Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Активисттер бажыдагы жемкорлукту иликтейт


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Кыргызстанда жарандык коом өкүлдөрү бажы системасындагы коррупцияны тыюу жана бул органдардагы маалыматты ачыкка чыгаруу максатында жумушчу тобун түздү. Мындай чечим 31-октябрда Бишкекте өткөн жыйында кабыл алынды.

Демилгени бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар жана жарандык активисттер уюштурган жыйында Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова көтөргөн.

Сооронкулова жумушчу топ бажы кызматкерлеринин декларациясын текшерүүнү, коомдук угууларды өткөрүүнү максат кылып жатканын жана бул ишке парламент депутаттарын да тартууга аракет кылышарын айтты.

- Эң негизгиси жакынкы эки-үч күндө биз Жогорку Кеңешке кайрылып, парламенттик комиссия түзүлүүсүн талап кылабыз. Комиссияга жалаң гана депутаттар эмес, коомчулуктун өкүлдөрү да кирип, чогуу иштөөгө шарт түзүлүшү керек.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Салык кызматынын мурдагы төрагасы, азыркы депутат Исхак Масалиев парламентте атайын комиссия түзүлгөн күндө деле ал бажы тармагын иликтеп, бир жыйынтык чыгарып жиберерине көзү жетпесин айтат. Себеби азыркы парламентте эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү ишкерлик менен алектенгендиктен, айрым кызыкчылыктар комиссиянын ишине тоскоолдук жаратышы мүмкүн:

- Бажыдагы коррупцияны депутаттар ача алат деп көп үмүттөнбөш керек. Себеби депутаттардын бир тобу ишкерлер, демек, жүк ташып шугулданган жакын туугандары болушу мүмкүн. Эми бул жерде мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуш болушу керек. Бирок, бул узак кадамды талап кылат жана депутаттар андайга барбайт. Менин оюмча бул бажычыларды барып коркутуп, үркүткөн комиссия болуп калат. Андай менен меселе чечилбейт жана мындай комиссияны кереги да жок.

Кыргызстандык эксперт Нурлан Садыковдун оюнча, бажы системасын бийликтин саясый эркисиз реформалоо мүмкүн эмес.

- Эсиңерде болсо 2010-жылы Бажы кызматына Кубанычбек Кулматов келгенде бажыдагы киреше 2 млрд сомго чейин өскөн. Бул сандар дагы бир жолу бажыдагы реформа бийликтин саясый эркине байланыштуу экенин көрсөткөн. Азыр дагы бийлик башчылардын саясий чечими боло турган болсо бажыдан түшкөн акча кескин көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок саясий эрк азыркы бийликте байкалбай жатпайбы, демек бажы тармагында жылыш болбойт.

25-октябрдагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Еревандагы жыйынында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүү статистикасы кескин айырмаланарын, кыргыз тарап бажы көрсөткүчтөрүн азайтып көрсөтөрүн билдирип чыккан. Аткезчилик товарлардын айынан ЕАЭБ миллиард доллар экономикалык зыян тартып жатканын айтып, кыргыз-казак чек арасындагы текшерүүнүн күчөтүлүшүн да ушуга негиздеген. Активисттер да бажы тармагындагы коррупцияны иликтөөнү аталган маалыматтардан кийин көтөрө баштаган.

Бажы кызматынын маалымат катчысы Жаманак Мүсүрканов Кытай менен Кыргызстандын товар жүгүртүүдөгү айырмачылыктарын эки өлкөнүн аларды эсепке алуудагы усулдарынын эки башка экенинен көрөт:

- Бул жерде эч кандай коррупция жок. Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы бажы системасынын эсептөө методологиясы эки бөлөк болгондон улам сандар башкача болуп чыгууда. Мисалы, Кытай Кыргызстан аркылуу Тажикстан, Өзбекстан, ошол эле Казакстанга транзит аркылуу товарын чыгарганда биринчи кирген өлкөгө экспорттолду деп жазып коюп жатышат. Демек бул өлкөлөрдүн товарлары Кытайдан Кыргызстан аркылуу кетип жаткандыктан бизге экспорттолду болуп жазылууда. Ошонун негизинде Кытайдын экспортунун саны көп болуп көрсөтүлүүдө. Ушундай эле маселе Казакстанда дагы бар. Ал жакта дагы “Хоргос” аркылуу киргендерди Казакстанга жазып жатат.

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

Ошто бир канча жылдан бери бажы тармагын жетектеп турган Матраимов тууралуу түрдүү уу-дуу кеп көп.

2008-2012-жылдар аралыгында бул тармактагы статистиканы иликтеген жарандык активист Чынара Айтбаева Бажы кызматында жылдан-жылга маалыматтарды сыр кылып жашыруу тажрыйбасы адатка айланып баратканын айтат:

- 2012-жылы биз Бажы кызматындагы абалды иликтегенде кызматкерлер өздөрү биз менен иштешип, маалыматтарды бөлүшкөн. Азыр болсо биздин суроолордун көпчүлүгүнө маалымат жашыруун болгондуктан бере албайбыз деп жооп беришет. Мындан эки жыл мурун атайын мыйзам кабыл алынган экен, ага ылайык көпчүлүк маалыматтар “жашыруун” болуп калыптыр. Бул маалыматтар бир гана күч органдарына берилет экен. Бул мыйзамды жокко чыгарып, парламенттик көзөмөлдү күчөтүп, бардык бажы маалыматтарын ачыкка чыгармайынча коомчулуктун жана башка өлкөлөрдүн ишенимине кире албайбыз.

Кыргыз өкмөтү да 28-октябрда Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин Ереванда өткөн Евразия экономикалык биримдигиндеги билдирүүсүнө расмий жооп кайтарган. Анда 2015-жылы Кыргызстанга Кытайдан келген импорттун көлөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 22 пайызга чейин төмөндөгөнү белгиленген. Ал эми быйылкы жылдын сегиз айында импорт 3,5 пайызга азайган.

Өкмөт казак премьери Кытай менен Кыргызстан ортосундагы импорт боюнча айткан маалыматтары да туура эместигин белгилеп, бул жааттагы айырмачылыктар анчалык көп эместигин кабарлаган. Буга байланыштуу өкмөт Казакстандын чек арадагы товарлардын агымына жашыруун чектөө коюу Дүйнөлүк соода уюмунун талаптарына туура келбей турганын эскерткен.

Казакстан 10-октябрдан тарта чек арадагы көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстандын транспорт катнашына чектөө киргизген. Учурда жүргүнчүлөр үчүн жол ачылганы менен жүк өткөрүү маселеси чечиле элек.

Тасмада: Бажыдагы миллиондор

Бажыдагы миллиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:30 0:00

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG