Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Атамбаев: "Себатты" жаптырбайбыз


Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны. 24-июль, 2017-жыл
Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны. 24-июль, 2017-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан басма сөз жыйынында кыргыз-түрк мамилеси, Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемеси боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди. Өз сөзүндө Түркиянын таарынычы Кыргызстандын “Себат” билим берүү мекемесин жаппай койгону менен байланыштуу экенин билдирди. Аталган мекеме мыкты билим берип жатканын, андыктан ал жабылбай турганын, мамлекет анын 35 пайызын өзүнө алып, “Сапат” деп өзгөрткөнүн белгиледи:

- Түркиянын элчиси Кыргызстанда 3500 адам Гүленге иштеп жүрөт деп “Сапаттын” мугалимдерин айтты окшойт. Андай туура эмес, - деген Атамбаевге Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак Жалиловдун АКШда жашаган түркиялык диний аалым Фетхулла Гүленге жолукканы боюнча соболдор да берилип, президент Чубак Жалилов "расмий кызматты ээлебеген адам каалаганы менен кезигет" деген жооп кайтарды.

Буга чейин Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхулла Гүлен менен АКШда кезигип, анын дарстарына катышканын маалымдаган. Интернеттеги алардын чогуу түшкөн сүрөтү катуу талкууга түшкөн. Түркия тарап экс-муфтийдин Гүлен менен жолукканына тынчсыздануу билдирген.

Түркия бийлиги былтыр 15-июлда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине Фетхулла Гүленди жана анын жолун жолдоочуларды айыптаган. Түркияда "гүленчи" деген шылтоо менен он миңдеген кишилер кызматтан айдалган, көбү абакта кармалууда.

Расмий Анкара Гүленди жалпы жонунан 2000 жылга абакка кесүүнү сунуштаган. Бирок АКШ Гүленге каршы дооматтарга далил жок деген негизде аны Түркияга өткөрүп берген эмес. Гүлен өзүнө коюлган доолорду негизсиз деп четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик атайлап уюштурган деген оюн айткан. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG