Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Эски заводдун жаңы жашоосу


Эски металлургиялык заводдун концерттик залга айлантылган мурдакы газ коллектору. Острава шаары.
Эски металлургиялык заводдун концерттик залга айлантылган мурдакы газ коллектору. Острава шаары.

Завод-фабрикалар да карыйт. Чехиянын Төмөнкү Витковице металлургиялык заводу эскилиги жетип токтотулгандан кийин Улуттук-маданий эстелик деп жарыяланып, музейге жана илимий-техникалык борборго айлантылган. Острава шаарындагы бул музейди көргөнү келгендердин аягы суюлбайт.

Айнектелген вагонетка 45 градус жантайыңкы темир жол менен жай өйдөлөп жылып баратты. Бул вагонетка менен бир кылымдан ашык убакыт домна мешке темир рудасы ташылган.

Азыркы вагонетканын тартканы 25 турист. Биз туристтер - гид кызды жана вагонетканы жүргүзгөн орто курактан өткөн машинисттин кебине кулак түрүп, айланага таңдана карап бараттык.

Усейн Болт мунарасы (мурдакы Домна меши)
Усейн Болт мунарасы (мурдакы Домна меши)

- Тээ алыстагы көгүлтүр мунаралуу имарат Острава шаарынын мэриясы - ратуша. 1925-жылы курулган. Мунарасынын бийиктиги 86 метр. Ал Чехиядагы эң бийик ратуша. Анын жан-жагындагы борбордук китепкана. Мен студент катары айтайын: мага керек китеп жок болсо, аны китепкананын шаардагы башка бөлүмдөрүнөн эки күн арасында таап беришет. Ал эми Брнонун шаардык китепканасы издеген китебиңизди 15 мүнөттө колуңузга берет. Ошого азыр жаңы китепкана салынууда... А мына бул домна меши. Ал иштеп турганда күнүнө 1200 тоннага чейин чоюн өндүрүлгөн. Металлургиялык завод 162 жыл иштегенден кийин 1998-жылы жабылган. Жаңы завод күн чыгыш тарапта көрүнүп турат. Ал ArcelorMittal (Арсело́р Ми́ттал) Острава деп аталат.

Арселор Миттал металлургиялык компаниясынын негизги акционери жана жетекчиси индус ишкер Лакшми Миттал. Fortun журналынын жазышынча, Арселор Миттал чоңдугу боюнча дүйнөдөгү 500 компаниянын ичинде 108-орунда турат.

Диниятчы түптөгөн металлургиялык завод

Вагонетка сокудай болгон 20 метрлик мештин төбөсүндөгү аянтка жылып чыкканча, бизге гид кыз Остраванын алыстан силуэти көрүнгөн имараттары, Төмөнкү Витковице металлургиялык заводунун тарыхы, металл өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып баратты.

Эски металлургиялык комбинаттын бир бөлүгү
Эски металлургиялык комбинаттын бир бөлүгү

- Металлургиялык заводду 1828-жылы Оломоуц шаардын католик динзарларынын көздүү башчысы - архиепископ Рудольф негиздеген. Hlubina шахтасы, кокс заводу жана домна меши бир жерге жайгашкан. Ошон үчүн көмүр казуу, көмүрдү иштетип кокс алуу жана темирди ээритип чоюн өндүрүүгө чейинки татаал технологиялык процесс бир жайда жүргөн Европадагы жападан-жалгыз металлургиялык комплекс болгон. Завод 1998-жылы жабылган. Ал иштеп турган жылдары 90 миллион тонна чоюн, 42 миллион тонна кокс чыгарган. Аларды чыгарууга 200 миллион тонна чийки зат керектелген. Домна меши орточо он жыл иштейт. Анын абалын ар беш жылда текшерип, кемтигин оңдоп турушкан. Ал маалда мештин түп жагындагы температура 2000 градустан 1600 градуска түшкөн. Мештин жогорку жагында температура 50% төмөндөп, 200 градус болгон. Ошондой ысыкта отко оңой менен күйбөс кийим кийген жумушчулар беш мүнөт сайын алмашып иштеп, мештин ички бетин оңдошкон.

Ал эми тамашакөй машинист вагонеткасы менен “Чех булбулу” деп аталган эзелки Карел Готту, жарым кылымдан бери сахнадан түшпөй ырдап жүргөн Елена Вондрачкованы, акыркы чейрек кылымдагы эң популярдуу чех эстрада ырчысы Люция Белланы жана башка мен билбеген атактуу адамдарды ташыганын айтып сыймыктанып келатты.

Мунаранын учуна кеткен айлама көпүрөдө
Мунаранын учуна кеткен айлама көпүрөдө

- Баары картаят. 1998-жылы эски металлургиялык завод жабылгандан кийин анын жетекчилери бир кезде өлкөнүн сыймыгы болгон ишкананы кантип тозутпай сактап калуунун айласын ойлошот. Акылдашып отуруп Домна мештерин, газ сактоочу жайды, кокс өндүрүү өндүрүшүн жана көмүр кенин бузбастан туруп, болочок муун үчүн техникалык эстелик катары сактоо үчүн музейге айланталы деп чечишет. Баса, 1835-жылы ачылып, 1992-жылга чейин иштеген көмүр шахтасы Острава бассейниндеги эң эски көмүр кени эле. Ал эми каршы тараптагы көмөкчү цехтер менен өндүрүштү камсыздоочу кызматтар жайгашкан имараттар модернизацияланып, бүгүн да пайдаланууда.

Ошентип, мурдагы №1 Домна меши 300 миң калктуу калаанын чар тарабына турнабай салып карачу мунарага айланат. Мунарага кимдин ысымы берилген дебейсизби? Бийиктиги 80 метрлик темир мунара дүйнөнүн эң күлүк адамы эсептелген ямайкалык спринтер Усейн Сент-Лео Болтун аты ыйгарылган. Мунун өзү чехтер адамды ээлеген кызматы боюнча эмес, жасаган иши боюнча бааларын жана жаш муундун кимден үлгү алуусун каалаганын көрсөтөт.

Эски заводдон эл аягы үзүлбөйт

Конус формасындагы мурдагы газ сактоочу темир кампа көп функционалдуу заманбап концерттик залга айлантылат. Темир сыртын дат баскан алдагы концерттик зал “Гонг” деп же кытайлыктардын өзүнөн өзү үн чыгарып турчу илинип коюлган табакка окшош формасындагы музыкалык аспабынын аты менен аталган. Ага 1500 адам батат. Бул залда 12 ай бою илимий-техникалык жана маданий жыйындар, концерттер өтүп турат.

Туристтер Усейн Болт мунарасынын төбөсүндөгү аянтта
Туристтер Усейн Болт мунарасынын төбөсүндөгү аянтта

Металлургиялык заводду электр менен камсыздоочу цех Илим жана техника борборуна айлантылган. Келген коноктор ал жерден буу машинесинен тартып, космостук кемелерге чейинки техника менен таанышып, алардын кандай иштегени менен таанышат, виртуалдуу түрдө башкара да алат. Ошондой эле мухит астындагы дүйнөгө виртуалдык саякат жасасаңыз, түрдүү физикалык, химиялык эксперименттерди өз колуңуз менен жасап көрсөңүз болот. Адамдын организми кандай иштегенин, жаратылыштын миң түркүн кубулуштарын байкасаңыз, анын ичинде чагылган кандай пайда болгонун, темир кантип эритилгенин, шаарлар кантип тейленгенин, айтор бу жашоонун кан тамыры кандай какканын жайма-жай жүрүп көрсөңүз да, үйрөнсөңүз да болот.

Улуттук тарыхый эстеликтин деталдарына алаксыбай, гид кызды ээрчип алып, Усейн Болт мунарасына саякатты уланталы. Жылма вагонеткадан чыккандан кийин 80 метр бийиктеги сереге эки жол менен чыгасыз. Биринчи жол мунаранын өзөгүндөгү эшме шаты болсо, экинчи жол мунараны айланып, улам өйдөлөп кеткен темир көпүрө. Көпүрө менен баратып, жерди карасаң башың айланат. Ошого мунаранын өзөгүндөгү тик эшме шаты менен чыкканды оң көрдүм. Аны менен баратып, ар экинчи кабатта ажаткана бар экенин көргөнүмдө таң калганымды айтпаңыз. Себеби Кыргызстанды эстеп кетпедимби.

Мунаранын төбөсүнө чыккандан кийин Острава шаарына жана теребелге суктана карап турдук. Андан соң эки кабат ылдыйдагы тегерете айнектелген кафеге кирип кофе ичип, чехтердин өтө таттуу эмес тортунан жедик. Шаар алакан астыбызда турду. Музей комплекстин тушуна улам трамвайлар токтоп жатты. Ал эми Улуттук маданий эстеликке айланган мурдакы металлургиялык ишкананын аймагындагы спорттук залдарга, Илимий-техникалык борборго жана мейманкананын жанындагы паркингдерге жеңил машинелер тынбай келип жатты.

Кыргызстан: Эски заводдордун музейлери кайда кетти?

Чехиянын Острава шаарындагы Төмөнкү Витковице улуттук маданий эстелик комплексин кыдырып жүрүп, Кыргызстанда ушундай музейлерди курса болот эле го деген ойго келдим. Себеби, өлкө Москвадан эгемендик алгандан кийин канчалаган көмүр жана сымап кендери, заводдор жабылып калбадыбы. Алардын негизинде техникалык музей түзүү мүмкүнчүлүгүн сурап, бир кезде Орто Азиянын отун кенчи эсептелген Кызыл-Кыя шаарынын маданият бөлүмүнүн башчысы Талила Халмурзаевага кайрылдым. Тажрыйбалуу адис:

- Мурдагы Тоо-кен техникумунун окуу борборунун полигонун Кулатов атындагы тоо-кен колледжи окуу базасы кылып пайдаланууда. Анын шахтасы да бар. Ошол полигонду музейге айлантса болот. Эски шахталарды азыр “апачилер” иштеп жүрүшөт. Бардык кендер Ноокат районуна өтүп кеткен,- деп айтты.

Ал эми Ош шаарындагы Сулайман тоо тарыхый археологиялык музей комплексинин директорунун орун басары Хайрулла Убайдуллаев каражат болсо же ээлери кызыкса, бүгүн иштебей калган мурдагы атактуу завод-фабрикалардын негизинде музейлер ачуу идеясын колдорун, бирок андай тажрыйба өлкөдө жок экенин айтты.

- Ош шаары тарыхый шаар. Орустар жаңы шаарды тарыхый шаардын үстүнө эле куруп койгон. Эгер эски шаар сакталып калса, сонун болмок. Ошто иштебей туруп калган завод-фабрикалар негизинен акционердик коом болуп кеткен. Алар дайыма пайданы ойлошот да. Бизде өзүн актабайт деп маданиятка инвестиция салынбайт деңизчи. Иштебей калган ишканалардын негизинде музей түзүү биздин практикада жок. Мурдагы Жибек комбинаты жана ХБКнын (Пахтадан кездеме чыгарчу комбинат) өз музейлери бар эле. Алардын экспонаты кайда калганы беймаалым.

Улуттук тарыхый эстеликтин аянтындагы паркинг
Улуттук тарыхый эстеликтин аянтындагы паркинг

Айтмакчы, Чехиянын Острава шаарындагы Төмөнкү Витковице металлургиялык заводунун базасында негизделген Улуттук маданий эстелик комплексин 2008-жылы Европа биримдиги Европанын маданий мурастарынын тизмесине киргизген. Ошондон кийин 15 гектар аянттагы эски заводду музейге жана илимий-техникалык борборго айлантуу үчүн Европа Биримдиги менен Чехиянын өкмөтү биргелешип, 20 миллион евродон көп субсидия берилген. Быйыл сегиз айда эле Улуттук-маданий эстеликти көргөнү келген адамдардын саны 1 миллиондон ашты.

Улуттук-маданий эстелик комплексин мурдагы Төмөнкү Витковице металлургиялык заводунун негизинде мурдагы жетекчилик түзгөн VÍTKOVICE MACHINERY GROUP акционердик коому жетектейт. Ал эбак эле мурдагы профилин өзгөртүп, жаңы технологияга негизделген продукцияларды чыгарат. Бул ишкана бүгүн болот цилиндрлерди чыгаруу боюнча Европанын лидери. Дүйнөдөгү деңиз кемелеринин 20% анда жасалган коленвалдар орнотулган. Бул Витковице инженердик тобунун көп багыттуу ишмердигинин бир тарамы гана.

XS
SM
MD
LG