Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:49

"Райым миллиондун" ордун шакирти бастыбы?


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Премьер-министр Сапар Исаков 28-ноябрда Нурлан Ражабалиевди Райымбек Матраимовдун ордуна Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары кылып дайындады.

Ражабалиев былтыртан бери Ош бажысын жетектеп келген.

Өкмөт башчы өткөн жумада Матраимовду "иши саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт" деген негиз менен иштен кетирген.

Коомчулукта "Раим миллион" деген каймана ат менен таанымал, артынан уу-дуу кеп ээрчиткен Матраимовдун ордуна анын кадры катары айтылып жүргөн Ражабалиевдин дайындалышы сын-пикирлерге, коррупция боюнча дооматтарга жем таштады.

Нурлан Ражабалиев
Нурлан Ражабалиев

Нурлан Ражабалиев бажы тармагында 2009-жылдан бери иштейт. Ош бажысынын ар кандай бөлүмдөрдө, борборлорунда инспектор болуп алты жылдан ашуун иштеген. Кызматынан 2015-жылдан бери гана көтөрүлө баштаган жана Ош бажысынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Бир жылдан кийин эле Ош бажысын жетектеген.

42 жаштагы Ражабалиев футбол боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону, улуттук курама команданын мүчөсү болгон жана убагында Индиянын футбол боюнча жогорку лигасында ойноп жүргөнү тууралуу маалыматтар бар.

Бул макала жазылып жаткан убакта аттары аталган адамдар менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок "Азаттык" алардын пикирине да орун берүүгө даяр экенин эскерте кетмекчибиз.

Бажыдагы аткезчиликтин "атасы" беле?

Премьер-министр Сапар Исаков жана анын аппараты Нурлан Ражабалиевдин кызматтан жогорулашына байланыштуу түшүндүрмө бере элек.

Талдоочу Эркин Абдразаков.
Талдоочу Эркин Абдразаков.

Оштогу талдоочу Эркин Абдразаковдун пикиринде, Кыргызстанда таасирлүү тааныш-билиши жок бажы тармагына кирүү жана жети-сегиз жылда жөнөкөй инспектордон Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына чейинки даражага жетүү мүмкүн эмес:

- Бул жигиттин тажрыйбасы канчалык экенин билбейм. Бирок ал Райымбек Матраимов тарбиялап кеткен эле кадр. Ошону эле кайра алып барып коюп жатышат. Таасирдүү деле эч нерсе кылган эмес. Оштогу бажыны Бишкектен туруп башкарып келишкен. Булар жер-жерлердеги эле өздөрүнүн ишенимдүү адамдары. Мурунку президент "коррупция менен күрөшөм" дегени менен кеткиче эч нерсе кылган жок. Бажы тармагында реформа болушуна көзүм жетпейт. Бул тармакка сырттан башка кишилерди киргизбейт. Жогорку даражадагы таасирлүү адамдардын гана кадрлары кызматка кирет. Ражабалиев түштүк регионунда белгилүү адам эмес. Ал көбүнчө футбол менен жүргөн жана аны Матраимов кызматка алып келген. Анын ошол жакка барып калганы гана өкүндүрөт. Мен деле эми мындан ары түзүгүрөөк иш болот деп күткөм. Премьер-министрдин Матраимовдун ордуна кайра эле анын адамын коюп койгону мени да таң калтырып жатат.

Кыргызстанда бажы тармагындагы паракорчулук боюнча талкууну казак-кыргыз чек арасындагы соңку жагдай козгоду.

Расмий Астана Кыргызстан менен чек арасындагы текшерүүнүн күчөтүлүшүн Кыргызстандагы аткезчилик менен түшүндүргөн.

Казак премьери Бакытжан Сагинтаев ноябрь айынын башында чек араны ачуунун беш шартын КМШ өкмөт башчыларынын Ташкенттеги жыйынынын кеңейтилген отурумунда сүйлөгөн сөзүндө белгилеген.

- Биринчиси - Кыргызстандын мамлекеттик мыйзамдарын ЕАЭБдин салыкты администрациялоо боюнча эрежелерине ылайыкташтыруу. Экинчиси - мыйзамсыз экспортко, анын ичинде контрафакт өндүрүмгө бөгөт коюу. Үчүнчүсү - кыргыз тараптын товарларга ЕАЭБдин талаптарын сакташ үчүн ветеринардык-санитардык, фитосанитардык көзөмөлдү такай жана натыйжалуу жүргүзүшү. Төртүнчүсү - Кыргызстан экономикалык союзга мүчө болгон өлкөлөрдүн транспорт мыйзамдарынын бузулушуна жол бербей, алдын алуусу. Бешинчиси - аткезчиликке, кыргыз-казак чек арасынан баңгизаттардын, куралдын, ок-дарынын жана башкалардын мыйзамсыз өтүшүнө жол берилбеши.

Бул билдирүүдөн кийин Бишкекте айрым жарандык активисттер жемкорлукту иликтөөнү талап кылып чыгышкан жана атайын топ түзүлгөн.

Топтун мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова Матраимовдун кызматтан алынышын бажыдагы аткезчилик боюнча дооматтар менен байланыштырды, бирок анын жоопко тартылбай калганын сынга алды:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Матраимовдун кызматтан кеткени аткезчилик боюнча дооматка байланыштуу. Ал Казакстандын премьер-министри айткан маалыматтан келип чыкты. Бирок бул илгертен эле белгилүү маалымат болчу. Бирок анын кызматтан алынышы аткезчилик менен күрөшүүдөгү жетиштүү чара эмес. Жөн эле кызматтан алып койбой, айтылган фактылардын баары текшерилиши керек эле. Бул киши жоопкерчиликке тартылышы керек болчу. Аткезчиликке жалаң эле бажы кызматкерлери эмес, жогорку жактан да аралашкан адамдар бар болушу мүмкүн.

Кыргызстандын Коррупцияга каршы күрөш боюнча ишкерлер кеңешинин төрайымы Нурипа Муканованын пикиринде, өкмөт бажыдагы калыптанып калган коррупциялык схемаларды жойбой жатат:

- Бажы - бюджетти толтуруучу тармак. Коррупция боюнча дооматтын эки негизги бөлүгү бар. Биринчиси - Кытайдан келген товарлардын баасы, өлчөмү боюнча Кытай менен Кыргызстандын Бажы кызматы берип жаткан статистика бири-биринен өтө айырмаланат. Экинчиси - аткезчилик. Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы "Кыргызстан аткезчиликтин өлкөсү болуп калды" деп айтпадыбы. Аткезчилик канчалык көп болсо бюджетке ошончолук акча түшпөйт. Орто жолдон кимдер байыды? Маселен, ошол эле Райымбек Матраимовдор былтыр эң бай деген адамдардын тизмесине кирбедиби. Бажыда коррупция маселеси аябай чоң. Схемалар иштеп жатат. Ошол схемаларды тазалоону өздөрүнө бербей, сырттан көзөмөл болушу керек эле.

Раимбек Матраимов.
Раимбек Матраимов.

Артынан бир топ уу-дуу кеп ээрчиткен Райымбек Матраимов өткөн аптада кызматтан алынган. Премьер-министрдин буйругунда "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдын" 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык иштен алынганы жазылган. Бул беренеде “Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн: анын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда” деп жазылып турат.

Райымбек Матраимов тууралуу Жогорку Кенеште да көп сөз болуп келген. Президенттик шайлоо маалында ошол кездеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Матраимовду "Ошто шайлоого аралашып жатат" деп айыптаган жана аталган фракция дегеле бажыдагы коррупцияны иликтей турганын эскерткен:

- Биринчи эскертүү Райымбек Матраимовго. Анын иши боюнча сөз көп. Ал чектен чыгып кетти. Эмне, бажыда баары кыйрап атабы? Бажы төлөмдөрү ашып, бюджетке акча батпай жатабы? Бажыдагы коррупция жоюлуп калдыбы? Ал бажыда коррупциянын апасы да, атасы да экенин элдин баары айтып жатат. Бажы боюнча биз өзүнчө иш жүргүзөбүз.

Былтыр ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулаймановго бюджеттин кирише бөлүгүн аткара албай калганы үчүн сөгүш берген. Быйыл жыл башында Бажы кызматынын жетекчилери баш болгон 200дөн ашуун бажы кызматкери эмгек өргүүсүнө чыкканы, көбү жаңы жылды чет мамлекетте тосуп келгени маалым болгон жана бул бажычыларга байланыштуу дооматты күчөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG