Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

Мамлекеттин сыйлыгына арзыгандар


БШКнын мурдагы төрагасы Туйгуналы Абдраимов III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды.
БШКнын мурдагы төрагасы Туйгуналы Абдраимов III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Эгемендиктин 25 жылдыгына карата ыйгарылган мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Сыйлык тапшыруу салтанаты коомдук ишмер, маркум Исхак Раззаковго ыйгарылган “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын жана “Ак шумкар кут” орденин анын кызына тапшыруу менен башталды.

Бул ирет мамлекеттик сыйлыкка ээ болгондордун басымдуу бөлүгүн маданият өкүлдөрү түздү. Сыйлык алган агартуучулар арасында “Азаттыктын” “Жол” даректүү тасмасы аркылуу таанылган элеттик мугалим Кеңешбек Шоруков да болду. Ал “Эмгек сиңирген мугалим” наамын алды.

Азыркынын Дүйшөнү
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:08:43 0:00

Мамлекеттик сыйлыкка арзыгандардын катарына талантын эл баалап, бирок, мамлекеттин баасына татыбай келаткан комузчу Намазбек Уралиев, обончу Абидин Темиров, режиссер Темир Бирназаров өңдүү өнөрлүү адамдар да болду.

“Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамын алып жаткан режиссер Темир Бирназаров кесиптеши Эрнест Абдыжапаров менен мындан он жылдай мурда дал ушул мамлекеттик сыйлыктан баш тартышкан болчу. Бирназаров бул ирет мамлекеттин баасын тааныганы менен, баалоонун ушундай ченемдеринин келечекте жоюлушун каалайт:

- Анткени айрым адамдар ушундай сый-урматка жетүүнү максат кылып алышат. Иш жүзүндө эл билген таланттуу инсандар толтура. Ошол эле учурда эч ким тааныбаган наамдуулар көп болуп жатпайбы. Менимче, мамлекет тарабынан наам берүү бара-бара жоюлуп кете турган нерсе. Сыйлык берүү илгери мамлекеттик идеологияны жайылтуу үчүн керек болгон, - дейт Темир Бирназаров.

Ал эми отуз жылдан бери өнөр сересинде жүрүп, эми гана президенттин Ардак громатасына жеткен Гулзат Байзакова маданият ишмерлерине сыйлыктар эстрада ырчысы Мирбек Атабековго “Эмгек сиңирген артист” наамы берилгендей өз маалында ыйгарылган учурлар аз болорун белгиледи.

Гүлзат Байзакова.
Гүлзат Байзакова.

Буга Байзакова көзү өтөрүндө сыйлыкка жеткен айтылуу Рыспай Абдыкадыров өңдүү мисалдарды келтирди:

- Канчалаган өнөр адамдары тирүүсүндө бааланбай көзү өткөндөн кийин бааланып калганы өтө чоң арман. Канчалаган нукура таланттар бар. Нурак Абдырахманов не деген талант эле? Тилекке каршы ал киши наамды өмүрүнүн акырында алды. Мындай нерселер чыгармачыл жамааттагы чоң көйгөй.

Жазуучулар бирлигинин төрагасы Акбар Рыскулов президенттин колунан Кыргыз эл акыны наамын алды.
Жазуучулар бирлигинин төрагасы Акбар Рыскулов президенттин колунан Кыргыз эл акыны наамын алды.

Сыйлык алгандардын катарында "Жардамдашуу оңой" кайрымдуулук фондунун жана Кыргызстандагы алгачкы балдар хосписинин негиздөөчүсү Динара Аляева да болду. Ал Ардак грамота алды. Аляева 2013-жылдан бери рак илдетинен жабыркаган балдарга жардам берүү менен алектенеп келет.

Сыйлык тапшыруу салтанаты коомдук ишмер, маркум Исхак Раззаковго ыйгарылган “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын жана “Ак шумкар кут” орденин анын кызына тапшыруу менен башталды. Бул наамды ыйгаруу тууралуу жарлык 2010-жылдын декабрында Роза Отунбаева президент болуп турганда чыккан.

Буга чейин мамлекеттик ишмерлерден көзү өткөндөн кийин "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамдары саясий жана коомдук ишмерлер Дооронбек Садырбаевге 2011-жылы май айында, Апсамат Масалиевге 2005-жылы июнь айында ыйгарылган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG