Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Музейлер - мамлекеттин күзгүсү


Сулайман-Тоодогу музей
Сулайман-Тоодогу музей

Бул ирет апта темасын “Азаттык” Кыргызстандагы музейлерге арнап, алардын азыркы ал-акыбалын билүүгө аракет кылды.

Кыргызстанда мамлекеттин карамагындагы элүүдөн ашык музейдин таанымалдарынын бири - Оштогу Сулайман-Тоо музей комплекси. Бул музейге акыркы жети жылдан бери жаңы экспонаттарды сатып алууга жана изилдөө иштерине каражат бөлүнө элек. Музей жетекчилиги коопсуздук маселесинен улам баалуу экспонаттарды көргөзмөгө кое албай келүүдө. Шаар тургундары Оштогу музейлерде таң кала турган уникалдуу, баалуу буюмдар жок дешет.

Ал эми Ат-Башы районундагы Манастын заманынан калган байыркы чеп катары белгилүү Кошой-Коргон тарыхый эстелигинин жанындагы тарыхый-маданий музейдин ачылганына сегиз жыл болду. Туристтик аймакка айландырабыз деген дымак менен курулган бул менчик музейдин азыркы абалы көңүл жылытарлык эмес.

Башканы коюп, “Манасты” айт демекчи, чыгаан сүрөтчү Теодор Герцендин ысымы биринчи кезекте “Манас” эпосун эске салат. Анын Манасты баштап тарткан эл аралык деңгээлде таанылган сүрөттөрү азыр өзү туулуп-өскөн Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы көркөм сүрөт музейинде далайларды суктантып келатат. Улуу талант өзү уюштуруп кеткен музейдин тарыхы, абалы жөнүндө акдөбөлүктөрдүн кептерин кабарчыбыз угуп кайткан. Музейлерге арналган атайын берүүбүздүн аудио версиясын сунуштайбыз:

Музейлер - мамлекеттин күзгүсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:29 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Мирлан Кадыров

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган. 
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG