Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Мораторий маалындагы мамлекеттик сыйлык


Сыйлык тапшыруу аземи, 20-январь
Сыйлык тапшыруу аземи, 20-январь

Президент Алмазбек Атамбаев 20-январда ар кыл тармактарга эмгек сиңирген жүз элүүгө чукул инсанга мамлекеттик сыйлык тапшырды. Акыркы жылдарда коомчулукта мамлекеттик сыйлыктардын барк-баасы кеткени айтылып, тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталган.

Кыргызстанда 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин бир учурда эки жүздөй жаранга мамлекеттик сыйлык тапшырылып, массалык маалымат каражаттарында мындай марттык өлкө казынасына олуттуу зыян келтирери кызуу талкууга түшкөн.

Коомдук пикирден улам 2011-жылы мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү чечими кабыл алынып, мамлекеттик сыйлыктарга мораторий жарыяланган болчу. Бирок бул мыйзам долбоору кабыл алына элек, ага жараша мораторий алынгандыгы тууралуу дагы расмий маалымат жок.

Ошентсе да бул аралыкта президент эки ирет узун тизмедеги кишилерге мамлекеттик сыйлык тапшырды. Буга чейин сыйлык 2013-жылы “Иштерман” жылына карата ыйгарылган.

Бул жолу президент Алмазбек Атамбаев өзү башкарып турган төрт жылда мамлекеттик сыйлыктардын аз берилишин мыйзам долбоорунун кабыл алынбай жатканы жана Эл артисти, Эл жазуучусу деген элдик наамдардын барк-баасынын кетип калганы менен түшүндүрдү:

- Мамлекеттик сыйлык боюнча мыйзам киргизилген. Аныбыз тилекке каршы, эски парламентте ары-бери тебилип жатып кабыл алынбай калды. Эми аны ушу жаңы парламент кабыл алып берет деп ишенип турабыз. Анткени эски мыйзамдын ичинде да коррупциялык элементтер аралашып кеткен. Таң каласың! Мамлекет ушуга чейин коррупцияга малынып калган.

Акын Шайлообек Дүйшеевге, Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашевага, коомдук ишмер Жыпар Жекшеевге мамлекеттик сыйлык ыйгарылды.
Акын Шайлообек Дүйшеевге, Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашевага, коомдук ишмер Жыпар Жекшеевге мамлекеттик сыйлык ыйгарылды.

Анткен менен сыйлыкка үмүт арткандар күдөр үзүп калганда минтип кайрадан сыйлангандардын узун тизмесинин пайда болушун айрым жарандар мораторийдин алынышы катары сыпаттап жатышат. Алардын бири журналист - Азимжан Ибраимов:

- Расмий түрдө мораторий алынып салынды деген эч кандай документ болгон жок. Бирок президенттин өзү сыйлык бере баштаганы мораторий алынды деген жакшы жөрөлгө болсо керек.

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы, азыр Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранованын айтымында, президент мамлекеттик сыйлыктарды кандайдыр бир чектөөлөргө карабай өзү каалаган учурда берүү укугу бар:

- Азыр дагы карайбыз мыйзамды. Билесиңер да, өткөндө мыйзам өтпөй калды. Өтпөгөнүнүн себеби персоналдык пенсия деген бар да. “Эки сыйлык алгандан кийин персоналдык пенсия берилет”, - деген жерин Каржы министрлиги алып салгыла деп талап кылган. Себеби Соцфонддун маалыматы боюнча үч миң киши персоналдык пенсия алат экен. Ага өлкө казынасынан 280 миллион сом кетет экен.

Асел Кодуранова мындан сырткары аталган жаңы мыйзам кабыл алынып калса, мамлекеттик сыйлыктар ирилештирилип, иретке келтирилерин айтты.

Акыркы жолу президент мамлекеттик сыйлык ыйгарган узун тизмеде акын Шайлообек Дүйшеев, Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашева II даражадагы, велоспортчу Евгений Ваккер, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, өкмөттүн Ош облусу боюнча мурдагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору Улукмырза Полотов, Улуттук электр станцияла" ишканасынын башкы директору Медетбек Айткулов III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланышты. Жазуучу Элүүбай Отунчиевге Эл жазуучусу сыйлыгы ыйгарылды. “Эрдик”, “Даңк” медалдарын алгандардын арасында белгилүү маданият ишмерлери да бар.

Анткен менен коомдук ишмер Жыпар Жекшеев сыйлык алгандар арасында өз эмгеги менен баар тапкан карапайым каармандар көп экенин белгиледи:

- Мына бул жерде мурда таанымал эмес, катардагы карапайым кишилер жүрөт. Булар кай жерде жүрсө да өзүнүн жумушун жакшы билгендер экен. Арасында дыйкан чарба ээлери, жаратмандар бар. Качкын президенттерибиздин тушунда сыйлыктарды анын артынан чуркагандар алышар эле. Бул жерде эч кандай сыйлык менен иши жок, жөн гана өз кызматын так аткарып жүргөндөр ээ болушкан экен.

Мамлекеттик сыйлыктарды ээлерине президент 20-январда мамлекеттик резиденцияда жоон топ журналисттердин катышуусунда тапшырды.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG