сатылганы маалымдалган. Бул боюнча коомчулукта аталган тарыхый мурастар Кыргызстандын чегинен кантип чыгып кеткен деген суроо жаралууда.

«Сотбистин» сайтында «Бул буюмдар Сансызбай Үмүткорго тиешелүү болгон. Ал буюмдарды 1890-1895-жылдары алган. Андан кийин муундан-муунга өтүп үй-бүлөлүк мурас болуп келген. Алар 1939-жылы Ү.Сансызбайдын небереси Зария Үмүткорго өткөн. 1967-жылы Зария Үмүткор өзүнүн кызынын үлпөт тоюнда буюмдарды белек катары берген. 2013-жылы алар Словакияга экспорттолгон», - деп кабарланган.

“Азаттыкка” жергиликтүү искусство таануучу Дамира Алышбаева: “мен 2013-жылы Маданият жана маалымат министрлигинин кызматкери болуп иштеп турганда Словакиядан аталган буюмдарга аныктама берүү үчүн алардын сүрөттөрү келген болчу. Биз буюмдардын өзүн көрбөй, колубуз менен кармабай туруп эксперттик жыйынтык чыгаруудан баш тартканбыз. Бирок алар аталган зер буюмдар чет өлкөдө экенин айтышкан. Андыктан биз фотосүрөткө карата эксперт чыгарып жатканыбызды баса белгилеп, “мындай буюмдарды Кытай чек арасынан баштап Байкалга чейинки аралыктан кездештирүүгө болот”-деген гана маалымат бергенбиз. Аны кайсы бир мамлекетке чыгаруу же киргизүү тууралуу макулдашуу болгон эмес. Интерпол аркылуу жогорудагы баалуу мурастар Кыргызстандагы музейлерден уурдалбаганы тастыкталган”, - деген маалымат берди.

Муну менен бирге Алышбаева Маданият минисрлигинен мураска калган зер буюмдарды Кыргызстандан чыгарып кетүүгө расмий уруксат берилбей турганын, бирок жашыруун түрдө алынып кеткен учурлар да болорун кошумчалады. Анын баамында, бул зер буюмдар Кыргызстандан уруксатсыз чыгып кеткен. Же буга чейин эле Словакияда болгон.

Доктор Ноэль Адамс бул буюмдар 4-кылымдын аягында гунндардын мезгилиндеги ажыдаардын бийик макамынын салты менен байланыштуу болушу мүмкүн деп белгиледи. Мындай зер буюмдарды жогоркы даражалауу адамдар тагынышкан.(ZA)

XS
SM
MD
LG