Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Суу кодексине каршы петиция президентке тапшырылат


Кумтөр алтын кени Ак-Шыйрак тоо массивинде жайгашкан. Бул аймакта жалпы аянты 436 чарчы чакырымга жеткен 165 мөңгү жатат.
Кумтөр алтын кени Ак-Шыйрак тоо массивинде жайгашкан. Бул аймакта жалпы аянты 436 чарчы чакырымга жеткен 165 мөңгү жатат.

Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Суу кодексин өзгөртүү жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы петиция "Мөңгүлөрдү сактоо боюнча жарандык демилге" кыймылы тарабынан уюштурулуп, ага эки миңден ашуун киши кол койгон. Бул петиция бүгүн Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматындагы акыркы иш күнүндө тапшырылмакчы. Бул тууралуу аталган кыймылдын демилгечилеринин бири, жарандык активист Рита Карасартова "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Эртең инаугурация болуп, жаңы президент ишке киришет. Ошондуктан биз бүгүн өзүбүздүн "Суу кодексин өзгөртүү жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы петицияны президент Алмазбек Атамбаевге тапшырып, жетишип калалы деп жатабыз.

16-ноябрда Жогорку Кеңеш "Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун 3-окууда карап, кабыл алып, президенттин кароосуна жиберген.

20-ноябрда президенттик кызматтагы соңку маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаев Кыргызстан "Центерра" менен кызматташтыгын улантып, андан дивиденд алышы керектигин, бирок мөңгүлөргө байланыштуу мыйзам боюнча чечимди бир нече күндө кабыл аларын айткан.

Мыйзам долбоорунда Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан кен казууга уруксат берүү тууралуу сунуш бар. Эгер документ ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыгып, мыйзам долбооруна өзгөртүү кирсе, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизээрин айтып, аны четке кагууну талап кылып чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG