Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:16

Ельцин музейинин талаш жараткан сыйлыгы


Орусиянын туңгуч президенти Борис Ельцин жана режиссер Никита Михалков.
Орусиянын туңгуч президенти Борис Ельцин жана режиссер Никита Михалков.

Орусиялык режиссер Никита Михалковдун Ельциндин музейи алган европалык сыйлыкты кемсинткени коомчулукта кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин атындагы музей 6-майда эл аралык "Европадагы жыл музейи" наамын алган.

6-майда Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцинге арналган "Ельцин борборундагы" музей “Европада жыл музейи” наамына татыды. Наам менен кошо сыйлыктын негиздөөчүсү Кеннет Хадсондун сыйлыгы да ыйгарылды.

Бирок бир күн өтпөй, көптөн бери "Ельцин борборуна" сын айтып келген орусиялык режиссер Никита Михалков жөн калган жок. Ал 7-майда "Москва сүйлөйт" радиосунун түз обосунда маек берип жатып, сыйлыкты “cоветтик жаран нацисттик армиянын төш белгисин алганга барабар” деп атады.

Режиссердун бул сөзү орус коомчулугунда талкууларды жаратты.

"Ельцин борборунун" аткаруучу директору Александр Дроздов европалык кесиптештеринен кечирим сурап, Михалков бул сөздөрү менен аталган музейди гана эмес, 40 жылдан бери тапшырылып келген бул сыйлыкка татыган бардык музейлерди кемсинткенин "Азаттык" радиосунун орус кызматына айтты.

- Тилекке каршы, анын сөздөрү адам реалдуулук менен байланышты үзүп, кыларга иши жок калганын көрсөтүүдө. Биз аны менен такыр эки башка дүйнөдө, же эки башка Орусияда жашап жаткандай сезилет. Бул кесипкөй көз караштын жана табиттин жоголгонун айгинелейт. Бул сөздөрдү өткөн доордо жашаган, кокустан эле көзү ачылып, башкача ойлонуп калган киши айтып жатат.

"Ельцин борбору" Екатеринбургда 2015-жылдын күзүндө ачылган. Анын ачылыш аземине Орусиянын президенти Владимир Путин жана өкмөт башчы Дмитрий Медведев да катышкан.

Борбор Ельцин башкарып турган жылдарды, анын тарыхый, саясий мурастарын сактап калуу жана изилдөө максатын көздөрү айтылган.

Екатеринбургдагы "Ельцин борбору"
Екатеринбургдагы "Ельцин борбору"

Михалков музейдин дарегине алгач жолу 2016-жылы март айында сын айткан эле. Анда режиссер Youtube социалдык тармагындагы "Бесогон ТВ" деген автордук программасын толугу менен Ельциндин музейине арнап, ачуу сөздөрүн аяган эмес.

Ал эми 2016-жылдын соңунда Федерация кеңешиндеги талкууда Михалков "Ельцин борбору" тарыхты бурмалап, жаш муундун аң-сезиминин калыптанышына кедергисин тийгизип жатат деген пикирин айткан. Кийинчерээк Михалков өзү барып, борбордун иши менен таанышып чыккан соң да оюн өзгөрткөн эмес.

"Ельцин борбордун" жетекчиси Александар Дроздов атактуу режиссердун мындай мамилесин түшүнбөй турганын айтып келет. Дроздов учурда Путиндин саясатын колдоп келген Михалков 1990-жылдары Ельцин менен да жакшы мамиледе болгонун жана анын колунан бир нече сыйлык алганын билдирүүдө:

- Биздин Екатеринбургдагы музейде Михалковдун Орусиянын ошол кездеги президентинин администрациясы жана жеке Борис Николаевич Ельцин менен жазышкан каттары бар. Ошол себептен режиссердун ал жылдарга нааразы болгонго акысы да жоктой. Өзүнө жараша майда жооп кайтара турган болсок, ал 90-жылдары алган "Оскар" сыйлыгын кандай бааласак болот? Мен анын ордунда болсом бул сыйлыкты кайра кайтарып бермекмин. Анда ал деле Конгресстин медалындай болуп жатпайбы.

Михалков Ельциндин колунан кезектеги сыйлыкты алып жатат.
Михалков Ельциндин колунан кезектеги сыйлыкты алып жатат.

Быйыл 25-апрелде Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин дүйнөдөн өткөнүнө туура 10 жыл толду. “Левада” борборунун сурамжылооосуна караганда, орусиялыктардын үчтөн экиси анын башкаруусунун жыйынтыгына канааттанбаганын билдиришкен.

Айрымдар аны өлкөдө экономикалык маселелерди чече алган эмес деп айыптаса, башкалары Чеченстандагы согушка жана жалпы эле ошол кездеги өлкөдөгү кризиске күнөөлөп жүрүшөт.

Анткен менен Ельциндин тушунда сөз эркиндигин жана демократияны бекемдеген Баш мыйзам кабыл алынып, АКШ жана Европа мамлекеттери менен Орусиянын ортосунда алака-катыш оңолгонун да айткандар бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG