Кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдүн алынышына Казакстан каршы болуп жатканы боюнча маселе 3-майда парламентте көтөрүлдү.
Бул тармак боюнча депутаттарга маалымат берген вице-премьер-министр Олег Панкратов кыргыз өкмөтү ветеринардык жааттагы Евразия экономикалык биримдигинин талаптарын аткарганына карабай Казакстан тоскоолдук кылып жатканын билдирди:
- Былтыр декабрь айындагы аудиттен соң Евразия экономикалык комиссиясы жана үч өлкө биздин система продукцияны сыртка чыгаруу үчүн коопсуздукту камсыз кылууга даяр деген бүтүмгө келген. Жалгыз гана казак тарап бул бүтүмгө макул болбой жатат. Казакстан вето укугун ашкере пайдаланып, бул бүтүмдү ЕЭКтин кеңешинен өткөрбөй жатат деп айтсам болот. Буга карабай мурда көрсөтүлгөн кемчиликтер оңдолуп жатат, 2017-жылдын аягына чейин бардык сунуштамаларды аткарабыз.
Панкратов кошумчалагандай, кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдү алуу маселесин жакын арада Евразия экономикалык биримдигинин аткаруучу органы Евразия экономикалык комиссиясында кыргыз тарап көтөрөт.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирген соң уюм ичиндеги чектеш өлкө Казакстан менен бажы көзөмөлүн алуу маселеси эки жылдан бери уланып келет. Бул жаатта даярдыкты ЕАЭБнын комиссиясы текшерип, кемчиликтерди жоюу боюнча утур-утур эскертүүсүн берип келет.
Анда негизинен Кыргызстандагы ветеринардык лаборатория уюм талабына жооп бербейт деген доомат айтылган эле.
Кыргызстандын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башчысы Калыс Жумакановдун "Азаттыкка" билдиришинче, ветеринардык лабораторияларды оңдоодон өткөрүп, аккредитациялоо да жолго коюлуп жатат:
- Мурунку справкаларда көрсөтүлгөн кемчиликтердин баары жоюлду. Ошондой эле Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуп жаткан учурда атайын "жол картасы" иштелип чыккан. Аталган картада ветеринарияга тиешелүү 23 тапшырма аткарылды, дагы экөө аткарылып жатат. Алардын бирөө лабораторияларды жабдуу. Биз жаатта ЕАЭБнын талабына жооп беребиз.
Жумакановдун айтымында, лабораторияларды биримдик шартында ыңгайлаштырууга Казакстан акчалай көмөк көрсөтүүнү убада кылган. Жардам кечиккени үчүн кыргыз өкмөтү бюджеттеги каражатка лабораторияларды оңдоп-түзөдү.
Быйыл да бюджеттен бул иштерге 175 миллион сом каралып, ага төрт лаборатория куруп, 12 лабораторияны оңдоодон өткөрүү пландалып жатканын Калысбек Жумаканов кошумчалады.
Кыргыз вице-премьеринин айткан сынына казак тараптын жообу белгисиз. Бирок буга чейин Казакстан эпизоотикалык абал "жакшы" деп таанылса жана эт-сүт үчүн сөзсүз экспорттук сертификат болсо, чек арада ветеринардык көзөмөлдү жоюуга барарын айтып келген эле.
Буга байланыштуу кыргыз парламентиндеги айрым депутаттар өкмөттүн мындай дооматын өз кемчилигин башкага оодаруу аракети катары сыпаттап жатышат. Маселен, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров жергиликтүү ветеринардык органдардын даярдыгы чынында эле начар болуп жатканын белгилейт:
- Бир жарым жылдан бери Евразия экономикалык комиссиясынын атайын эксперттери иликтеп жатат. Келгенде эле абал жакшы деп кетет, бирок ветеринардык көзөмөл алынбайт. Мен таанышып көрсөм бизге бир топ талаптар коюлган. Ошолорду толук кандуу аткара албай жатканыбыз бул анык эле нерсе. Ал эми ар бир мамлекет өзүнүн чек арасын, базарын, эпизоотикалык абалын коргойт. Ошондуктан казактар бир жагынан ушундай чарага барып жатат. Экинчи жагынан атаандаштык деген бар. Ага жооп берүү керек.
ЕАЭБ: өнөктөштөр теңсиздикке нааразы
ЕАЭБ: өнөктөштөр теңсиздикке нааразы
Ал эми казакстандык саясат таануучу Расул Жумалинин айтымында, мындай түшүнбөстүктөр Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эле эмес, жалпы ЕАЭБге мүнөздүү көрүнүш:
- Уюм ичинде интеграция, бажылык тоскоолдуктарды жоюу боюнча келишимдерге кол коюлганына карабай Евразия экономикалык биримдигине мүчө беш өлкөдө тең толгон-токой карама-каршылыктар бар. Бул тууралуу жакында өткөн акыркы саммитте Путин, Назарбаев, Лукашенко, Атамбаев да айтышты. Мындай түшүнбөстүктөр жалпы интеграциялык маселелер боюнча да, анан өлкөлөр ортосундагы улуттук экономикалык кызыкчылыктар боюнча да чыгып келет. Дал ушундай эле карама-каршылыктан улам Казакстан да жабыркап келгенин белгилеп коюшум керек. Маселен, казак-орус кызматташтыгында бир топ нерсени жоготуп жатат. Ошондуктан, бул жерде түшүнбөстүк Казакстандын жеке кызыкчылыгы эмес, уюм ичиндеги карама-каршылыктан улам келип чыгып жатат.
Чынында эле ЕАЭБдин ичиндеги карама-каршылыктар боюнча Беларус президенти Александр Лукашенко бир нече жолу көтөрүп чыккан эле.
Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунан тарта кирген. Ал учурда бажы көзөмөлү алынса, былтыр ноябрда фитосанитардык көзөмөл жокко чыгарылган.