Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Президент спортчуларды сыйлады


Президент Алмазбек Атамбаев Азия чемпионаттарынын, Универсиада жана Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүн кабыл алды.

19-июлда президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жакында өткөн эл аралык спорт мелдештеринин жеңүүчүлөрүн кабыл алды.

- Силер өзүңөрдүн мисалыңарда чыныгы ийгиликке күжүрмөн эмгектин арты менен жетишүү мүмкүн экенин далилдедиңер. Баарыбыз “Алма быш – оозума түш” дегенден кутулсак. Ар бирибиз сиздерге окшоп аракет кылсак, мээнет кылсак. Ар бир жараныбыз маңдай тери менен үй-бүлөсүн, өзүн бакканды үйрөнсө. Сиздердей болуп, ак эмгеги менен Мекенинин атын дүйнөгө таанытса,- деди президент.

​Куттуктоо сөзүнөн кийин Алмазбек Атамбаев спортчулардын бардыгына президенттик саат берип, биринчи орун алгандарга 150 миң сом, күмүш байгелерге 100 миң сом жана коло байге уткандарга 70 миң сом акчалай сыйлык ыйгарды.

Ошондой эле президент Атамбаев спортчулардын ийгилигине машыктыруучулар да чоң салым кошкондугун айтып, алардын мээнетин дагы баалоо керектигин кошумчалады.

Кыргыз спортунун тарыхында бокс боюнча Азия чемпионатында алтын медал уткан Азат Үсөналиев - Иорданияда өткөн таймаш курч мүнөздө өткөнүн, күзүндө Алматыда өтө турган дүйнө чемпионатына даярданып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

​Казандагы универсиада оюндарында бел кур күрөшү боюнча 2 алтын байге уткан балбандын бири Нурбек Кожобеков машыгууга шарт жоктугун белгилеп, "бул ийгиликтерден кийин өкмөт көз кырын салса", - дейт.

Бир айдын аралыгында эркин күрөштөн Азия чемпионатында алтын, Казандагы универсиада оюндарында коло байге уткан Айсулуу Тыныбекова дале табында экенин эми август, сентябрда дүйнө чемпионаттарында өлкө намысын коргой турганын билдирди.

​Түштүк Кореянын Инчон шаарында өткөн жабык имараттардагы Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло байге утуп келген.

Кыргыз спорт тарыхында кикбоксчу Алексей Федосеев жабык имараттардагы Азия оюндарынын алгачкы чемпиону аталды.

Кикбоксинг боюнча коло байге уткан Кумар Жалиев жыл өткөн сайын Азияда атаандаштык курчуп баратканын, бул ирет Азия оюндарынын деңгээли жогору болгонун белгиледи.

Жакында эле Иорданияда өткөн бокс боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында кыргыз жигиттери 1 алтын, 3 коло байге уткан. Азат Үсөналиев Азия чемпиону аталса, Эрмек Сакенов, Өмүрбек Малабеков жана Сергей Паренко коло байгелүү болгон.

​Июнда Тайландда өткөн грек-рим жана эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында 1 алтын, 3 күмүш жана 3 коло байге уткан. Кыздардан Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиону болсо, грек-рим күрөшүнөн Камбар Жоробеков, Самат Шырдаков, Бекболсун Асаналиев күмүш, Фарзанда Надиров коло медал тагынды. Эркин күрөштөн Азим Ивахов менен Урмат Газибеков үчүнчү орунду ээлеген.

Жакында эле Бишкекте өткөн оор атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия биринчилигинде бишкектик Алексей Долголев чемпион аталган.


​Казанда өткөн Универсиада оюндарында Кыргызстандын курамасы бардыгы болуп 12 медал алган. Алардан 2 алтын, 2 күмүш, 8и коло байге болуп саналат.

Таймаштын алгачкы күндөрүндө бел боо күрөшүнүн эркин ыкмасы боюнча Нурбек Аканов жана Нурбек Кожобеков алтын медалга ээ болгон. Спорттун ушул эле түрү боюнча күмүш медалды Нагира Сарбашова ээлеген. Ал эми коло медалга Канимет Барпыбеков, Бекболсун Кушубаков жана Бурул Алыкулова татыган. Бел кур күрөшүнүн классикалык ыкмасында Нуржан Рыскул уулу, Дуулатбек Сапарбек уулу жана Кадыр Келсинбеков коло медалды утуп алган.

​Эркин күрөш боюнча Самат Надырбек уулу күмүш, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова коло байге ээси болгон.

Акыркы 12-коло медалды самбо спорт чебери Артур Тё багындырган.

162 мамлекеттен Кыргызстандан барган курама 26-орунду ээледи. Универсиадада спорттун 12 түрү боюнча 98 кыргыз спортчулары ат салышкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG