Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:20

Еревандагы ЕАЕБ жыйынында Казакстан Кыргызстандын чек араларында аткезчилик болуп жатат деп доомат айтты. Экономикалык биримдиктин ичиндеги пикир келишпестиктин себеби жана бул уюмдун интеграциялык мүмкүнчүлүгү тууралуу Минскиден саясат таануучу Валерий Карбалевич "Азаттык" радиосуна маек курду.

"Азаттык": Валерий мырза, Евразия экономикалык биримдигине кирген коңшу эки өлкөнүн чек арасында кыйын кырдаал түзүлдү. Кыргызстан менен Казакстан бири-биринин дарегине дооматтарды жаадырып жатат. Деги эле бул уюмдун экономикалык интеграциялык потенциалын кандай баалайсыз?

Карбалевич: Бул жерде маселе терең деп ойлойм. Экономикалык, саясий, социалдык системасы жана баалуулуктары окшош мамлекеттер түзгөн интеграциялык бирикме бекем болот. Буга мисал катары Европа Биримдигин алсак, ал жерде интеграция ийгиликтүү ишке ашты. Ал эми дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө арабдарда, Латын Америкасында, Африка өлкөлөрүндө интеграция күткөндөй жыйынтык берген жок.

Евразия экономикалык биримдиги башында эле мүчүлүштүктөр менен түптөлгөн. Анын түпкүрү ар түрдүү өлкөлөр бириккенинде. Маселен Армения, Кыргызстан, Беларус менталитети, цивилизациялык, маданий жактан, экономикалык системасы боюнча бири-бирине такыр окшош эмес өлкөлөр. Алардын ортосундагы соода-сатык, экономикалык байланыш дагы өтө эле солгун болгон.

Бул бирикмени кармаган жалгыз фактор – Орусиянын лоялдуулугу. Башкача айтканда экономикалык бирикме экенине карабай, анда саясий же геосаясий факторлор үстөмдүк кылат. Андыктан саясий себептерден улам интеграция жараяны бир нече этаптарды секирип кетти. Буга бажы союзунун аягына чейин түптөлүп бүтпөгөнү айкын мисал. Андан эркин экономикалык аймакка кирдик, бирок аны аягына чейин курбай, экономикалык бирикмеге секирдик. Бүгүн аны Евразия экономикалык союзу деп атап алдык, иш жүзүндө эч кандай экономикалык бирикме түзүлгөн жок.

Бажы бирикмесинде жалпы саясаты, тарифтери жана башка шарттары бирдей болушу керек. Бирок иш жүзүндө таптакыр андай эмес болуп чыкпадыбы. Мына, карап көрсөңөр, Орусия Европа Биримдигинен, Украинадан азык-түлүк ташууга эмбарго киргизди. Евразия экономикалык биримдигине кирген башка өлкөлөр буга кошулган жок.

Анын натыйжасында биримдиктин ичинде такай пикир келишпестиктер чыгууда. Орусия менен Беларустун чек арасында кармаш болуп жатпайбы. Орусия беларустар аткезчилик жолу менен Европадан тамак-аш ташып жатат деп айыптайт, Минск болсо аны караманча танат. Бул интеграциялык системанын пайдубалы туура эмес түзүлгөндүгүнөн кабар берет. Мына ушундай эле көрүнүш Кыргызстан-Кытай, Кыргызстан - Казакстандын ортосунда болуп жатат.

"Азаттык": Евразиялык экономикалык биримдик өз аймагында бизнес, экономикалык интеграция үчүн жагымдуу шарт түзбөстөн, тескерисинче андагы кубаттуу өлкөлөрдүн саясий куралына айланды деген сын канчалык орундуу?

Карбалевич: Албетте, бул жерде саясий чечим турат. Беларуста туруп Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда саясий конфликт буга чейин эле башталганын билебиз. Казакстандын азыркы экономикалык чечими Кыргызстанды буга чейинки кандайдыр бир “күнөөсү” үчүн жазалоо болуп жатпайбы. Аткезчилик деген шылтоону таап чыгышты. Эмне буга чейин аткезчилик бар экенин билишкен жок беле? Ал буга чейин эле болгону айкын, бирок Казакстан азыр Бишкекти шайлоого байланыштуу кетирген “күнөөсү” үчүн жазалап жатат. Бул экономикалык эмес, саясий чечим экени көрүнүп турат.

"Азаттык": Евразия экономикалык биримдигинин системасы канчалык ачык-айкын жана мүчө мамлекеттер ал системага канчалык ишенет?

ЕАЭБ: өргө тартпаган өнөктөштүк

Санкт-Петербург шаарында уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык биримдигинин алгачкы эки жылдыгынын жыйынтыгын чыгарышты.

Карбалевич: ​Жогоруда мен айткандай, бул бирикме түзүлүп жатканда эле мандемдүү болгон. Ага кирген Кыргызстандан башкасы авторитардык режимдеги өлкөлөр. Классикалык аныктама боюнча авторитардык режимдер эч качан укуктук система түзө албайт. Башкача айтканда ал жерде мыйзам иштебейт, менчикке болгон укукка эч ким кепилдик бербейт, көз карандысыз сот системасы жок.

Биримдикке кирген мүчө мамлекеттердин өздөрүндө укуктук система жок болсо, алардын ортосунда толук кандуу укуктук-мыйзамдык нормалар кантип иштесин? Анткени мамлекеттин ички саясаты аксап турса, кантип тышкы саясаты мыкты болуп кетмек эле. Укуктук алакаларды жөнгө салган механизмдерди көрсөткөн кандайдыр бир мамлекеттер аралык документтерге кол коюлганы менен иш жүзүндө алар иштебейт. Аны бир эле мамлекет эмес, бардык мүчөлөр аткарбайт.

Мына ошол эле Беларус менен Орусиянын ортосундагы документтерди алсак, эки тарап тең аларды бузуп аткарбайт. Башкача айтканда биримдиктин ичинде мыйзамдардын, эрежелердин негизинде эмес, түшүнүктөр аркылуу макулдашуу процесси жүрүп жатат. Андай система ачык-айкын боло албайт, ал жерде көмүскө макулдашуулар, бирөөнүн кызыкчылыгын түртүү сыяктуу иштер жүрө берет. Мындай көйгөйлөр Евразия экономикалык биримдигинин түпкүрүндө жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG