Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 13:13

Бишкектин чордонундагы Кыргызстандын Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо иштеринин жарым-жартылайын жергиликтүү өкмөт өзү жасамай болду.

Кыргызстандын Мамлекеттик тарых музейин кайра оңдоп чыгуу (реконструкциялоо) милдетин мурдараак өзүнө толук алган Түркиянын Кызматташтык жана өнүгүү боюнча агенттиги (ТИКА, TİKA) музей имаратынын сыртын, маңдайкы бетин гана жасап бермей болду.

Кыргыз өкмөтү менен Түрк өкмөтүнүн макулдашуусу аркылуу долбоорду ишке ашырып жаткан ТИКА уюму эми расмий Бишкек менен ушундайча келишти. Мындай өзгөрүүнү ТИКА оңдоо иштеринин тыгыз жадыбалы боюнча кыргыз тарап менен макулдаша албай калгандыгы менен түшүндүрдү.

Көз карандысыз серепчилер болсо бул соңку өзгөрүүнү кыргыз-түрк алакаларынын акыркы кездери салкындап калышынан көрүп жатышат.

Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштеринин долбоордук сүрөтү.
Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштеринин долбоордук сүрөтү.

Кыргызстан менен Түркиянын расмий жетекчилигинин макулдашуусуна ылайык, Борбор Азиядагы уникалдуу музейлердин бири саналган Кыргыз Мамлекеттик тарых музейин кайра оңдоо иштерин ТИКА былтыр баштаган.

Бул долбоорго Түркия өкмөтү аталган уюм аркылуу 15 миллион доллардай каражат коротмок. Бирок иш жүзүндө оңдоп-түзөө иштери кечеңдеп, убаданы аткарууга белгиленген мөөнөт өтүп баратат. Мындай жагдай оңдоп-түзөө милдетин алган уюм баштапкы макулдашууну өзгөрткөнү менен түшүндүрүлүп жатат.

Муну ТИКАдан "Азаттык" үналгысына ырасташты жана өзгөрүүлөрдүн себебин агенттик кыргыз тарап менен иш жадыбалы боюнча макулдаша албай койгондугу менен түшүндүрүштү.

​- Түрк тарабы кыргыз органдары менен иш графиги боюнча макулдашууга жетише албагандыктан, кыргыз тарабы кыска убакытта ички ремонт иштерин өзү бутүрүүгө чечим чыгарды.

Сүйлөшүүгө ылайык, азыркы учурда түрк тарабы өзу жооптуу болгон иштерди алып барып жатат, - деп айтылат ТИКАнын билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, кыргыз тарап музейдин ремонт иштерин чукул арада бүтүрүү шартын койгон. Буга техникалык-процедуралык жагдайлар туура келбегендиктен улам, түркиялык тарап иш өлчөмүн өзгөртүү сунушу менен жооп кылган.

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министринин статс-катчысы Бакытбек Секимбаев дагы бул маалыматты ырастап, бирок бул чечимдер ремонттун сапатына жана мөөнөтүнө терс таасирин тийгизбейт деп ишендирүүдө. Бирок оңдолгон музейди ишке берүү мөөнөтү кийинкиге жылып калышы ыктымалдыгын айтты:

- Башында ошондой деп кол коюлса, тарых музейи боюнча заказ берген Мамлекеттик курулуш жана архитектура комитети да, алар долбоорлор көп болуп толук ремонт кыла албайбыз деп өкмөткө кабар берген экен. Азыр Кыргыз Республикасынын күчү менен ремонттолуп жатат. Мурда түрктөр курганда деле алардын долбоору биздин мыйзамдар боюнча адаптациядан өтүшү керек болчу. Мөөнөтү кичине жылып калышы мүмкүн, бирок азыр деле тездетилген темп менен иштеп жатышат.

Мындан сырткары, түрк өкмөтү Кызматташтык жана өнүгүү агенттиги (ТИКА) аркылуу Бишкекке жаңы технологиялар менен жабдылган заманбап медициналык клиника куруу тууралуу кыргыз өкмөтү иенен макулдашкан.

Ошондой эле Түркия Кыргызстанда көп эл бата турган эң чоң мечиттин курулушун каржылоодо. Ага сарпталган акчанын болжолдуу көлөмү 30 миллион доллар экени айтылган. 2017-жылдын жазында ачылат делген жамы мечиттин курулуш иштери дале бүтө элек. Ал эми музей быйыл августта бүтөт деп мерчемделген болчу.

- Качан ачыла турганы белгисиз. Түрк туугандар өздөрү каржылап жаткандан кийин өздөрү билет экен да. Жумуш али көп.

ТИКА мындай солгундуктун саясатка байланышы жок деп билдирди. Ошентсе да, айрым серепчилер ири долбоорлордун пландалган мөөнөттөн кечеңдеши эки өлкөнүн президенттеринин солгундаган алакасы менен байланыштырып жатышат. Алаканын начарлашынын бир мисалы катары Түрк тилдүү мамлекеттердин былтыр ноябрда Бишкекте өтөрү белгиленген саммитинин белгисиз мөөнөткө жылдырылышын эскергендер да жок эмес.

Буга чейине түрк саясат таануучусу Хакан Гүнеш "Азаттык" үналгысына курган маегинде эки президенттин саясий көз караштары бири-бирине төп келбей жатканы "эки тараптуу алаканын начарлашына себепкер болууда" деген пикирин айткан болчу. Буга серепчилер кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Орусия учагы менен байланыштуу орус-түрк кризисинде түрк президенти Режеп Тайип Эрдоганды колдоого албай, В.Путин тарабын туткандыгы, "Себат" билим берүү мекемелерин жабуу сунушу боюнча расмий Анкарага эгемен мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө зарылдыгы камтылган терс жооп узаткандыгы сыяктуу окуяларды мисал келтирип жатышат.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов президент Алмазбек Атамбаевдин айрым айткан сөздөрүнүн кесепети эл аралык мамилелерге да тийип жатат деген пикирде.

- Жалпы коңшу мамлекеттер менен, Орусия асылгандарды көрүп жатасыздар. Экономика жактан "РусГидро" менен дагы... Акыркы маалыматтар боюнча, Кытай кызматташууну токтотту. АКШ менен Европаны айтпай эле коёюн. Өзүнүн жеке мүнөзүнө жарашыктуу, бирок улуттук кызыкчылыкка каршы келген тышкы саясатты жаш баланын оюнуна айланткандарынын кесепетин көрүп жатабыз.

Президент Алмазбек Атамбаев 24-июлдагы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйынында кыргыз-түрк мамилеси, Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемеси боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берген. Өз сөзүндө Түркиянын таарынычы Кыргызстандын “Себат” билим берүү мекемесин жаппай койгону менен байланыштуу экенин билдирген болчу.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Абдывахап Нурбаев мамлекет башчынын айткандарын кубаттады:

- "Жардам берип жатат" деп эле алар биздин ички ишке киришсе, унчукпай турбаш керек. Сөзсүз айтышы керек. Болгонун болгондой айтты. Жардам бербей эле койсун, ички ишке, эгемендүүлүккө алардын таасири тийбеши керек.

Ал эми кыргыз-түрк президенттеринин "таарынычы" ишкер чөйрөгө да таасирин тийгизип жатканын Жаш ишкерлер ассоциациясынын координатору Руслан Акматбек мындайча белгиледи:

- Өнүккөн өлкөлөрдө же ийгиликтүү деп саналган өлкөлөрдө саясатчылар ортосунда келишпестик, түшүнбөстүктөр болсо экономикалык, маданий жактан мамиле улана берет. Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиледе, тилекке каршы, ушундай болгон жок. Түркия кайсы бир маселеде өзүнүкүн таңуулады, Кыргызстан, албетте, аны кабыл албайт. Түркия күткөнүн ала албай калгандан кийин долбоорлорун токтотуп, бара-бара бизнеске дагы таасирин тийгизди. Биз жылда жок дегенде эки жолу кыргыз-түрк форумун өткөрчү элек. Бир канча жылдан бери бул форумду өткөрө элекпиз. Кыргызстандан Түркияга же тескерисинче тармактык ар кандай багытта иш алып барган ишкерлер тез-тез келип турчу. Азыр ал кан буугандай токтоп калды. Бирок биз Түркиядан сырткары дагы иш кылуунун, соода кылуунун жана инвестиция тартуунун атаандаш (альтернативдүү) жолдорун издей баштадык. Чын эле бүгункү кундө экономика тармагында эки өлкөнүн мамилеси начарлап кетти. Эки өлкө тең күтүү режиминде туруп алды. Кандай болорун да эч ким айта албай жатат.

Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алакаларды түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет.

Ушул тапта президенттик бийликти өзгөчө чыңдап, авторитардык ыкмаларга көбүрөөк оой баштаган расмий Анкараны түркиялык демократиялык коомчулуктун өзү кескин сынга алууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG