Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Талас: дыйкандар лаборатория курууну суранууда


Картошка
Картошка

Талас облусунун дыйкандары жашылча-жемишти текшерүүдөн өткөрүүчү лаборатория курууну облустук бийликтен суранууда. Бул тууралуу 10-марттагы облустук бийликтин эл менен жолугушуусунда айтылды. Дыйкандар картошканы Казакстандын чек арасына өткөрө албай жатканын айтып, ага казак тараптын картошкада курт бар деген жүйөсү себеп болгонуп жатканын билдиришти. Ошондой эле Казакстан картошканы алууда лабораториялык тастыктама кагазын сурап жаткандыктан, облуска лаборатория куруу зарыл экени айтылды.

Таластын фитосанитардык көзөмөл кызматынын жетекчиси Айдарбек Жоробеков азырынча облуска лаборатория куруу үчүн бюджетте каражат каралбаганын билдирип, маселе жогорку бийлик менен чечилиши зарылдыгын кошумчалады.

Мындан башка жолугушууда Таласта өндүрүлгөн кулпунай, кожогаттардын 95 пайызы Тараз шаарынын базарларына тоскоолдуксуз өтүп жатканы маалым болду.(SS)

XS
SM
MD
LG