Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:28

Жээнбеков жемкордукту жеңе алабы?


Президент Сооронбай Жээнбеков бардык бийлик бутактарындагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылды.

Буга чейин талдоочулар коррупцияга каршы күрөш солгундап, ал бийликтеги коррупционерлерди эмес, саясий атаандаштарды бутка чабуунун шылтоосуна айланып кеткенин айтып жүрүшкөн.

Саясат талдоочулар жаңы президент шайлоодо берген убадаларын аткарып, өзүн көргөзүш үчүн коррупция менен чындап күрөш жүргүзүшү бийликтеги тазалануу үчүн маанилүү экенин белгилешти.

Жаңы президенттин жаңы тапшырмасы

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өзүнө баш ийген тиешелүү мамлекеттик кызматтардын жетекчилери менен жолугуп, аларга коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана башкы прокурор Индира Жолдубаева.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана башкы прокурор Индира Жолдубаева.

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-декабрь күнү баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо багытында жасалган иш-чаралар тууралуу анын маалыматын укту. Президент айрыкча укук коргоо, сот органдарындагы жана күч түзүмдөрүндөгү коррупциялык иштер боюнча коомчулукта чоң нааразылык бар экенин эске салган.

Андан бир күн мурун мамлекет башчысы УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, экстремизмге, диний радикализмге жана мамлекеттик бийликтеги коррупцияга каршы күрөшкө артыкчылык берүүнү талап кылды. Ошол эле күнү президент Башкы штабдын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевди чакырып, күч түзүмдөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү тизгиндөө маселесин көтөрдү.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясаты бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева президенттин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча тапшырмасына мындайча токтолду:

- Президент мамлекеттик бийлик органдарындагы, сот органдарындагы жана күч түзүмдөрүнүн өзүндөгү коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жана андай илдеттерден тез арада арылуу маселесин дагы бир жолу көтөрүп, ага өзгөчө басым жасап жатат. Сооронбай Жээнбеков ар бир жолугушуусунда буга чейин иштеген президент Алмазбек Атамбаевдин ишинде дагы коррупцияга каршы күрөш негизги, орчундуу орунда болгонун айтып, ал күрөш улантыла турганын баса белгилеп жатат. Ал эми коррупцияга каршы күрөштүн жаңы программалык чараларын бул боюнча тапшырма алган жетекчилер жакын арада өздөрү билдиришет.

Тарыхый мүмкүнчүлүк

Анткен менен айрым саясатчылар жана жарандык активисттер экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү саясаты менен азыркы жаңы президенттин аракетинде айырмачылык болушу керек деп эсептешет. Анткени, алардын айтымында, мурда бийликтин өзүндөгү коррупцияга байланыштуу жүздөгөн кылмыш иштери козголуп, бирок алардын аягы барып соттордон бүтүп кеткен сыяктуу "жасалма күрөш" коомчулукту канааттандырбайт.

Ошол эле учурда жарандык активисттер Алмазбек Атамбаевдин тушунда коррупция менен күрөш анын саясий атаандаштарына гана каршы багытталган учурларды мисал келтиришти.

Жарандык активист Адиль Турдугулов жаңы президентте жеке өзүнүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн коррупция менен күрөшүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Атамбаевдин жеке бийлигин чыңдаган эки башкы орган УКМК менен Башкы прокуратура болгон. Алар Атамбаевдин саясий атаандаштарынын оозун басып алсыратып беришти. УКМК менен Башкы прокуратура саясий куугунтук жүргүзүүнүн башкы куралы болуп келгенине баарыбыз эле күбө болдук. Азыркы учурдагы эң башкы маселе - мына ошол куралдарды жаңы президент Сооронбай Жээнбеков эми кантип жана кандай максаттарга колдонот? Ал азыр президенттик мөөнөтүн жаңы гана баштап жаткандыктан, анын айыгышкан саясий каршылаштары деле жок. Ошондуктан ал кимдир бирөөнүн оозун жабуу максатында УКМК менен Башкы прокуратураны жеке саясий кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга негиз жок. Демек, президент Сооронбай Жээнбековдо ал "куралдарды" чыныгы коррупционерлерге каршы багыттоого жакшы бир мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле азыркы президенттин коррупция менен чечкиндүү күрөш жүргүзүп, өзүн калктын таламын талашкан, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон адилеттүү жана акыйкат жол башчы катары көрсөтүүгө тарыхый мүмкүнчүлүк келип турат. Ал мындай тарыхый мүмкүнчүлүктөн кандайча пайдалана алат, аны эми иш жүзүндө көрөбүз.

Президенттик шайлоо өнөктүгүндө Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш маселеси анын саясий программасынын негизги өзөгүн түзөрүн жарыялаган. Ушундан улам теледебат учурунда Сооронбай Жээнбеков анын колунда өлкөдөгү ири коррупциялык иштерге катышы бар деп саналган 25 чоң аткаминердин жана саясатчынын тизмеси бар экенин ачык билдирген.

Коррупцияга күрөш эмнеден башталууга тийиш?

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана мурдагы вице-премьер-министр Алманбет Матубраимов коомчулук учурда президент Сооронбай Жээнбековдон чечкиндүү кадамдарды күтүп жатканын белгиледи. Алманбет Матубраимов бул үчүн коррупцияга шарт түзгөн жагдайлардын тамырын кыркыш керек экенин айтты:

Алманбет Матубраимов.
Алманбет Матубраимов.

- Мамлекетте аткаминерлер көбөйүп жатат. Алар көбөйгөн сайын коррупция күч алууда. Алар болсо элди кысып, митедей соруп, ошол эле кезде мамлекеттин акчасын тоноп жатышат. Ошондуктан биз коррупциянын өсүшүнө түрткү берип жаткан мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтсак, ошончолук жоопкерчилигин жогорулата алабыз. Экинчиден, мамлекеттик жооптуу кызматтагы жетекчилердин, министрлердин жана депутаттардын декларацияларында көрсөтүлгөн киреше-чыгашалары бири-бирине дал келбейт. Өздөрү болсо ал кызматтарга келип алып кайра "айлык аз" дешет. Анан эле кымбат баалуу көлүктөрдү айдап, катар-катар хан сарайларды салып жатышат. Мына ошолорду талдап чыгып, алардын бирин бири калкалаган байланыштарын ачыкка чыгарганда эле жогорку бийлик эшелонундагы коррупцияны жойсо болот.

"Transparency International" эл аралык уюмунун 2017-жылдын башындагы отчету боюнча, Кыргызстан дүйнөдөгү эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кирип, тиешелүү рейтингде 176 мамлекеттин арасынан 136-орунда турганы көрсөтүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG