Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Тажикстанда байыркы шаар табылды


Тажикстан, 15-сентябрь, 2016
Тажикстан, 15-сентябрь, 2016

Тажикстанда археологдор байыркы заманга таандык шаардын калдыктарын табышты. Ал жердеги буюм-тайымдар, окумуштуулардын айтымында, бул жерде бир кезде ири соода борбору болгонун айгинелейт.

Тажикстандын Хатлон облусунда, борбор шаар Душанбеден жүз чакырымча алыс жайгашкан Абдурахмон Жоми атындагы райондон табылган майда скульптуралар, окумуштуулардын айтымында, Кушан падышачылыгынын дооруна таандык. Качандыр бир кездерде бул аймакта ири соода борбору болуп, жашоо кайнап турган дешет алар.

Тажикстандын Улуттук музейинин археологдору соңку эки аптадан бери ал жерде казуу иштерин жүргүзүп жатат. Саёд дарыясынын жээгинде, дөңсөө жерде жайгашкан шаардын ордунан бүгүнкү күнгө карата 10 чакты ири табылга казылып алынды.

Бул жерди окумуштуулар байыркы «Кумуралар шаары» деп да аташат.

Аталган аймакка жетүү оңой эмес, жолу катаал. Андыктан байыркы дүйнө менен кезиккиси келгендер тоону бойлой жүрүп отуруп гана жете алышат.

Майда буюм-тайымдан тышкары, казуу иштеринин натыйжасында эки турак үйдүн калдыгы да даана көрүнө баштады.

​Археологдор тобунун жетекчиси, Тажикстандын Улуттук музейинин Археология жана нумизматика башкармалыгынын жетекчиси Давлатходжа Довудинин «Азаттык» радиосунун тажик кызматына айтып бергенине караганда, изилдөө иштери жалпысынан үч жерде жүргүзүлдү. Бул жолу табылган байыркы шаар эки бөлүктөн турган деген божомол бар. Биринде башкаруучулар, экинчисинде жөнөкөй тургундар жашачу.

Изилдөө боюнча негизги милдет окумуштууларга жүктөлгөн, казуу иштерине жергиликтүү тургундар ыктыярчы катары катышууда.

- Казуу иштеринин алгачкы жыйынтыгы бул дөңсөө жерде Кушаниддер доорунда ири шаар, соода-сатыктын борбору болгонун айгинелеп жатат. Жер астынан табылган тыйындар жана чакан скульптуралар, темир чапандар, чоподон жасалган азем буюмдар, мунун баары кушаниддер дооруна таандык.

Азыркы күндө бул тарыхый эстеликтин тегерегиндеги изилдөө, казуу иштери уланып жаткандыктан, алдыда дагы кандай кызыктуу ачылыштар болору белгисиз.

Турак жай же кампа болчу деген эки курулуштун биринин ичинен эки чоң кумура табылды. Археологдордун белгилешинче, аларды кушандар сууну муздак бойдон сактап, күндүн аптабында ичүү үчүн пайдаланган болушу ыктымал.

Казуу иштери бир эле мезгилде эки тараптан жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата жогоруда аталган табылгалардан тышкары 24 байыркы тыйын табылды. Алар кушан доорундагы Канишка, Сотер, Вегас, Вима Кадзиф падышаларына таандык болгон деген божомол бар. Алардын жанынан колунда баласын кучактап турган «Кудай эне» чакан айкели, идиш-аяк, курал-жарак, түрдүү жөрөлгөлөрдө колдонулуучу чырактар жана коло шакектер да табылды.

Тарыхчы-окумуштуулар бул аймак кушандар учүн соода-сатык катышында өтө маанилүү болгонуна көңүл бурушат. Археолог Довудинин айтымында, шаар байыркы Улуу Жибек жолунда жайгашкан. Оң тарабында Индияга кетчү жол, сол жагында Кытай.

- Бул шаар азыр Вахш деп аталган өрөөндүн түндүк жана батыш бөлүгүн тоолор аркылуу Хатлон менен байланыштырып турган. Ал аркылуу Кытайга жол ачылчу. Башкача айтканда, бул шаар ошол кездеги Түндүк Бактрия аймагынын маанилүү коммерциялык жана экономикалык байланыш түйүнү болгон.

Окумуштуулардын бул аймактагы экспедициясы 10-октябрга чейин уланат. Ал эми кийинки этабы келерки жылга пландалууда.

Долбоор байыркы шаардын тарыхый маанилүүлүгүн эске алганда салыштырмалуу чакан бюджет менен ишке ашырылып жатат. Ага Улуттук музейден 4 миң доллардай акча бөлүнгөн.Беш археолог жана он чакты ыктыярчы иштеп жатышат.

Соңку жылдары тажик жергесинде бул сыяктуу тарыхый эстеликтер табылган бир нече учур болду. Бийлик мунун эл үчүн байыркы тарыхын, маданиятын таануу жагынан мааниси чон экенин, ал эми туристтик компаниялар келечекте чет жактардан туристтерди тартуу аркылуу пайда тапса болорун айтууда.

Кушандар падышачылыгы, тарыхчылардын айтымында, болжол менен I-III кылымдарда азыркы Борбор Азия, Ооганстан, Пакистан, Түндүк Индиянын аймагын ээлеген байыркы мамлекет болгон.

XS
SM
MD
LG