Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

“Баатыр эне” наамына жетпегендер нааразы


Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын бир топ энелери эки-үч жылдан бери “Баатыр эне” орденин алуу үчүн топтогон документтерин райондук комиссия өткөрбөй жатат деп даттанышууда. Адистер документ кабыл алуу талаптары жогорулап, ага шайкештик болбой жатат деп түшүндүрүшүүдө.

Аксынын Кызыл-Жар айылында жашаган 60 жаштагы Парикан Сасыкбаева жети уул, эки кызды тарбиялады. Кичүү баласы 20 жашка чукулдап калса да “Баатыр эне” наамын ала элек. 2013-жылдан бери жыл сайын документ даярдап, бирок тапшыра албай жүрөт:

- Абышкам менен бирге айыл өкмөткө, райондук бийликке, жада калса ушунун айынан облус жетекчисине чейин барып кайрылдык. Баары эле документиңер туура эмес деп жообун берип жатышат. СССР мезгилинде орус адистер туулгандыгы тууралуу күбөлүк жазууда кыргыз ысымдарын орусчалап жазып койсо ал биздин күнөөбүз эмес да. Ошол себептүү азыр документтерибизде башаламандык жаралып жатат. "Абышка, албасам албай эле койдум" деп айтсам, ал болбойт. Чынында эле карасам келиндерим менен тең аялдар алып жатса, өзүнчө арданат экенсиң да. Мамлекеттин бир тыйын акчасы, кагазы деле керек эмес, жөн гана кадырыма ыйлайм да. Айылда кимдир бирөө келин алса, же кыз узатса биринчи мага келип жоолук салдырышат. Себеби мендей үй-бүлө күтүп, көп балалуу болушсун деп тилек кылышат.

Баатыр энелерди сыйлоо аземи, 14-май, 2015-жыл
Баатыр энелерди сыйлоо аземи, 14-май, 2015-жыл

Балдарынын энесине “Баатыр эне” наамын алып берет элем деп Журабек Кулмирзаев эми Бишкекке аттанганы турат. Ал жергиликтүү бийликтен күдөрүн үзүп, президенттик аппараттын сыйлык берүү катчылыгына түз кайрылуу ниети бар:

- Айыл өкмөткө башында документ тапшырып жатканда соцадис бизден акча сураган. Бирок мен "кызым, азырынча бере албайм, качан ушул энеңдин ишин бүтүрсөң канча сурасаң да берем" дегем. Бул жерде кептин баары акчада окшойт деп ойлоп калдым. Анткени мындан жаш келиндер четтен наам алып жатышат. Акыры булардын карылыгын сыйлаш керек болчу. Облуска барсак "силердин документиңер ката болуп районго жөнөткөнбүз, алар оңдоп бизге жөнөтүш керек болчу" деди. Бирок кайра кайтып келген эмес, райондо биздин документибиз жылбай кала берген. Бул эмне деген башаламандык? Мыйзам барбы же жокпу? Бири бирине түртүп коюп отура беришет экен. Мен эми Бишкекке барып, керектүү жерге чейин арызданайын деп жатам. Биздин айылдан эле менин кемпирим сыяктуу 5-6 аял ала албай чуркап жүрөт.

Баатыр энелер президенттин кабыл алуусунда
Баатыр энелер президенттин кабыл алуусунда

"Баатыр эне" наамы менен “Баатыр эне” орденинин статусу жөнүндө мыйзамга ылайык, жети же андан көп балдары бар жана аларды бапестеп багып, тарбиялаган энелер сыйланышат. Ал эми балдарынын бири оор кылмыштар менен соттолгон учурда наам берилбейт. Ошондой эле “Баатыр эне” ордени менен сыйлоодо жаш курагы каралбайт.

Бирок 81 жашты таяган, ушул эле айылдын тургуну Самара эне азыркыга чейин СССР паспортунун айынан “Баатыр эне” орденин албай келген. Эки жыл мурда жаңы паспортко ээ болуп, бирок аты туура эмес жазылгандыктан анын да документи өтпөй калган. Тогуз баланын энеси эки жылдан бери өз орденин күтүүдө.

- Мен карылыкка байланып, документ иштерин жакшы түшүнбөйм. Бирок мурун кызыл СССР паспорту менен наам берилбейт деп койгонунан албай койгом. Кийинчерээк паспортумду жаңыласам атымды туура эмес жазып коюшуптур. Аны кайрадан жаңылап тапшырып койгом, бирок андан бери дайын жок. Кызым барып сураган экен, келе элек деп коюптур. Ушинтип канча ичер суум калды билбей, карыганда Баатыр эне болом деп турам.

"Баатыр эне" ордени
"Баатыр эне" ордени

Айылдардан “Баатыр эне” орденин алуу боюнча кайрылган жарандардын документтери айыл өкмөттөрдө чогулуп, алар текшерилген соң райондук бийликке жөнөтүлөт. Андан кийин облустук бийлик карап чыгып, президенттин карамагындагы мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо бөлүмүнө жиберет.

Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Нурия Дыйканбаева "Баатыр эне" наамын ыйгарууну негиздей турган документтерди кабыл алуу эрежеси өзгөргөнүн айтат. Ага ылайык ката толтурулган документтер кайра кайтарылып жатат:

- Мурда балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрүн аныктаган нотариустун билдирмеси 70 жылга чейин жарактуу болчу. Азыр аны өзгөртүп, бир жылга чейин гана жарактуу кылып койду. Мындан сырткары энелердин паспорттогу аты менен балдардын күбөлүктөрүндөгү аттары дал келиши керек. Көп маселе ошол жерден чыгып жатат. Аны бизге кайтарганда документ ээлери өздөрү кайра алып барып оңдоттуруш керек болот. Бирок кээ бирлери эринип, ошол бойдон таштап коюп жатат. Биз документтерди топтогон соң балдарынын соттолбогондугун текшерүү үчүн Ошко билдирме жөнөтөбүз. Быйыл тапшырган документтерге кийинки жылы алышат. Бул жерде түшүнбөстүк көп болуп жатат. Былтыр 100дөн ашык эненин документин облуска тапшырсак, алардын 39у ката болуп кайтып келди. Аларды оңдоп, кайра толуктап койдук, эми август айында сунуш болсо жөнөтөбүз. Жогорудагы энелердин документтери да туура эмес толтурулгандыктан өткөн эмес.

Район боюнча 1200гө чукул көп балалуу эне болсо, быйыл алардын катары 200 жаңы наам алган энелер менен толукталды. Жыл сайын президенттин жарлыгы менен жети баладан көп төрөгөн энелерге “Баатыр эне” ордени тапшырылып турат. Аларга медициналык жактан жеңилдиктер жана ай сайын миң сомдон пенсия каралган.

Орденге жетпеген энелер
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00

XS
SM
MD
LG