Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:39

Бүгүн бийликти өткөрүп алып, кызматына расмий киришкен жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков инаугурация учурунда коррупцияга каршы күрөш, демократия тууралуу маселелерге кайрылды. Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды жетектеген жылдары коррупция менен аёосуз күрөш жүргүзүлүп, коом тазаланды:

- Эртеби-кечпи “уурунун орду - түрмө” деп, эл арасында бийликке чон ишеним жаралды. Байыртан ата-бабаларыбыз эл башкарып, журт башына көтөрүлгөн уулдарына “бир адамды башкарсаң да, өзүңдө миң адамдык тазалыкты алып жүр” деп айтышкан. “Жетекчи болом” дегендер өзү таза болсун! “Ыймандуу бийде – тууган жок! Туугандуу бийде – ыйман жок!” деген ата-бабаларыбыздын сөзүн эсибизден чыгарбайлы! Демократиянын эки досу бар, биринчиси эркиндик, экинчиси – жоопкерчилик. Мен президент катары бийликтин баардык бутактарына эн катуу талаптарды коем, - деген Жээнбеков аткаминерлердин арасындагы коррупция менен күрөшүү эң приоритеттүү багытым болот деп кошумчалады.

Мурдагы премьер-министр, бийликтеги Социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков 15-октябрдагы президенттик шайлоодо 54,22% добуш менен жеңип чыккан.

Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашты. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG